// //

Мектепте достору жок балага кантип жардам берүү керек? Адистен кеңеш

2024.01.24, 11:01
772

Көпчүлүк бардык балдар жаңы досторду тез эле таап, достошуп, атүгүл, жаңы компанияга бат эле көнүп кетет деп ойлошот. Ошол эле учурда ата-энелер балдары жалгыз калууну чечкен же башка балдар менен дос болгусу келбеген жагдайларга туш болушат. "Исан" билим берүү инсандык борборунун жетекчиси Зарина Макен дос таба албаган балага кантип жардам берсе болорун, баланын, өзгөчө өспүрүмдүн мектепте эмне үчүн достору жоктугун жана оор кырдаалга туш болгон балдардын ата-энеси эмне кылуусу керектигин Kaktus.media сайтына айтып берди.

Практикада болгон окуялар

Айжан 36 жашта. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштейт. Учурда достору бар жана алар менен жакшы мамиледе. Бирок, ал мектепте окуп жүргөндө буллингге туш болгон. Аны менен классташтары бир жыл сүйлөшпөй коюшкан. Себеби классташ кызы башкаларга Айжан менен сүйлөшүүгө тыюу салган. Себеби, ал кыз экөө жакын дос болуп жүрүп урушуп кетишкен.

"Ал экөөбүз курбу болгондо баары сонун болчу. Бирок кийин болбогон бир нерсенин айынан урушуп кеттик, анан каникулдан кийин бүт класс мени менен сүйлөшпөй калды. Алар жөн гана мени этибарга алышкан жок. Бир нече кыздар мени менен жашыруун сүйлөшүп жүрүштү, бирок мага эч ким ачык болушчу эмес. Мен аябай коркуп, мектепке баргым келбей калган", - дейт Айжан.

Саламат 31 жашта. Анын ийгиликтүү бизнеси жана сүйүктүү үй-бүлөсү бар. Саламатты кичинесинде "уялчаак" деп аташчу. Ал бала бакчага барганда бурчта отура берчү, эч ким менен ойночу эмес. Үйүндө коммуникация курууга байланыштуу эч кандай кыйынчылык болбогон. 1-класска баргандан тартып Саламат эч ким менен дос боло алган эмес. Үчүнчү класста музыкалык мектепке барып, ошол жактан гана досторду тапкан. Ал белгилүү ырларды башка балдар менен талкуулаганды, музыканы нота боюнча талдаганды жактырчу.

Достордун жоктугунун себептери

Жогоруда келтирилген жагдайлар достордун жоктугу баланын эмоционалдык абалына тийгизген таасирин ачык көрсөтүп турат. Каармандарыбызда баары жакшы аяктап, учурда алар бала кезинде алган жаракаттардые терс кесепеттерин баштарынан өткөрбөй эле. Бирок, ар бир окуя бул сыяктуу сонун болуп аяктай бербейт. Ата-энелер баланын социалдык чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө кылдаттык менен көз салып, бул өзгөрүүлөрдүн мүмкүн болуучу себептерин талдап чыгуусу маанилүү.

Эксперттин айтымында, алгач себептерин түшүнүү зарыл. Эгерде баланын достору жок болсо, анда анын темпераментин карап чыгуу керек.

"Мисалы, кээ бирөөлөргө достордун кереги деле жок, алар өздөрү менен өздөрү эле жыргап жүрө беришет. Убактылуу дос болгон экстраверттер бар. Ошондой эле, кээ бир балдарда бирөөгө байлануу көйгөй бар, анткени, көптөгөн балдарда бул функция бузук болот. Алар достошууга кандайдыр бир зарылдык көрүшпөйт, алар дос болгон күндө дагы, бул нерсе көпкө созулбайт", - деп белгилейт адис.

Мындан тышкары, достордун жоктугунун дагы бир себеби баланын жаңы чөйрөгө кошулуусу: башка мектептен которулганда же башка шаардан көчүп келгенде.

Кийинки фактор - бала өзүн классына "тиешелүү" деп эсептебейт. Бул көп учурда ал башка улутта же ден соолугунда өзгөчөлүк болгондо байкалайт.

Балдардын достугуна санариптешүү да таасирин тийгизет.

"Балдар өзү менен өзү болуп телефондорунда отургандыктан, аларда байланыш тартыштыгы пайда болуп, таанышканып, дос тапканды үйрөнө албай калышат. Дүйнө өтө өзүмчүл болуп калды: балдарга достошуунун зарылчылыгы жок болуп калды. Мурда балдар короого чыгып ойношчу, өзгөчө командалык оюндардын түрү. Ал эми азыр алар санариптик дүйнөдө", - деп түшүндүрдү эксперт.

Ата-эне көйгөйдү кантип көрө алат?

"Эгерде балада коштоочу факторлор жок болсо, ошол эле учурда достору да жок болсо, анда эмне үчүн андай болуп жатканын билүү керек", - дейт Макен.

"Бир күнү эле баланын достору жок болуп калышы мүмкүн эмес. Бала агрессорго айланган же класста жаңы "популярдуу бала" пайда болуп, баары ага көңүл буруп жаткан болушу мүмкүн. Ошондой эле бала 4-класстан 5-класска көчөт, ал жерде бардык балдарды бириктире турган бир да чоң адам жок болот (башталгыч класста балдар менен көп убакыт өткөргөн класс жетекчи болот). Ушул тапта класстын өзү чакан топторго бөлүнүп, жаңы окуучулар кошулуп калат", - дейт Макен.

Балага башкалар менен достошууга кантип жардам берсе болот?

Эксперттин айтымында, баланын башкаларга байлануу сезими мектепке чейин эле калыптанат. 2 жаштан 5 жашка чейинки баланын бир жакшы көргөн оюнчугу болгону жакшы. Бул аркылуу ал бир түгөйлүү, узакка созулган дос болгонду үйрөнөт.

"Ошол эле учурда баланы дос болууга мажбурлабоо керек. Эгер ал жалгыз болууну кааласа, анда аны жалгыз калтыруу керек - интровертти экстравертке айландыруунун зарылчылыгы жок. Мисалы, мен өзүм интроверт болчумун, мектепте досторумдун ордун китептер ээлечү. Реалдуу дүйнөгө кайтканымда теңтуштарымдан тажап кетчүм, анткени алар менен сүйлөшө албайт элем жана менин хоббиме кызыгышчу эмес Пикирлеш досторду университеттен гана таптым. Андыктан, балдардын абалына карашыбыз керек", - деп түшүндүрдү эксперт.

Балдарга дос таап берчү дагы бир жол - жуптардын бийи.

"Интровертке түрткү берүү үчүн, аны бийге берсеңиз болот. Денени бошотуу моралдык абалга да таасир этет. Бул Чехиядагы практика, анда жуптардын бийи өспүрүмдөр үчүн милдеттүү сабак катары киргизилген. Анткени дал ушул куракта карама-каршы жыныстагылар менен, жалпы эле достор менен баарлашууда көйгөйлөр башталат", - дейт эксперт.

Эгерде бала классташтары менен сүйлөшпөй калса эмне кылуу керек?

Бала классташтары менен ар кандай себептерден улам сүйлөшпөй калышы мүмкүн. Бул жерде ата-энелер кырдаалды жакшылап түшүнүүсү маанилүү. Эгер бул башка мектепке көчүп кетүү менен байланыштуу болсо, анда бул башка нерсе, бирок бала ошол эле класста калып, бирок классташтары менен сүйлөшкөнүн токтотсо, анда кырдаал көңүл бурууну талап кылат.

Баланын жашын да эске алуу керек. Башталгыч мектепте балдар буллингге көп кабылышат, бул куракта алардын башкалардын баалоосуна болгон эмоционалдык сезгичтиги жогору болот.

Жогорку класстарда лидер алмашышы мүмкүн, ал эми жаңы лидер белгилүү бир адам менен баарлашууга тыюу салып коюшу мүмкүн. Мындай окуяларга карата реакция баланын эмоционалдык абалына чоң таасир этиши мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү.

Көптөгөн ата-энелер кичинекей чыр-чатактарды этибарга албай, бала айтып жаткан көйгөйлөргө олуттуу карашпайт. Бирок бала үчүн анын классы жана үй-бүлөсү бүтүндөй дүйнө, андыктан ата-эненин колдоосу негизги ролду ойнойт.

Балдардын ортосунда чыр-чатактар ​​болгон учурда ата-энелерге төмөнкүлөр сунушталат:

  • Баланын катыштырбай эле, кырдаал жөнүндө мугалими менен сүйлөшүңүз, андан кийин чогуу баарлашкыла.
  • Мугалим менен сүйлөшүү оңунан чыкпаса, мектеп администрациясына кайрылыңыз.
  • Чыр-чатактын себептерин түшүнүү үчүн агрессордун ата-энеси менен сүйлөшүп көрүңүз.
  • Бала тарапта болуп, көйгөйгө олуттуу мамиле жасаңыз.
  • Баланын эмоционалдык абалын сүрөттөө менен эмне болуп жатканын кагазга жазыңыз.
  • Зарыл болгон учурда, агрессорду класстан чыгарыңыз же баланы башка мектепке которуу тууралуу ойлонуңуз.
  • Балаңызга ар кандай адамдар менен баарлашуунун жана башкалардын жүрүм-туруму алардын мүнөзүнө гана эмес, жагдайдан да көз каранды экенин түшүнүү маанилүү экенин түшүндүрүңүз.

Окуучу достору жок калса, эмне кылуу керек

Пикирлеш адамдар менен дос болуу ар дайым жакшы.

"Баланы өзүнө ага окшогон балдар бар башка чөйрөгө кошууга аракет кылыңыз. Айталы, ал скейт тебүүгө кызыкса, анда скейт тебүүчүлөрдүн клубун табыңыз. Кандай болгон күндө да, биз ата-эне катары баланын ким менен баарлашуусуна жооптуубуз. Мындай сөз бар: жаман райондон жакшы үй сатып алгандан көрө, жакшы райондон жаман үй сатып алган жакшы. Анткени дал ошол жер балаңыздын ким менен мамиле түзөрүн аныктайт. Бул анын баарлашуу чөйрөсүн түзүү керек дегенди билдирбейт, бирок ал баарлашуу үчүн адамдардын арасынан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгудай шарт түзүп берсеңиз болот", - деди Макеню

Көптөгөн балдар ата-энелеринен үлгү алат, ошон үчүн чоңдорго кантип дос болуу керектигин көрсөтүүсү керек.

Баласынын достору жок ата-энелерге кеңештер:

  • Досу жок болгону үчүн баланы урушуп, сынга алып, анда бир нерсе бар экенин айтуунун кереги жок. Анда баары ордунда. Баланын мүнөзү кандай экенин жана бул анын байланыш түзүүсүнө кандай таасир этээрин кылдаттык менен талдап чыккан оң.
  • Аны кандай болсо, ошондой кабыл алуу: экстраверт ата-энелерден интроверт бала төрөлгөндө, алар анда бир нерсе бар деп ойлошот. Баланы эл алдына чыгууга мажбурлашат, чечендик курстарга ж.б.у.с. жаздырышат. Ойлонуп көрсөңүз, балким бул бала өзү сахнага чыгып сүйлөбөсө дагы, сүйлөгөндөргө сонун тексттерди жазып берет.
  • Эң негизгиси балдарды стандунификациялабаш керек, алар ар кандай боло алат жана болушу керек.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт