// //

Баланы сексуалдык зордук-зомбулуктан кантип коргоо керек?

2024.06.11, 15:09
390

Балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук жасоо - коомдогу эң жашыруун көйгөйлөрдүн бири. Көйгөйгө көңүл бурбоо, андан жабыр тарткандар үчүн кесепеттерин жок кылбайт. Бул материалда ата-энелер үчүн адистердин сунуштарын таба аласыз.

Наталья Ивахник, психотерапевт, гештальт-терапевт жана сексолог:

- Балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук - бул чоңдор же баладан улуурак өспүрүм баланы сексуалдык стимулдаштыруу үчүн колдонгон зордук-зомбулуктун бир түрү.

Сексуалдык зордук-зомбулук физикалык байланышсыз же кирүүсүз болушу мүмкүн. Бала менен физикалык байланыш болбосо да, ал зордук-зомбулук болуп эсептелет.

Сексуалдык зордук-зомбулук ар кандай куракта жана баланын жынысына карабастан жасалат.

Балага карата жасалган сексуалдык зордук-зомбулуктун түрлөрү:

  • Бала бул жөнүндө сүйлөшкүсү келбей, ар кандай жол менен сүйлөшүүгө каршылык көрсөткөнүнө карабай секс жөнүндө сөз кылуу;
  • Баланы сексуалдык активдүүлүккө тартуу, чакыруу же мажбурлоо (натыйжасына карабастан);
  • Бала менен порно көрүү. Балдар порнографиясын чыгаруу үчүн баланы колдонуу;
  • Эксгибиционизм – өзүнүн жыныстык каалоолорун канааттандыруу, баланы коркутуу же жыныстык катнашка түртүү максатында жылаңач денени же жыныстык органдарды көрсөтүү;
  • Баладан башка адамдын жыныстык органына тийүүнү сурануу. Эгерде улуусу кичүү бала менен анын жыныстык органдарын текшерип, колун тийгизип жатып "Дарыгер" оюнун ойносо, бул да сексуалдык зомбулук болуп саналат.
  • Жыныстык органдардын сүрөттөрүн жөнөтүү. Же коркутуп, шантаж кылып, баланы жыныстык органынын сүрөтүн жиберүүгө мажбурлоо;
  • Мажбурлап кучакташуу, транспортто жыныс органдарын кармалоо.

Баланын зордук-зомбулукка кабылганын кантип билсе болот жана эмне кылуу керек?

  • Эгерде баланын жүрүм-туруму заматта жана эч кандай себепсиз өзгөрсө, түнт, тынчы жок, агрессивдүү, ачуулуу, сырдуу болуп, аз сүйлөп, кол тийгизүүдөн качса, үй-бүлөлүк иш-чараларга катышкысы келбей, өзүнчө бөлүнүп, каршылык көрсөтсө, бала бакчага, мектепке, спорт менен машыгууга, сейилдөөгө барууга каршылык көрсөтсө ж.б.
  • Күтүлбөгөн жерден боорукер баланын мүнөзү башкарылгыс болуп өзгөрүшү мүмкүн.
  • Энурез, уйку жана тамактануунун бузулушу байкалып, кыйкырып, ыйлап, кээ бир жерлерге жана адамдарга мүнөздүү эмес реакцияларды көрсөтсө.
  • Бала ага карата зордук-зомбулук көрсөткөн туугандарынын же үй-бүлөнүн досторунун үйүнө барууга болгон күчү менен каршылык көрсөтөт.

Бул балага бир нерсе болгонун көрсөткөн биринчи коңгуроо.

Эмне кылуу керек жана эмне кылбоо керек

Ата-эненин милдети бала менен ишенимдүү байланыш түзүү, андан ары - Эмне, Кайда, Качан, Ким менен жана Кантип болгонун тактоо. Эч качан эмне үчүн деп сурабаш керек, анткени бул күнөө жана уят сезимине алып келиши мүмкүн.

Балада буга чейин эле ушундай сезимдер пайда болушу мүмкүн, анын айынан балдар көпкө чейин үн катпай калышы мүмкүн жана эмне болгонун айтышпайт. Болгон окуя үчүн баланы күнөөлөбөй, ал туура эмес кылды дебей, баланын көзүнчө капа болбой, толук маалымат жок болсо ар нерсени ойдон чыгара бербеш керек. Балага чоң адам экениңерди, баарын чече турганыңарды айткыла.

Бала зордук-зомбулукка кабылган учурда ата-энесине кайрылуусу үчүн ортодо ачык жана ишенимдүү мамиле болушу керек экенин белгилей кетүү маанилүү. Бала канча жашта болбосун ата-энеси аны түшүнүп, жардам берерин билип, сезиши керек. Баланын башына келе турган кыйынчылыктардын эң жакшысы алдын алуу - бул ата-энелер же алардын жашоосундагы башка чоңдор менен ишенимдүү мамиледе болуусу.

Ата-эне баласын сексуалдык зордук-зомбулуктан кантип коргой алат

Зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында иштелип чыккан ич кийим эрежелерин ар бир бала билиши керек. Ал эрежеге ылайык, денесинин ич кийим менен жабылган жерлерине эч ким тийбеши жана карабашы керек. Бир гана өзгөчөлүгү дарыгерлер тарабынан медициналык текшерүү болушу мүмкүн. Ошондой эле, бала сыяктуу, сиз дагы башка адамдардын ич кийими жабылган жерлерди көрбөшүңүз же тийбешиңиз керек.

Биз балага ич кийимдин эрежелерин түшүндүрүү менен интимдик маселелер ата-энелер менен талкууланышы мүмкүн жана талкууланышы керек деген ишенимди арттырабыз. Ал эми балага бир нерсе болсо, ыдык көрсөтүү болуп калса, анда ал кимге барып айтаарын, алар аны угуп, түшүнүп, кабыл алаарын билет. Мамилелер ачык болуп калат.

Ата-энелер үчүн баланын ишенимин сактап калуу, соттобоо, баркын түшүрбөө жана "ойдон чыгардың", же "андай болушу мүмкүн эмес" деп айтпоо маанилүү. Дал ушундай мамилелер баланын ата-энесине болгон ишенимин жоготот.

Бала жакшы жана жаман кол тийгизүү бар экенин түшүнүшү керек. Анын денеси өзүнө гана таандык экенин дагы. Балага анын макулдугусуз эч кимдин тийишүүгө акысы жок экенин үйрөтүү керек. Ал адамдардын, жадакалса жакшы көргөн адамдарынын дагы кучактап, өбүшүнөн баш тартууга укуктуу. Ал эми ата-эне кучакташуудан баш тартуу, жактырбоо менен бирдей эмес экенин түшүндүрүшү керек.

Балага, анын бирөөлөргө тийүүгө тыюу салынган интимдик жерлери бар экенин түшүндүрүү керек. Эгер кимдир бирөө балага анын эркине каршы тийип же өпкөнгө аракет кылса, ал "Тийбе!", "Ата-энеме айтам!" деп айтып же кыйкырып жардамга чакыра алышы керек. Буга чоңдордун эркек баланын жыныстык мүчөсүнө колун тийгизип, анан ошол колун мурдуларына коюп, тамаша иретинде чүчкүрүү салты да кирет. Мындай аракеттер баланын жыныстык кол тийбестигин бузат.

Ата-эне баласын башка адамдардын, жадакалса эң жакындарынын кол тийгизүүсүнөн жана өбүшүнөн жаралган ыңгайсыздыкка чыдап жүрө берүүгө үйрөтпөшү керек. Дал ушул үй-бүлө чөйрөсүндө балдар чек койгонду үйрөнөт. Керексиз тийүүдөн баш тартуу физикалык чектерди бекемдейт. Ал эми ата-эненин милдети – балдарын күнөө сезимин сезбестен, уялбастан, жок деп айтууга үйрөтүү.

Ошондой эле балага сактабашы керек болгон сырлар бар экенин түшүндүрүү зарыл. Аны ыңгайсыздыкка, жагымсыз сезимдерге, тынчсызданууга алып келген сырларды биринчи кезекте ата-энесине жана өзү ишенген чоңдорго айтышы керек экенин билиши шарт.

Кооптуу жагдайлар жана алардан кантип сактануу керек

  • Балдар бейтааныш адамдардын унаасына түшпөөнү, ата-энесине билдирбей туруп бирөөнүн үйүнө барууга болгон чакырууга макул болбош керектигин билиши керек зарыл.
  • Бала ага ким белек, татууларды, жалгыз убакыт өткөрүүнү сунуштап жатканын, компьютердик оюнга акча төлөп бергенин ж.б.у.с. Дароо айтканды билиши керек.
  • Чоң балдар менен болгон мамилеге көңүл буруу. Балдардын ортосунда болуп жаткан бардык нерсе ата-эненин жоопкерчилигинде жана коргоосунда жатат.
  • Башка туугандар жана үйгө келген адамдар менен болгон мамилеге этият болуу. Статистикалык маалыматтарга караганда, балдардын көбү үй-бүлөсүнө жакын болгон адамдардан жабыр тартышат.

Сексуалдык зордук-зомбулукка туш болгон адамга кантип жардам берүү керек

Мунун баары зордук-зомбулук жасалган адамдын абалынан көз каранды. Эгерде эмоционалдык бузулуулар, физикалык травмалар, уйкусуздук, тамактануунун бузулушу жана башка психосоматикалык симптомдор болсо, бул медициналык жардамга жана балдар психологуна кайрылууга негиз болуп саналат.

Болгон окуяга көз жумуп, бой жеткен сайын өтүп кетет, бала чоңоюп, унутулуп калат деп үмүттөнбөш керек. Тилекке каршы, мындай травмалар өзүн-өзү сыйлоого, дүйнөгө болгон ишенимге, окуудагы жетишкендиктерге таасир тийгизип, депрессияга, көз карандылыкка жана ал тургай өзүн-өзү өлтүрүү ойлоруна алып келиши мүмкүн.

Ал эми өзүнчө пункт катары кошумчалай кетсем, кылмышкер өзүнүн иш-аракеттери үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылышы керек.

Болгон окуяны коомчулукка жарыялоодон уялгандар көп. Тилекке каршы, бул зордук-зомбулукка туш болгон адамдын уялуу жана акылга сыйбаган күнөөлүү болуу сезимин күчөтүшү мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт