// //

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

2019.10.26, 21:38
6374

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакцияга келип түшкөн бул мырзанын катында, балдарына берген акчасынын мыйзамсыз коротулуп жатканы айтылат. 

Чолпонбай: бир жумадан кийин чалып акча сурады

Эмне дешти да билбей турам. Же меники туура эмеспи? Бир нерсе дегилечи!

Ажырашканыбызга эки жыл болду. Себеби бул деп так айта албайм. Эркек катары “мен күнөөлүүмүн” деп да жоопкерчиликти мойнума алалбайм. Экөөбүздүн тең туугандарыбыз турмушубузга аралаша берип, акыры эки бөлүп тынышты. Балким үй-бүлөбүздүн чегин белгилей албаган өзүбүздө күнөө.

Кыскасы, ай сайын балдарга алимент төлөйм. Өз убагында, көп учурда ашыгы менен бергенге аракет кылам. Мындан тышкары, кийимдерин алып берем, курстарынын акысын берем.  Баарын санабай эле коеюн, бирок, аталык милдетимди толук аткарганга аракет кылам. Балдарымды эч нерседен кем кылбаш үчүн үч жумушта иштейм.

Аялым алиментти убагында береримди билет. Ошентсе да чалып, унутпа деп эскертип турат. Буга чейинкилерин эмне кылып коротконун билбейм. Балдар аны менен жашап жаткандан кийин отчет алгым келбейт.

Бул айдыкын убагында бергем. Бир жумадан кийин чалып балдардын мектебине акча керек болуп жатканын айтты. Эмгек акымдын баарын алиментке коротком, жанымда акча жок болчу. Алимент бербедим беле десем, “ага өзүмө пальто алдым” деп бейкапар жооп берди. Ачуум келди, “пальтоңду сатып балдардын акчасын берип кой”,-деп трубканы басып салдым. Колдорум калтырап, урунаар тоо издедим. Мени аяп койгон киши жок. Ошол учурда оюма, балким мурунку акчаларды да өзүнө коротуп жүргөн деген ой келди.

Айтыңызчы, аялымдын кылганы туурабы? Балдарга деген акчаны өзүнө короткону мыйзамдуубу? Эмне эмне кылсам болот?

Адис эмне дейт

Нурислам Раимжанов, "Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Алимент балдарга арналып берилген акча, андыктан балдарга гана коротулушу керек. Алименттен сырткары кошумча акча берүү бул сиздин жеке ыктыярыңыз. Эч кандай мажбурлоо жок, кааласаңыз бересиз, болбосо жок. Баары балдарыңыз үчүн.

Аялыңыз балдарга жумшалуучу акчага жоопкерчилик сактабай, өзүнө коротуп жатканын жазыпсыз. Балдарыңыздын билим алуусун, өнүгүп-өсүүсүн көзөмөлдөп, кызыкчылыктарын коргоп, мыкты инсан болуп бой жетүүсүнө салым кошууга акыңыз бар. Анткени сиз атасыз, балдардын мыйзамдуу өкүлүсүз. Демек, балдарга деп берилген акча кайда коротулуп жатканын сурап, аялыңыз жетише албай жатса, балдарды алып кетип, карап турууга укуктуусуз. 

Алимент төлөөдөн баш тартуунун эч кандай зарылчылыгы жок, сот аны балдарга деп чыгарып берген. Мисалы, акчаны балдарга өзүңүз деле коротсоңуз болот. Китеп, кийим алып берип, квитанцияларын сактап, сот аткаруучуга тапшырып турушуңуз керек. Белгиленген сумманы ушундай жол менен төлөдүм дегендей. Алиментти балдарга эмес, өзүнө коротуп жатканы боюнча аялыңыз менен өз алдынча чечишип ала турган маселе.

Балдар үч жаштан өткөндөн кийин, аял жумушка жөндөмдүү болуп эсептелет. Мисалы, иш таап, өзүн камсыздаганга.  Үч жашка чейинки балдарды караганы боюнча, аял өзүнүн пайдасына алимент өндүрсө болот. Бул башка учур. Эң негизгиси, балдарга деген акча максатуу коротулушу керек.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, "муну өлгөнгө да алып барбайт" деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт