// //

Бала тарбиялоодогу сексуалдык билим берүүнүн маанилүүлүгү

2024.03.26, 13:13
1037

"Биздин балдар жана биз" ата-энелер үчүн жыйнактын авторлору белгилегендей, сексуалдык тарбия балага тарбия берүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат. Балаңыздын физикалык жактан гана дени сак эмес, келечекте бактылуу үй-бүлө курууда мамилени туура түзө алуусун кааласаңыз, бул суроолорго дагы тийиштүү көңүл буруу керек. Себеби, балдарды жана өспүрүмдөрдү руханий-адептик жактан жана репродуктивдүү ден соолук маселелеринде тарбиялоодо, сексуалдык жана социалдык иденттүүлүккө болгон көз караштарды калыптандырууда негизги ролду үй-бүлө, ата-энелер ойнойт.

Психолог Рената Мамбетова сексуалдык билим берүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.

Сапаттуу сексуалдык билим берүү, бир нече маанилүү көйгөйлөрдү чечет. Биринчи кезекте, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын психикалык жана физикалык ден соолугун сактоого жардам берет.

"Бул пайдалуу жөндөмдөрдүн, билимдердин жана баалуулуктардын жыйындысы, ошондой эле жашоонун сапатын жакшыртып, кооптуу чечимдерден коргонууга мүмкүндүк берген иммунитеттин бир түрү: мисалы, пландаштырылбаган кош бойлуулуктан, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан, денени кабыл албай кармаган катаал диеталардан жана башкалардан", - дейт Мамбетова.

Психолог сексуалдык билим берүү маселесин түшүнүү, бой жетип келе жаткан балдардын өздөрү үчүн да, балдарынын бакубаттуулугун ойлогон ата-энелер үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Деги эле бул жалпы коом үчүн абдан маанилүү. "Жыныстык жана репродуктивдүү ден соолуктун ар кандай суроолорун изилдөө өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал жакта инсандар аралык мамилелердин эң маанилүү маселелери (башка адамга кам көрүү менен бирге өзүн сыйлоо, макулдук принциби, "жок" деп айта билүү жөндөмү ж.б) камтылган" – деп түшүндүрдү Рената Мамбетова.

Сексуалдык билим берүүнүн негизги аспектилери

"Эгерде сапаттуу сексуалдык билим берүү жөнүндө кеп кыла турган болсок, анда баса белгилей турчу маанилүү принциптер бар: бул жаш куракка ылайыктуу болгон илимий фактыларга негизделген маалыматтар", - дейт адис.

Мамбетова белгилегендей, сексуалдык билим берүү өзүнө бир нече маанилүү темаларды камтыйт. Алардын ичинде анатомия бар, ал көбүнчө сексуалдык билим берүүгө кириш болуп саналат. Бул жерде дененин түзүлүшү, анын ар түрдүүлүгү тууралуу айтылат. Анын негизинде бардыгыбыз ар түрдүү экенибиз норма катары көрсөтүлөт (көптөгөн суроолорго жооп табылат жана сырткы келбетке байланыштуу комплекстердин пайда болуу коркунучун азайтат). Жыныстык жетилүүгө байланыштуу суроолор дагы козголот. Балдар физикалык жана эмоционалдык өзгөрүүлөрдүн кандай болорун билгенде, алар менструацияга жана түнкү поллюцияга даяр болуп калышат, кийин убагы келгенде коркпостон, тынч реакция кылышат.

Адис кош бойлуулук жана контрацепция процессин изилдөөгө дагы (кош бойлуулук кандайча пайда болот жана өнүгөт, коопсуз секс практикасы) көңүл бурула турганын белгиледи. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, анын ичинде ВИЧ жөнүндө көп маалымат болот. Балдар мындай ден соолук көйгөйлөрүнөн кантип сактануу керектигин түшүнүп, белгилерди ажырата билип, бир нерсе болсо, үй шартында эмес, дарыгерлерге кайрылуунун маанилүүлүгүн үйрөнө башташат.

Презервативдер коопсуз жыныстык катнашты практикалоонун эң эффективдүү жолу экенин (дайыма) айтуу маанилүү.

"Жалпысынан мындай иш-аракеттердин натыйжасында уятты "жеңүү" мүмкүн болсо (уят менен достошсо), анда балдар адистерге ачык кайрылып жана зарыл болгон учурда алардан жардам алууга даяр болушат", - деди Мамбетова.

Психологдун айтымында, сексуалдык билим берүүнүн дагы бир темасы - инсандар аралык мамилелер, макулдук принциби жана башка коммуникация маселелери.

Өзүңүздүн денеңде ишенимдүү жашоо

"Биздин чоңоебуз токтобойт. Эмоционалдык, физикалык, руханий калыптануубуз өмүр бою уланат. Баланын бойго жетүүсү - чоңойуунун дагы бир этабы, анын негизинде жашоодо акырындык менен өз ордун табат, мамилелер үчүн (анын ичинде сексуалдык ) өзгөчө орун пайда болот, жашоонун бул чөйрөсүн колдой турган көз караштар жана ишенимдер системасы калыптанат. Идеалдуу түрдө, жаштар акырындык менен өз денесинде ырахат алып жана ишеним менен жашай башташат ", - дейт Рената Мамбетова.

Эгерде адам өзүн жакшы тааныса, түшүнсө (коркуусун, тынчсыздануусун жана башка сезимдерин этибарга алса, муктаждыктарын басмырлабаса, жок деп айтканды билсе), анда ал көпчүлүк учурда өзүнүн белгилерин угуп ( адатта алар эмоционалдык жана физикалык) жана ага өз убагында өзүнүн физикалык жана эмоционалдык коопсуздугуна кам көрө алат.

"Эгер дене жана сезимдер менен байланыш үзүлсө, анда ар кандай деструктивдүү кырдаалдарга катышуу коркунучу жогорулайт, мисалы, кадыр-баркка шек келтирген, өзүн сыйлоосуна жана көбүнчө психологиялык гана эмес, физикалык бүтүндүккө да коркунуч туудурган дени сак эмес мамилелерди курушу мүмкүн. Мисалы, физикалык зомбулук жана башкалар", - деди адис.

Мамбетова мамилелердин дени сак жана зыяндуу динамикасын таанууну үйрөнсө болорун дагы белгилей кетти.

Жыныстык тарбия берүүдөгү ата-эненин ролу

"Өспүрүм менен ата-эненин ортосунда ишеним болсо, анда сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолукка байланыштуу маселелер үй-бүлөдө жашырылбастан талкууланат. Бул учурда үй-бүлө сексуалдык билим ала турган дагы бир булакка айланат. Бирок көбүнчө бул куракта авторитеттин өкүлдөрү - ата-энелер эмес болот. Тескерисинче, алар көбүнчө башка чоң адамдар жана теңтуштар. Бирок, белгилүү болгондой, сексуалдык билим – бул өмүр бою из калтыра турчу билим, андыктан көп нерсе балага үй-бүлөдө эмне айтылганынан, эмнелер үйрөтүлгөнүнөн (кичинесинде бул гигиенанын негизги эрежелери жана башкалар), кандай мамилелерди көрүп чоңойгонунан жана башкалардан көз каранды. Бул нерселер бардыгын жөнгө салат жана баланын сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук темалары менен андан ары таанышуусун аныктайт", - деди психолог.

Адис биринчи кезекте ар бир ата-эне өзү үчүн бул нерселерди түшүнүп алышы керек дейт: эмне үчүн мен балам менен тигил же бул темада сүйлөшкүм келет, мындай сүйлөшүүнү баштоо менен кандай максатты көздөп жатам. Адатта, эгер бул суроолорго чын жооп берилсе, анда бул ийгиликтин дээрлик 50%ы.

"Балким, ак ниеттүүлүк жардам берет: сезимдериңизди балаңыз менен бөлүшүңүз. Мындай баарлашууда ачык болуу кажет. Кыйынчылыктарыңыз, түйшүктөрүңүз, башыңыздан өткөргөн окуяларыңыз жөнүндө ачык-айкын айтыңыз. Бир отуруп бардыгын сүйлөшүүгө аракет кылбаңыз, темаларды бөлүштүрүп алыңыз. Дагы айта кетчү нерсе: ар кандай жардамчы материалдарды көз жаздымда калтырбаңыз, кээде тема боюнча бир нерсени көрүү же окуунун жыйынтыгы боюнча баарлашуу ыңгайлуураак. Мисалы, китеп окууну же кино көрүүнү сунуштап, андан кийин көргөндү же окуганды чогуу талкуулаңыз", - деди Рената Мамбетова.

Башкалардын таасири бурмаланган болушу мүмкүн

Адатта (бирок дайыма эле эмес), теңтуштардын таасири ар кандай бурмалоолор, мифтер, чектөөлөр, коркутуу жана атаандаштык менен байланышкан болушу мүмкүн.

"Албетте, ар дайыма эмес, бирок көп учурда ар кандай манипуляциялар болот. Мындай маалымат агымына аралашуу туура эмес чечимдерди кабыл алууга негиз болгон туура эмес түшүнүктөрдү пайда кылат. Мисалы, таңууланган сулуулук стандарттын көрүп алып, денени кабыл албоо (кооптуу диеталар, тамактануу адатынын бузулушуу)", - деди Мамбетова.

Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу теңтуштары калтырган оң таасирлердин дагы мисалдары бар. "Тескерисинче, булар коркуудан жана уялуудан бошоткон, аларды нормалдаштырган жана көп түрдүүлүктү колдогон белгилер болушу мүмкүн. Мисалы, өспүрүмдөр жана жаштар жыныстык жетилүүдөгү башынан өткөргөн кыйынчылыктары, тажрыйбасы менен бөлүшкөн, ата-энелери жана башкалар менен болгон мамилелери тууралуу айтып берген публикациялар", - деди адис

Маалыматты текшерүүнү үйрөтүү маанилүү

Адистин айтымында, учурда маалымат жетишсиздигин сезбеген дүйнөдө жашап жатабыз.

"Өспүрүм өзүн кызыктырган суроого бир нече секунданын ичинде жооп таба алат. Бирок, ал жооптун сапаты кандай болору такыр башка маселе. Ошондуктан балдарга маалыматты текшерүү, туура маалыматты табууну үйрөтүү маанилүү", - деди психолог.

Маалымат чечим чыгарууга жардам берет. Демек, маалымат ишенимсиз болсо, анда туура эмес чечимдер кабыл алынат.

"Маалыматтар фактыларга же пикирге негизделген болушу мүмкүн. Аны сын көз менен баалоого жардам берген стратегиялар тууралуу сөз кылсак, балдарга чындык менен пикирдин ортосундагы айырмачылыкты үйрөтүү маанилүү. Балага бир эле факт боюнча ар кандай адамдарда ар кандай маалымат болушу мүмкүн экенин түшүндүрүңүз. Эң жакшы стратегия - бул көндүмдөрдү чогуу үйрөнүү: интернеттен ар кандай маалыматтарды көрүү жана окуу ( популярдуу ТикТокту колдонсо болот), факт менен миф эмне экенин аныктоо", - дейт Мамбетова.

"Балаңызга ар бир жолу өзүнө суроо берип турууну сунуштаңыз : бул маалымат мага жардам береби? Эгер жооп ооба болсо, анда аны текшерип, булагын табуу керек. Анан, албетте, үлгү болуп, өзүңүз маалыматты кантип текшере турганыңызды көрсөтүңүз", - деди адис.

Ата-энелер кайсы ресурстарды колдонсо болот?

Психолог сунуш кылган ресурстар:

  • Репродуктивдүү ден соолук альянсынын материалдары;
  • Sex education сериялы;
  • "Я краснею" мультфильми;
  • Ата-эне боюнча далилдүү басылма;
  • "Либо/либо", "Почему мы еще живы" студиясынын подкасттары.

Мындан тышкары, төмөнкү шилтемелерди колдонсо болот:

https://sexeducation.takiedela.ru;

https://vk.com/dvor.media.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт