// //

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

2019.10.07, 09:51
53536

- Атасы кайда иштейт?

- Айдоочу.

- Ммм. Энесичи?

- Санитарка.

- Башка кыз жок бекен?

- Апа, дагы баштадыңызбы?

- Ооба, баштадым. Атаңдын кандай кызматта ортураарын билесиң. Эл караган бетибизди жер каратканы турасыңбы? Уул болбой, сени! Турчу ары!

- Апа! Мен баары бир Назгүлгө үйлөнөм.

- Эй, бала, токто! Бекзат дейм.

Уулум акыры Назгүлүнө үйлөндү. Кызды алып кетели деп айылына бардык. Кепедей үй экен. Шар үйлөп кооздоп коюшканын кантейин. Жерге дасторкон жайышыптыр. Араң отурдум. Уф, бутум уюп кетти. Дагы жакшы, курбуларымды алган эмесмин. Шерменде болмок экем.

- Ай келин, кирди колуңа жуубай, машинага салбайсыңбы! Кашемир жемпирди өлтүрбөдүңбү!

- Апа аны күйгүзгөндү билбей койдум.

- Үйүңдө жок болсо билбейсиң да!

Мен муну менен токтоп калган жокмун.

- Ай келин, үйдү чаң ыскытып, шыпыргы менен тазаладыңбы?

- Апа...

- Чаң соргуч деген бар. Күйгүздүң го!

Тамакты да жөн ичпедим.

- Бул эмне?

- Беш бармак?

- Мен балык кууру дебедим беле?

- Муну ким жейт?

Бир да жолу каяша айткан жок. Көзү жашылданып баштаганда бурулуп басып кетчүмүн. Билишимче балама да эч нерсе дечү эмес. Бирок, арыктап, чүнчүп баратты.

- Апа, мен бөлүнөм.

- Эмне дейт?

- Назгүлдү эч эле кабыл албай койдуңуз. Ал бат-бат ооручу болду. Мен аны алып жатканда, атасына жакшы карайм дегем. Сөзүмө турушум керек. 

- Тигиниң бөлүнөлү дедиби?

- Назгүл сиз жөнүндө бир да жаман сөз айткан эмес.

Уулум ошентип бөлүнүп кетти. Үйүнө канча ирет чакырды. Барган жокмун. Өзү төрт балам бар. Кызымды турмушка узаткам. Эки уулум да үйлөнгөн. Баары өзүнчө турушат. Бекзат эң кичүүсү болчу. Ал да кетти.

Бир күнү жолдошум экөөбүз коноктон келе жатып жол кырсыгына учурадык. Оор абалда бейтапканага түштүк. Жолдошум комада. Менин эки бутум сыныптыр. Ошондо гана байлык жаап койгон көзүм ачылды.

Шорпосун көтөрүп алып уулум, келиним Назгүл ата-энеси менен дароо жетип келишти. Берки кудагыйларым чалып эле коюшту. Улуу балдарым келгени менен келиндерим жок. Жалгыз кызым келип акыбалыбызды сураганга  жарабады. Курбуларымды айтпай эле коеюн.

Мени үйгө чыгарышты. Баса албайм. Күйөөм жаңы эле комадан чыккан, дале бейтапканада.

Берки эки уулум аялдары менен келип, “Мама, билесиз, жумуш көп, сизди караганга убакыт жок, сиделка сүйлөшүп койдук” дегенде, Бекзатым, “Мен өзүм карайм”,-деди

Назгүлүм таң эрте ойгонот. Дарымды берип, кийимдеримди алмаштырат, жуунтат. Кудаларым (Назгүлдүн ата-энеси) айылдан алма, сүт, эт берип жиберишет. Чалып, “биздин үйгө келип эс алып кетиңиз, абасы таза”,- деп улам-улам чакырышат. 

Күйөөмдү үйгө чыгарышты. Бутум кыймылдай баштады. Келиним жетелеп, ары-бери бастырат. Кечинде чогуу отуруп тамактанабыз. Көрсө, байлык жөнөкөй адамдык мамиленин жанында эч нерсеге татыбай калат экен. Менин көзүм эми ачылды. Мен өз жазамды алдым.

Карапайым, жупуну кийинген адамдарды теңиме алчу эмесмин. Бирок, өз туугандарымдан, таппаган жылуулукту ошолордон таптым. 

- Апа, жүрүңүз, чай даяр болуп калды. Атам азыр түшөм дейт. Келиңиз мага жөлөнүп алыңыз.

- Бекзат келдиби?

- Ооба, колун жууп жатат.

- Назгүл.

- Ооу, апа.

- Мени кечирип койчу.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Айдарбек Кайкиев
07.10.2019, 13:55

Жизнь бумеранг

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт