// //

Ата-эне, мектеп жана мыйзам аркылуу буллинг менен кантип күрөшсө болот?

2024.03.27, 13:57
359

Тилекке каршы, буллинг өспүрүмдөр арасында кеңири таралган: жеке баарлашууда, социалдык тармактарда.

Буллинг – бул кайсы бир бала же балдардын тобу тарабынан белгилүү бирөөгө багытталган, туруктуу, атайылап жасалган терс аракеттер. Кээде буллинг чоңдор тарабынан да жасалышы мүмкүн.

Бул көйгөй Кыргызстанда да бар. Аны менен ата-эне, мектеп, мыйзам аркылуу кантип күрөшсө болот? "Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова, ошондой эле юрист жана адам укуктары боюнча эксперт, Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Атыр Абдрахматова буллинг менен күрөшүү куралдары тууралуу айтып беришти.

Буллингдин белгилери

Тилекке каршы, балага карата буллинг жасалып жатканын, баланын өзү гана эмес, чоңдор үчүн дагы түшүнүү өтө кыйын. Балдар бул жөнүндө айтуудан коркушат. Алардын бул аракети агрессорго жазадан качууга мүмкүндүк берет. Байкоочулар – буллинг жасалып жатканын көргөн адамдар жоопкерчиликтен жана күнөөлүү сезимдерден качышат. Көп учурда жабырлануучу болуп жаткан нерселер жөнүндө ачык айткандан коркот же уялат.

Эң жаманы, балдар жабырлануучу болуп жүргөнгө көнүп калышы мүмкүн: ким болбосун аны кордойт, ал шылдыңоонун жана куугунтуктоонун объектисина айланат. Мындай учурда балада терс адат пайда болушу ыктымал - кийин агрессивдүү жүрүм-турумга алып барган жабырлануучунун абалында өмүр бою калып калуу.

Ата-эне көйгөйдү өз убагында таанып, аны менен күрөшүп баштоо үчүн буллингдин негизги белгилерин билип алышы керек:

  • Көкүрөктүн жана ичтин себепсиз оорушу;
  • Энурез;
  • Нерв тамырларынын бузулуусу;
  • Уйкунун бузулушу, жаман түш көрүү, уйкусуздук;
  • Дем алуу органдарынын оорулары жана ден соолукта башка көйгөйлөрдүн көбөйүүсү;
  • Табиттин бузулушу (тамак-аштан баш тартуу же, тескерисинче, ашыкча тамактануу);
  • Тынчсыздануу;
  • Аянычтуу көрүнүш жана узакка созулган депрессиялык абал;
  • Жүрүм-турумда пайда болгон ашыкча этияттык жана ашыкча баш ийүү;
  • Баарлашууга болгон каалоонун жоголушу, бар болгон убакытты жалгыздыкта өткөрүү, мектепке баруудан баш тартуу.

Ата-энелер жана башкалар баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү байкап, буллингге каршы күрөшүү үчүн аны менен ишенимдүү мамиледе болушу керек.

Бирок үй-бүлөнүн ичинде дагы буллинг болот, бул нерсени баланын айланасындагы адамдар таанып билиши керек.

Балага карата жасалган буллингди кантип токтотсо болот?

Ата-энелер балдарына өзүн-өзү коргоо принциптерин жана зомбулукка каршы туруштук берүүнү үйрөтүшү керек. Бул нерселер тууралуу кичине кезинен – 1-класстан баштап, же андан да эрте башташ керек.

Мектеп администрациясы өзү биринчи кезекте билим берүү мекемеси катары мугалимдердин жана балдардын арасында жагымдуу атмосфера түзүшү керек.

Өспүрүмдөргө бош убактысын өткөрүүгө, лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бербеген мектептерде буллингдин деңгээли жогору болору байкалат. Натыйжада, өспүрүмдөр алсыздарга үстөмдүк кылуу аркылуу өздөрүн көрсөтүүгө умтулушат.

Эгер чынында буллинг жасалып жаткан болсо, анда бала да, ата-энеси да бир топ оор кырдаалга туш болушат. Аны өзгөртүү үчүн чыдамкайлык жана аракет талап кылынат. Ата-эне көйгөйдү чечүүнүн ар бир этабында баласы менен бирге болушу керек.

Назгүл Турдубекова мындай дейт:

"Биздин фондго бир топ жылдан бери классташтары же мугалими тарабынан буллинге дуушар болуп жүргөн балдардын ата-энелери кайрылышат. Бул жерде, мектептеги буллингди жоюу боюнча мектеп мүдүрүнүн так позициясы болбосо, тилекке каршы, окуучу мектепти алмаштырышы керек."

Класс жетекчиге буллинг жасалып жатканы жөнүндө маалымат берип, бул боюнча анын пикирин билип көрүү да зарыл. Ошондой эле, маалыматты мектеп администрациясына жеткирип, биргелешкен иш планын иштеп чыгуу керек. Бул аракеттер эч кандай натыйжа бербесе, жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияга, акыйкатчы институтуна, жадакалса милицияга кайрылса болот.

Буллинг көйгөйүн жеке бир адамдын эмес, класстын же мектептин көйгөйү катары кабыл алуу керек. Эгер балаңызга коркунуч туулуп жатат деп ойлосоңуз, дароо чара көрүңүз.

Ар бир мектеп буллинг фактыларын аныктоонун жана каттоонун бардык механизмдерин камтыган "Зомбулуксуз мектеп" программасын ишке ашыруу боюнча иш планын бекитиши керек.

Ар бир мектеп ар бир класста зомбулуктун бардык учурларын, анын ичинде буллингди каттаган мониторинг системасын түзүшү зарыл. Андан соң социалдык педагог жана класс жетекчилерден турган мектеп жамааты өздөрүнүн жыйынында ар бир кайрылууну карап чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Балдарга карата зомбулукка каршы күрөштө мугалимдер жана ата-энелер мектеп директорунун тарапташы болууга тийиш.

Тилекке каршы, мындай иш-аракеттер мектептерде ар дайым эле колдонула бербейт. Ошондуктан балага карата зомбулук улана бериши мүмкүн. Бул учурда мектепти алмаштыруу же укук коргоо органдарына кайрылуу чечими кабыл алынышы абзел.

Мындан тышкары, адистештирилген атайын мекемеге кайрылса болот, мисалы, буллинг көйгөйүн чечүү үчүн туура багытты көрсөтө алган юридикалык клиникага.

Кайсы мыйзамдарга таянып буллинг менен күрөшсө болот?

Буллинг келтирген кесепеттерине жараша ар кандай юридикалык жоопкерчиликтерге ээ болушу мүмкүн.

1. Жарандык-укуктук

  • Конституция ар бирибизди башкалардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого милдеттендирген. Баш мыйзамда ар бир адамдын жеке жашоосун, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо укугу кепилденген.
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18 жана 19-беренелеринде сотто жаран өзүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүнгө чыгарууну, ошол эле учурда келтирген чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
  • Адамдын жарыяланган сүрөтүн (сүрөт, фото, кинофильм ж.б.) анын макулдугусуз жарыялоого жана жайылтууга эч кимдин укугу жок.
  • Ошондой эле, жарандык мыйзамдар жарандын жеке жашоосун коргоого кепилдик берет, анын ичинде кат жазышууларын, почтадан, телеграфтан, электрондук жана башка билдирүүлөрүн (бул жерге социалдык тармактардын бардык түрлөрүн, мессенджерлерди киргизсек болот), телефондон жана башка сүйлөшүүлөрүн, күндөлүктөрүн, эскерүүлөрүн, интимдик жашоосун, туулганын ж.б.
  • Балдар жөнүндө кодексте балдарга карата жарандык укуктарды коргоонун кепилдиктери аныкталган, ал эми 16-беренеде ар бир бала ар-намысын жана кадыр-баркын, жеке кол тийбестигин коргоого укуктуу экени көрсөтүлгөн.

Мамлекет баланын кол тийбестигин камсыздайт, аны физикалык жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен, кылмыштуу аракеттерге тартуудан жана коомго каршы аракеттерди жасоодон жана анын укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргойт.

Кепилдик жана тыюу салуулар бузулган учурда доо арыз менен сотко кайрылып, буллинг жасаган адамды сот аркылуу жоопкерчиликке тартууга болот.

Эгерде буллингден улам балага физикалык жана моралдык азап келтирилген болсо, сот мыйзам бузуучуга көрсөтүлгөн зыяндын ордун акчалай төлөп берүү милдетин жүктөй алат. Эгерде мыйзам бузуучу жашы жете элек болсо, материалдык милдеттерди жана чыгымдарды, анын ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган адамдар төлөйт.

Жашы жете электин өзүн алсак, 16 жаштан баштап укук бузган деп табылып, 5500 сом өлчөмүндө айып салынышы же 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылышы же үч суткадан беш суткага чейин камакка алынышы мүмкүн.

2. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги

Өспүрүм физикалык буллинг үчүн 14 жаштан баштап жоопко тартылышы мүмкүн, мунун баары жасалган аракеттердин кесепеттеринен көз каранды. Айталы, физикалык буллинг бул нерселерге алып келген болсо:

  • өлүмгө. Сот 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн, ал эми айрым оордотуучу жагдайларда 12 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыроо мүмкүн;
  • ден соолукка оор залал келтирилгенде. 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө, ал эми айрым жагдайларда 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат;
  • ден соолукка анча оор эмес залал келтирилгенде. Эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат же 20 миңден 50 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салынат, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Эгерде оордотуучу жагдайлар болсо, айып пул 100 миңге чейин жетип же 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
  • Кылмыш жоопкерчилиги 16 жаштан баштап физикалык зомбулук үчүн гана эмес, моралдык зомбулук үчүн да каралган. Алсак, буллингге кабылган бала өз жанын кыйса, же кыйууга аракет кылса, анда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу буллинг көрсөтөм деп коркутуп, ага ырайымсыз мамиле жасаган же жеке кадыр-баркын кемсинткен экинчи өспүрүм 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
  • Телекоммуникациялык тармактарды (социалдык тармактар, мессенджерлерди), анын ичинде интернетти колдонуу аркылуу жасалган ушул сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн сот 6 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратышы мүмкүн.
  • Эгерде баланы буллинг жасоо, анын ичинде "заманбап технологияларды" колдонуу аркылуу өзүн-өзү өлтүрүүгө көндүргөн болсо, анда мындай аракеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
  • Буллинг классташтарынын же башка адамдардын көзүнчө, ал тургай социалдык тармактарда же мессенджерлерде ачык түрдө жасалган жана расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (жек көрүү) козутууга, улуттук кадыр-баркты кемсинтүүгө жана жарандардын динине, улутуна же расасына карата өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоого негизделген учурларда, сот анда мындай аракеттер үчүн 16 жаштан баштап 5 жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн.
  • Эгерде буллингдин бул түрү өспүрүмдөрдүн же чоңдордун тобу тарабынан жасалган болсо, анда эркинен ажыратуу мөөнөтү 7 жылга чейин көбөйөт, ал эми бул жерде эң минималдуу мөөнөт 5 жыл.
  • Эгерде физикалык буллингдин натыйжасынан улам, бала кокустуктан улам каза болсо, анда мыйзам бузгандар 16 жаштан баштап үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыроо менен жоопкерчиликке тартылышат.

Мектеп мүдүрлөрү жана мугалимдер окуучуларга буллинг - зомбулук жана оор кесепеттерге алып келген кылмыш экенин үйрөтүшү керек.

14 жашка чейинки балдарды жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын каттоосуна койсо болот. Ата-энелер да жоопкерчилик тартышат. Ал эми бардык жагдайларды тактоо үчүн алар балдар иштери боюнча комиссияга чакыртылат.

Эгерде коркунуч туулса, бул номерлерге дароо чалыңыз:

  • милиция - 102 номери;
  • балдар үчүн ишеним телефону – 111 номери;
  • "Система-112" - 112 номуру;
  • Зордук-зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борбору (Бишкек) - 0312 54 29 34, 0312 44 25 10 номерлери;
  • "Акыйкатчы" ишеним телефону (иш күндөрү) – 115 номери.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт