// //

Күйөөмдү көчөдө колтуктап бассам, кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

2019.09.18, 11:17
29514

Курбуларым бизди “Красавица и чудовище” дешет. А мага баары бир, Жумандын бети кара болгону менен, жүрөгү ак. Сүйүүмдү Кыргызстандын тээ бир булуң-бурчунан тапканыма өкүнбөйм.

Жаңы эле окуумду Лондондон бүтүп келип, белгилүү бир америкалык уюмда иштеп калдым. Айылдарды кыдырып, коомдун аялуу катмарына изилдөө жүргүзүп жаткам. Кезектеги бир кыштакка келдим. Адашып кетип, ат чаап бараткан жигитти токтотуп жол сурадым. Бурк этип “билбейм” деп кетип калды. Тарбиясыз деген бойдон кала бердим. Акыры тосуп алчу кишилерди таптым.

Кеч кирди. Мени бир аялдын үйүнө алып барып жайгаштырышты. Кооросу таза, тыкан чакан үй экен. Кожойкеси, “Чын эле Америкадан келдиңби?” – деп кубанып тосуп алды.

Ата-энемдин Түркияда жашаганына 12 жыл болуп калды. Мен үйдүн кенжесимин. Эки эжем турмушка чыккан. Кыргызстанга иштейм деген ниетимди эч кимиси колдогон эмес, бирок каршы чыгышкан жок.

Жумуштарды эртерээк бүтүрүп, айыл кооздугун көрүп келейин деп сейилдөөгө чыктым. Бир топ жерди сүрөткө тартканга жетиштим. Таза аба, жашыл чөп, тоолор кандай гана керемет.

Аркаман бирөө келатканын байкабапмын. Аттын бышкырганынан чочуп кетип, бакырып жер кучактап жатып калдым. Ат үстүндөгү жигит коркуп кетти окшойт, секирип түшө калып, “чоң кыз баары жакшыбы”,- деп булганган кийимдеримди күүп кирди. Карасам, баягы жол сураганда бурк эткен жигит экен. Бир саамга тиктешип турдук, боорубуз эзилгенче күлүп кирдик.

Атына учкаштырып алып, тиги эженин үйүнө жеткирип койду. Боорукер, камкор жигит экенин дароо байкадым. Сыйкырдуу бир күч ага тартып жатты.

Аты Жуман экен. Окуусун бүткөндөн кийин, айылга келип карыган ата-энесинин жанында жүрүптүр. Тилекке каршы, алар жакында эле каза болуп калыптыр.  

Эртеси шаарга кайта турган болдум. Эмнегедир Жуманды көргүм келди. Кийимдеримди даярдап, сыртка чыксам Жуман турат. Сүйүнүп кеттим. Жаныма акырын басып келип, “кетип жатасыңбы?”-деди. Баш ийкедим. Номеримди бердим.

Эки жылдай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Айылдык жигитке ашык болуп калаарым үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Кычыраган кышта турмушка чыктым.

Өкүнбөйм. Мына, чогуу түтүн буулатканыбызга 10 жылдын жүзү болуп калды. Эки баланын ата-энесибиз. Ушул убакка чейин Жуман мага бир да жолу катуу сүйлөп, көңүлүмдү ооруткан жок.  Ий, баса, кичинекей шаарчада турабыз. Мен ошол жактагы университетке мугалим болуп кирип алгам.

Жумуштан чыксам, Жигулиси менен тосуп алат. Балдарды бала бакчадан чогуу алып кетебиз. Үйгө барып тамактанып, анан сейилдөөгө чыгабыз.

Жуманды көчөдө колтуктап бассам, айыл тургундары аркаман шыбырашат. “Жашыңар өтүп деле калды, жөн эле жүрсөңөрчү”,- деп бетибизге айткандары да бар. Кызык, бирөөнүн жашоосу менен иштери эмне десең. А бизге баары бир. Бактылуубуз.

“Эл эмне дейт?” деген нерсеге убакыт коротпойбуз. Баары өзүбүздөн көз каранды. Жуман экөөбүз күн сайын жакын болгонго аракет кылабыз. Балдар уктагандан кийин көпкө чейин сүйлөшүп отурабыз. Себепсиз өөп, кучактап, ыраазычылык билдирип коюу биз үчүн кыйын эмес. Бир жакка барсак кол кармашып басабыз. Бул нерселер бизди дагы да болсо жакындатат.

Билесиңерби, сүйүү балалуу болгондо, чачты ак басып, бетке бырыш түшкөндө же белди ашыкча май каптап, чөнтөк жукарганда кетпейт. Сүйүү кайдыгерликтен улам жоголот. Дүйнөдөгү эң жарды адам – жакынына сүйөөрүн күн сайын тастыктай албаган адам.

Кырккабы, элүүгөбү же жетимишке чыгабызбы, биз үчүн айырмасы жок, колтукташып баса беребиз. Анда да сүйүүсүн качырып алган бечаралар аркабыздан сүйлөй беришет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Алина
18.09.2019, 12:00

Азаматсыз бактылуу болунуздар! Мен дагы бактылуумун жолдошумду жанымдан артык кором?

0
Пайдалуу жооп
18.09.2019, 14:20

Негизи кыргыздарда ан сезим кризиси бар, материалдык жактан камсыз болсо эле дердеңдеп секирип, семирген койго окшоп калышат

0
Пайдалуу жооп
с
сагын
18.09.2019, 15:50

Азаматсынар,тен арып,тен карыгыла. Силер менен 100 пайыз макулмун.

0
Пайдалуу жооп
18.09.2019, 16:46

Туура

0
Пайдалуу жооп
18.09.2019, 17:52

Тура Кудай кошконду Адам ажратпасын дейт . Бактылуу болгула

0
Пайдалуу жооп
Э
Эрмек
20.09.2019, 12:26

Эхх кана ушундай суйуу келсе мага,хотя я достаточно красив если что

0
Пайдалуу жооп
М
Мунарбек
20.09.2019, 12:58

Негизи бул жашоодо татыктуу жашап отуу керек омур кыска эл эмне дейт деп жашоо туура эмес деп ойлойм мисалы мен учун элдин ою жашоомдо роль ойнобойт

0
Пайдалуу жооп
Э
Элиза
22.09.2019, 11:59

Соонун! Бакыттын чойчогу боксорбосун! 

0
Пайдалуу жооп
А
Айдарбек Кайкиев
07.10.2019, 13:49

Ммм даа

0
Пайдалуу жооп
Г
Гулкайыр
07.10.2019, 17:13

Бактылуу болгула,ит үрө берет, кербен жүрө берет.Менда жолдошумду колтуктап алсам туугандар кулуп,шылдындашчу экен.Мага азыр айтып калышат,ал бетте өкүнүп.

0
Пайдалуу жооп
12.10.2019, 10:05

Мен да кубанычтамын...эл дей берет .Бутылку бол.

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жика
14.10.2019, 21:55

Эх, баардык адамдар биз арнаган тунук сезимдерибизди тушунушсочу?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
26.10.2019, 22:32

Мен коментари и бергим келди

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
28.10.2019, 12:27

Сый урмат бар жерде,  ар дайым  суйуу дагы болот.

 

0
Пайдалуу жооп
С
Сабира Ибраева
16.11.2019, 16:45

Суйууну, уй булону биринчи орунга койгон акылдуу жан экенсин, ушул бакытынды кудайым кут кылсын

 

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жанка
17.11.2019, 12:04

Даа мен да бир адамды жакшы көрөм ал да айылдан үйдүн кичүүсү айылга жашайбыз деп айтат ал нерсеге макулмун өзүм чет өлкөдө окубасамда жогорку окуу жайында окуйм жана жакшы жерде иштейм. Сиздердей бактылуу болушубузга тилектешмин.

 

0
Пайдалуу жооп
Н
Назгул
27.11.2019, 06:27

Биз дагы бири бирибизди каттуу суйобуз жолдошум козумду карап турат анын эмнеси бар экен биз деле кырк жаштан оттук

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт