// //

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

2019.10.15, 17:15
20716

Салам Bilesinbi.kg! Силердин сайттан “Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады” деген баянды окуп, инимдин ашындагы бир көрүнүштү айтып бергим келди.

Мындан бир жыл мурун инимден айрылып калдык. Достору менен эс алуудан келатып, жол кырсыгына учураптыр. Суук кабарды түнкү саат экиде уктук. Бирок, коштошконго жетише албай калдык. Бейтапканага баргычакты үзүлүп кете бериптир.

Жерге бердик. Элден кем калбай, бейшембилигин, кыркылыгын өткөрдүк. Жакшы эле чачылдык. Карыз да алдык. Баарын иним үчүн эмес, эл үчүн жасадык көрүнөт.

Карыздан кутулганыбызга бир ай боло элек жатып, атамдар ашын беребиз деп чыгышты. Мен каршы болдум. “Биздин да катыштар бар”,- деп болбой туруп алышты. “Дагы карызга батабызбы?” десем, кошумчалар менен жабылып калаарын айтышты.

Иним болгону 22 жашта эле. Кичипейил жигит болчу.

Ата-энем баш үстү 300 кишини тизмектеп чыгышты. Үйгө батпайт экен деп ресторанга сүйлөшүштү. Иним тирүү болгондо, тоюн да мынчалык деңгээлде өткөрбөсөк керек.

Эки жылкы союлду. Канча майда жандык союлганын билбейм. Билгим да келген жок. “Эл айтат” деп кымбат конфет, печеньелерди сатып алып жатышканда эле көңүлүм калды.

Мына элдер келди. Тамак тартылды. Столдорду тейлеп жүрүп, бир адамдан да иним тууралуу сүйлөшкөндөрүн уккан жокмун. Бирөөсү жаңы сатып алган машинасын, экинчиси үйүн кантип жылуулаганын айтса, үчүнчүсү тууганын жамандап жатат. Баса, “ушул жерде той берсек болчу экен” деп ресторанга кызыккандарды да уктум. Айтор, келген коноктордун бири да эмне үчүн келгенин билбегендей. Музыка эле жок болбосо, баары шаңкылдап күлүп отурушту.

Аягында молдо чыгып куран окуп баштады. Элдер колун батага жайгандын ордуна, аял-эркек дебей, баштыктарын толтуруп жатышты. Конфет талашып урушкандары да болду. Молдону эч ким угуп койгон жок. Эптеп бата кылымыш болуп туруп кетишти. 

Молдого барып, “Кечиресиз, иниме булардын баары жеттиби?”,-деп суроо узаттым. Ал бир аз ойлонуп туруп, “Иним, каза болгон адамга малдын эти, ресторан же конфет жетпейт, ал адамга арнап куран окуп, анын атынан муктаждарга садака кылсак, ошол баталарыбыз, дубаларыбыз жетет”,- деп жулкунуп баштыгын көтөрүп бараткан элди карап башын чайкады. 

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Махабатне кылабыз каада не
15.10.2019, 18:34

Не кылабыз каада салт деп аша чаап кетебиз аш мн тойдун айырмасы деле билинбей калды

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт