// //

Интернеттеги коркунучтар тууралуу балдар жана ата-энелер эмнелерди билиши керек

2024.05.22, 16:27
405

Интернетке болгон көз карандылык 21-кылымдын оорусу эмес деп жалкоолор гана айтышпайт.

Адистер баланы стресстен жана өтө камкордуктан кантип арылтса болору тууралуу, психологиялык жана физикалык ден соолугунун начарлашы жөнүндө сунуштарды берип, бала интернетте азыраак убакыт өткөрүшү үчүн жетиштүү көңүл буруу керектигин айтышат. Бирок бардык эле ата-энелер өспүрүмдү интернетте кандай коркунучтар күтүп жатканын жана анын киберкоопсуздугун камсыз кылуу үчун эмне кылса болорун билишпейт. Kaktus.media редакциясы интернеттеги коркунучтар жана колдонуучулардын туура жүрүм-туруму тууралуу "Интернет саясаты боюнча жарандык демилге" директору Татту Мамбеталиева менен маектешти.

Өспүрүмдөр интернетте туш болушу мүмкүн болгон негизги коркунучтар жана чакырыктар

Киберкуугунтук же кодулоо. Булар өспүрүмдөр үчүн эң кеңири таралган коркунучтар түрү. Айталы, социалдык тармактарда, мессенджерлерде, оюн аянтчаларында жана уюлдук телефондордо орун алышы мүмкүн болгон адамды атайылап коркутуу же кодулоо, мазактоо, ушак таратуулар. Бул куугунтукталгандарды коркутуу, ачуулантуу же уят кылуу максатында атайылп жасалган жана кайталанган эпизоддор.

Кодулоонун жана киберкуугунтуктун түрлөрү

  • Социалдык тармактарга жалган маалымат таратуу же бирөөнүн уят-сыйытсыз сүрөттөрүн жарыялоо;
  • Мессенджерлер аркылуу адепсиз билдирүүлөрдү же коркунучтарды жөнөтүү;
  • Өзүн башка адам катары көрсөтүп, анын атынан уятсыз билдирүүлөрдү жөнөтүү.

Секстинг. Бул SMS, почта же мессенджерлер аркылуу текст, сүрөттөр, видеолорду камтышы мүмкүн болгон интимдик билдирүүлөр менен алмашуу. Секстинг балдарды киберкуугунтукка дуушар кылышы мүмкүн. Бул билдирүүлөр же сүрөттөр шантаж үчүн колдонулушу же алардын макулдугусуз таркатылышы ыктымал. Ачык контент ыкчам жайылып, баланын азыркы жана келечектеги репутациясына таасир этиши мүмкүн.

Жаман контентке жеткиликтүүлүк. Бул зордук-зомбулукту, порнографияны, баңгизаттарды, кумар оюндарын жана экстремизмди үгүттөгөн маалыматтык материалдар (сүрөттөр, видеолор, аудио, тексттер). Мындан тышкары, бул ар кандай зыяндуу программалар болушу мүмкүн. Алардын милдети ээсинин компьютериндеги же гаджетиндеги маалыматына жетүү болуп саналат.

Оюнга болгон көз карандылык. Оюндарга ашыкча берилүү, окууга жана ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөргө алып келет. Психологиялык патология ар кандай куракта өнүгөт, бирок балдар жана өспүрүмдөр ага эң жакын болот. Тармактык видеооюндарга болгон көз карандылык ушундай катуу болот, кээде колдонуучулар виртуалдык реалдуулукка кирип, табигый муктаждыктарын канааттандырууну унутуп коюшат, бул эмоционалдык жана физикалык чарчоо гана эмес, өлүмгө да алып келиши мүмкүн.

Ар кандай фобиялар. Фобиялардын бири - телефонсуз калуудан коркуу. Балдар бир нерсени өткөрүп жибердим деп ойлошу мүмкүн жана аларда пайданы өткөрүп жиберүү коркунучу пайда болот. Башкача айтканда, алар кызыктуу нерсени өткөрүп жибербөө үчүн ар дайым онлайн болушу керек. Бул уйкунун бузулушуна, тынчсызданууга алып келет жана балдардын мектепте же чыныгы баарлашуудагы концентрациясын бир топ төмөндөтөт.

Фишинг. Бул, ар кандай программалардын жардамы менен, айталы, жасалма сайттар же билдирүүлөр аркылуу жеке маалымат (паролдор, банктык маалымат) уурдалат.

"Балдар ошондой эле ар кандай мессенджерлер, социалдык тармактар, оюн аянтчалары аркылуу баңгизаттарды тараткан каналдарга тартылышы мүмкүн. Бул каналдар туура эмес иштеп жатат дегенди билдирбейт, жөн гана шылуундар жалган ат менен каналдарга катталып, эң аялуу абоненттерди аныкташып, анан аларга түздөн-түз байланышка чыгышат. Балдарга баңгизаттарды таштап кетүү менен байланышкан өтө жеңил жумуш сунушталышы мүмкүн", - деп белгиледи Мамбеталиева.

Мамбеталиеванын айтымында, Кыргызстанда баңгизатты таштап кетүү жумушуна аралашкан өспүрүмдө өтө көп. Учурда абдан активдүү 40тан ашык канал бар, алар көңүл ачуучу мүнөзгө ээ, бирок бул каналдар аркылуу балдар мыйзамсыз иштерге тартылууда.

Адис бир күндө 5 миң сом тапса болот деген жарнамалар менен өспүрүмдөрдү азгырган мисалдарды келтирди. Ошол эле маалда "иш берүүчүлөр" "кызматкердин" жашы маанилүү эмес экенин, эң негизгиси ал шаарды кыдырып жүрө алса болорун айтышат. Ал эми кызыккандар чала баштаганда, алардын жашын, кесибин сурашат. Алдамчылар бала тууралуу маалыматты чогултуп алып, кайра ал маалыматтар менен коркутуп, алдамчылык жана шантаж аркылуу баңгизатты таштоого мажбурлашат. Балдар ата-энесинин ачуусунан коркуп, "пакетти жеткирүүгө" макул болушат. Ошондуктан, ата-эне баласы интернетте эмне кылып жатканын кунт коюп карап турушу керек.

Ошол эле учурда, өспүрүмдөр арасында криптовалюта жана электрондук акча алмашуу динамикасы пайда болду. Бул кызыгуулар баңгизаттарды таратуу менен гана эмес, адам сатуу жана порнография менен алектенген синдикаттарга алып келиши мүмкүн.

Кылмыш дүйнөсү кандай болсо, ошол бойдон калган. Болгону азыр ал интернетте жашайт, мурдагыдай эле ыкмаларды колдонот, бирок колдо болгон технологиялардын жардамы менен азыр бир топ жеңилдеп калган.

Мындан тышкары, сүрөттөрдү жана видеолорду көп жарыялоодон этият болуу керек. Анткени шылуундар алар аркылуу баланын жашын, жашоо шартын, үй-бүлөсүнүн материалдык мүмкүнчүлүктөрүн оңой аныктай алышат.

"Учурда өспүрүмдөр Instagram, TikTok, Facebook баракчаларына көптөгөн сүрөттөрдү жана видеолорду чыгарышат. Муну менен алар кандай шартта жашап жатканын билдирип коюшат. Жашап жаткан даректи дагы аныктоо азыр кыйын эмес. Маалымат аналитикалык тиркемелерди колдонуу менен оңой чогултулат, андан кийин шантаж үчүн колдонулушу мүмкүн", - деп белгиледи адис.

Онлайн этика: интернетте жүрүм-турум эрежелери

Онлайн этика тармакта жалпы кабыл алынган сый-урмат жана толеранттуулук стандартын болжолдойт: баарлашууда мазактоого жана агрессияга жол берилбеш керек.

Санариптик изи жөнүндө эстен чыгарбоо керек, башкача айтканда, тармактардагы бардык аракеттер ар дайым интернетте сакталып калат.

Өчүрүлгөн контент эч качан калыбына келтирилбейт деген туура эмес түшүнүк. Бардык маалыматтар интернетте түбөлүккө калат. Муну түшүнүү маанилүү. Сакталган санариптик из ар дайым окууга, жумушка жана жеке жашоого таасир этиши мүмкүн.

Интернетти этикага ылайык колдонуунун кийинки принциби - мыйзамсыз контентти жүктөбөш керек. Эгер анын мыйзамдуулугунан шектенсеңиз, эч кандай шартта аны жүктөбөңүз.

Жалган маалымат таратпай жана автордук укукту бузбаш керек. Бул үч "болбойт" - интернетти жоопкерчиликтүү колдонуу керектигин билдирет.

Маалыматты таратуу үчүн ага тиешеси бар адамдардын макулдугун алуу керек. Жеке сүрөттөрдү, видеолорду же жеке маалыматты чыгарбаш керек. Алдын ала макулдук алуу керек.

"Балдар классташтары жана достору менен сүрөт жүктөгөнгө болбойт турганын түшүнүүсү керек. Анткени балдар чоңдордун макулдугусуз сүрөтүн жаряылоого уруксат бере албайт. Бул жөнөкөй сүрөттөргө дагы тиешелүү", - дейт Мамбеталиева.

Адис белгилегендей, көптөгөн мектептер өздөрүнүн билим берүү мекемесин жарнамалоо үчүн балдарды колдонушат. Тарбиячылар окуучулардын ата-энелерине, алар кеңири аудиторияга жайылтуу үчүн видеого тартууну пландап жатышканын билдирип, алардын макулдугун алышы керек.

"Кээде балдар өздөрү контент жаратууда башка балдарды колдонушат. Аларга балдардын ата-энесинин макулдугусуз болбой турганын түшүндүрүү керек. Балдар кандайдыр бир оору менен ооруп же кемчилиги бар болуп калат, алардын ата-энелери буга каршы болушу мүмкүн. Интернеттеги ар бир аракеттер артынан из калтыра турганын, сүрөттөр же видеолор шылуундар тарабынан колдонулушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Баары чоң адамдардын макулдугу менен гана болушу керек", - деп баса белгиледи адис.

Ата-энелер үчүн сунуштар

Мамбеталиеванын айтымында, ата-энелер балдардын коопсуздугу үчүн бардык жоопкерчилик өкмөткө жүктөлгөн деген түшүнүктөн баш тартышы керек. Бул интернетте иштебейт. Бийлик коомдук мамилелерди жана жалпы эле коопсуздукту жөнгө салууга жооптуу. Киберкоопсуздукка келгенде, ата-энелер да жооптуу болот.

"Эгер совет доорунда, интернет жок болгон учурда балдарды билим берүү мекемесине же өкмөткө ишенип калтырса, азыр бул ыкма иштебейт, анткени технология көзөмөлсүз ", - дейт адис.

Ата-эненин көзөмөлү болушу керек.

Ансыз коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ата-эне баласынын интернетте өткөргөн убактысын жана ал эмне көрүп жатканын, ага кандай ресурстар жеткиликтүү экенин, кандай сайттарга кире аларын, кандай тиркемелерди колдоно тургандыгын көзөмөлдөшү керек.

Ата-энелерге баланын интернеттеги жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө жардам берген көптөгөн технологиялар бар. Ар бир ата-эне бул эрежени балдардын гаджеттерине программалык камсыздоону орнотуу же башка уюштуруу жолдору менен орнотуусу зарыл.

Интернет провайдерлери жана тармактын өзү тарабынан берилген программалар туура эмес мазмунду чыпкалоого, баланын онлайн жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө жана керек болгондо SOS сигналын жөнөтүүгө жардам берет.

Албетте, ата-эненин көзөмөлү тиркемелерди жүктөөдө гана эмес, баланын технологиялык тренддерден арта калбоосун камсыз кылуу. Бала менен ар дайым баарлашуу, ишенимдүү мамилелерди түзүү, интернетте болгон бардык коркунучтарды талкуулоо зарыл.

Балага тиштерин жууганга үйрөткөндөй эле, интернетти коопсуз колдонууга дагы үйрөтүү керек. Бала тобокелдиктерди көрүп, алардан качышканды билиши керек.

Бул бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл дүйнөгө тиешелүү болгон өтө олуттуу тема.

Бардык коопсуздук чараларын өкмөткө жүктөп койгон болбойт, биринчи кезекте мунну менен ата-эне алектенүүсү керек. Анткени баланын баалуулук багыты, жүрүм-туруму үйдө калыптанат.

Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери колдоно ала турган пайдалуу ресурстар: Kaspersky жана Internetmatters.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт