// //

Тойго келген конверттердин көбү “пустой” экен. Банкрот болдум!

2019.11.01, 10:57
16241

Эмне, төгүлүп-чачылып жатканымдан улам той берди дейсиңерби! Мен деле эл катары кошумчалар менен жабам деп ойлогом. Туй ата, бул жагы эмне болот эми?

Достор менен 5000, кошуналар менен 2000, тууган-урук менен 3000 сомдон ражабыз бар. Же алардын тоюна барганда бербей койсом бир жөн. Бир сомун кем кылбай конвертке салып алып барчумун. Бул эмне кылгандары!

Быйыл үйүмдү бүткөм, уулумду сүнөткө отургузгам. Экөөнү бириктирип той берип, элден бата алып коюну чечтим. Ар кимин бөлүп чакыра бербей, бир кафеге сүйлөштүм. Конокторду тизмектеп чыксам, туура 300 адам болду. Жайлоодон бодо мал алдырттым. Жубайым эки күн базарлап, приздерин, столдун үстүнө коюлчу конфет, мейиздерин алды. Ошентип, белгиленген күн да келди.

Жакшы эле чыгаша болдук. Эгер той бербесек, дагы бир там салганга жетип калмак.

Саат алтыга дегенбиз. Коноктор адаттагыдай кечигип келишти. Айрымдары кошумчанын ордуна көйнөк, калпак көтөрүп алышыптыр. Эми жөн эле койбойбу, анысы кие турганга деле жарабайт. Ачуумду келтиришип, “кошумчаны кийин берип коем”,- деп, пакетин узатышты.

Кафенин ээсине тайкем кошумчаны бергенде берем деп айтамбы.

Тамада сөз берип жатканда, ар кими куттуктап конверт кыстарып жатышкан. Ат-жөнү жазылбаган конверттерди алып жатып кабатыр болгом.

- Туке, аты жокко.

- Эми ким бергенин билесиң да.

- Баары бир жазып кое берсеңчи.

- Доске, эми акчасы болсо болду да. 

Каткырып күлүп кутулуп жатышты. Ачып карайын дедим, бирок элдин көзүнчө тим эле коеюн деп чөнтөккө салып койдум.

Той аягына келди. Колдору бош келген коноктор, эки пакетти, айрымдары үчтү толтуруп алып  чыгып баратышты. Столдун үстү таптаза, өзүбүзгө эч нерсе калган жок. Аялым, “сахарды дагы салып кетишиптир”,- деди.

Үйгө келдик. Балдар дароо төшөктөрүнө кулады. Аялым экөөбүз чыгашаларды эсептеп, конверттерди ача баштадык. Башында акча чыгып жатты, ортолоп калганда “пустой” конверттер көбөйө баштады.

Сыртка он жолу чыгып тамеки тартып келдим. Аялым ачууланып сүйлөнүп жатты.

Кошумчалар тамада менен бийчилердин акчасына араң жетти. Карыз алгам, унаамды күрөөгө койгом. Эми эмне болот? Ушунун баары мага керек беле? Эл көзүнө көрүнөм деп эмне пайда алдым. Келди, ичишти, жешти, кетишти. Тойго кеткен акчаны пайдалуу бир нерсеге жумшасам болот эле го.

Башымды мыкчыган боюнча отуруп калдым.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды, макалага тиешеси жок. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, "муну өлгөнгө да алып барбайт" деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
01.11.2019, 23:43

Соз башынан болсун.менин жанымды жаа тойгозгон кайын энем туралу соз болсун,мен кайын энемдин эн чон кызына уйлонгонумо торт жылдын жузу болду,кызы(келинчегим 20 жашта)келинчегимден кийинки эки уул бир кыз бар,бир уул бир кызы бойго жетип колдорунан иш келип калган,кайын энем куйосу кайын атам эко эки башка жолдо,бирок балдары эки тарапка тен бирдей мамиледе,кайнилерим балдыздарым аталары менен Кыргызстанда,кайын энем Москвада кайын энем кечке ватсапдан кызына(келинчегиме)кечке арманын айтып кыйналганын айтып инилери акча кийим деп жатканын болбогон проблемасын айтып,келинчегимдин маанайын тушурот,келинчегим ал нерселерин менден умут кылгансып мага айта берет,мен колумдан келген жардамды деле берем кайнилериме,ортобузда эки кызыбыз бар,менин деле жарытарлык байлыгым же уйум жок,акыркы кундору уккумда келбей калды,кайын энем биздин жашообузду кызыксыз кылып баратат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт