// //

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

2019.10.08, 13:27
44806

Түндө каза болуптур. Таң эрте жолго чыктык. Жанымда апам ойлуу баратат. Атам рулда.

Ыраматылык тайкем эч кимге зыяны жок адам эле. 30 жыл мектепте иштеген. Акыркы убакта көп ичип калган. Кызык, адам өлөөрүн алдын ала сезет деген чын окшойт. Бир жума мурун туугандарын себепсиз чайга чакырган. Жанында отурган итин сылап, “мен жокто үйдү ушул кайтарат”,- деп улам-улам айтып жаткан.

“Эсил кайран” деп ыйлап кирип бардык. Боз үй тигилип калыптыр. Элдер отурат.

Мен апам менен боз үйгө кирдим. Тажеңем кара жоолук салынып алыптыр. Апам ыйлап кучактаса, бет аарчыны алып жок көз жашын сүртүмүш этти. Бул мен байкаган биринчи калп болду.

Аялдарга кошулуп тизилип отурдук. “Адамдар келатат” дегенде тажеңем калп эле кошок кошуп отуруп калат. Кошокту бир кагазга жазып алыптыр. Бул мен байкаган экинчи калп болду.

Аялдар акыбалын сурап чыгып кеткенден кийин, “эмне алып келиптир”,- деп, дароо алар таштап кеткен пакетти ачып жатты. Бул мен байкаган үчүнчү калп болду.

Тажеңемдин кызынын кайын-журту келатат деген кабар келди. Тажеңем жанындагы келиндерге, “залга киргизип, кымбатыраак конфет салып койгула”,- деп буйрук берди. “Ай токто, кошуналар менен эркектер жака берки майда конфеттерди эле салып тургула, бат-баттан толуктай бербегиле анан” дегенде оозум ачылып калды. Бул мен байкаган төртүнчү калп болду.

Тайкемди эртең жерге беребиз дешти. Ашкана жактан келе жатсам, тажеңем эки баласына ( уулдары 27 жана 30 жашта) “Эртең катуурак бакырып ыйлап койгула, эл айтпасын”,- деп жатыптыр. Бул мен байкаган бешинчи калп болду.

Жаназа окулду. Тажеңем актриса болсо эбак эле Оскарды алчудай. Көзүнөн жаш чыккан жок, калп эле жулкунумуш этип, “Турарбек, мени кимге таштап кеттиң”,-деп бакырып жатты. Кызы андан өтөт, эки уулу апасынын сөзүн мыкты деңгээлде аткарышты. Өзүмдү циркке жүргөндөй элестеттим. Бул мен байкаган алтынчы калп болду.

Машина өлүктү алып кетти. Тажеңем боз үйгө кирип, келиндерге “бар чай койгулачы, башым ооруп чыкты” деди. Ордуна отурду да, ким эмне алып келгенин кагазга жаза баштады. Бул мен байкаган жетинчи калп болду.

Тайкеме боорум ооруду. Ушунча жыл жашап аялынын, балдарынын жүрөгүнөн кичине да болсо орун таппаганы өтө аянычтуу. Тажеңем менен уулдарын күнөөлөй албайм. Алар да ар бирибиз сыяктуу  "Эл эмне дейт?" деген кур сөздүн кулу. 

Эртең жолго чыкмак болдук. Бул спектаклдын көрүүчүсү болгум келбей калды.

Түн. Лайка (тайкемдин ити) катуу уулуп жатканынан ойгондум. Кыязы, жибине муунуп калганго окшойт деп сыртка чыктым. Жанындагы кесесинде шорпо, эттер төгүлүп турат. Бирин да жебептир. Байкуш бир кыйла арыктай түшүптүр. Мени көрүп токтой калды. Дал ошол маалда, айдын жарыгынан көз жашын байкадым. Бул үйдө тайкемди чын дилинен жоктогон, жалгыз болсо да бир жандык бар экенине сүйүндүм. 

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Көзү өткөн адамдын жылдыгын өткөрүү парзбы?

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
С
Салтанат
08.11.2019, 21:54

Эмнеге ыйлабайт, анткени жашоосунда жакшылыгын коргон эмес го, балдарына мээримин токкон эмес, жубайына эмес итине кам коргон киши болгонго, ыраматылык! Анткени жакшы адам болгондо сен дагы ар кимдин калпын карап отурбайт элен. Ичкич, муусапыр таякендин кылыктарын эстеп женем кантип жашачу болду экен, эми минтип узатып жанын жай алды дедин да.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт