// //

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

2019.10.04, 11:22
21001

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында күйөөсүнүн тойдогу жоруктары тууралуу айтылат. 

Анаржан: балээнин баары тойдон башталат

Сырттан караган адамга бактылуу үй-бүлө болуп көрүнүшүбүз мүмкүн. Ооба, мотурайган үч баланын ата-энесибиз, сүйүшүп баш кошконбуз, турмушубуз жаман эмес.

Биздин үйдө уруш болбосун десек, анда жолдошум экөөбүз карым-катыштан чыгып, той-топурга барбашыбыз керек. Балээнин баары ошол жактан башталат.

Ресторандын босогосун аттаганда эле Нурбекти жин урат. Үйдөгү камкор күйөөм мени унутуп, көздөрү ойноктоп, келген конокторду карай баштайт. Эмнени издеп жатканын жакшы билем.

Кечээ бир досу үйлөнүп, тоюна чакырды. Баргым келген жок. Бирок, жалгыз жиберип койсом, ал келгиче ар нерсени ойлой берип акылыман тайып калаарымды жакшы билем.

Балдарды сиңдиме таштадым. Салонго барып, башыман бутума чейин жасандым. Фигурама төп келген көйнөк кийдим. Буркуратып атыр себиндим. Күйөөм мени алып кеткени келгенде тааныбай калганын айтты. Ээрчишип жөнөдүк. Баса, мен 26, күйөөм 30да. 

Нурбектин жумушуна байланыштуу бир аз кечигип калдык. Барсак, коноктор бийлеп жатышыптыр. Күйөөм дароо аларга аралашып кетти. 

Дасторконго барып отуруп, көз салып турдум. Күйөөм келиндин курбу кыздарына шампан куюп берди, бирөөсүнүн көйнөгүн түздөдү, экинчисин жай бийге тартты, антракт учурунда каткырып ошол кыздар менен “флиртовать” этип турду. Ар дайым ушундай!

Ачуум менен жанына барсам, бир кыздын инстаграмын сурап жатыптыр. Жулкулдатып столго алып келип тамагыңды ич дедим. Ой тобоо, эч нерсе болбогондой тамак ичип отурду.

Бул эмне кылганың десем, “эмнеси бар экен, жаман иш кылган жокмун” деген жообу таң калтырат.

Кадимки күндөрдө нормалдуу эле жүрөт. Мыкты ата, камкор күйөө дегендей. Жаш кыздарга маани бербейт, алар тарапты карап да койбойт.

Ажырашкым келбейт, бирок бул кылыгынан абдан чарчадым. Эмне кылсам болот?

Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Эгер бул күйөөңүздүн жалгыз кемчилиги болсо, ажырашуу тууралуу сөз кылуунун да кереги жок. Албетте, күйөөңүз кыздарга тийишип жатышы жагымсыз нерсе. Мен сизди түшүнүп турам. Бирок, ал жашыруун эмес, баарынын көзүнчө жасап жатат.

Бир нерсени билгим келет: үйлөнгөнгө чейин эле ал өзүн ошентип алып жүрчү беле? Анын мындай жүрүм-турумунун максаты кандай? Бул аракети менен биринчи кезекте сизге, андан кийин башкаларга эмнени көрсөткүсү келип жатат? Жок дегенде бул суроолорго жооп бергенге аракет кылыңыз.

Балким, аны катуу көзөмөлдөйсүз, көп талап коесуз. А өзүңүз кандай көрүнөсүз. Үч балаңар бар экен, түшүнүп турам, бирок сиз болгону 26дасыз!

Күйөөңүздүн жүрүм-турумуна себеп таппасаңыз, анда ар кандай тактикаларды колдонуп көрүңүз. Мисалы, конокко барганда жанынан чыкпайсыз, чогуу бийлейсиз.

Кыз менен бийлеп жатканда жанына барып, минтип айтсаңыз болот: күйөөм дагы тамашалап, тийишип жатабы ж.б. Же анын жайдары мүнөзүн коштоп, мындай деңиз: күйөөм элдерди күлдүрүп, кыз-эркек дебей адамды өзүнө тартып турат, жакшы көрүнүүнү жактырат ж.б.

Анын мүнөзүн эске алуу менен көптөгөн варианттарды ойлоп тапса болот.

Юмор – чыр-чатакты чечүүнүн мыкты каражаты. Сиз канчалык ачуулансаңыз, ал ошончолук кыздарга көп тийишет окшойт.

Экөөңдүн ортоңордо кандайдыр бир конфликт бар, аны чечүү керек. Психолог жардам берет.

Маселени жакшылап иликтеп чыгуу зарыл, болбосо, анын мындай мамилесине жооп берип, демилгени өзүнүн колуна алган эрктүү бир кыз пайда болуп калышы мүмкүн. Ошондо олуттуу көйгөйлөр башталат.

Анын жүрүм-турум ниеттерин түшүнүүгө аракет кылып, ар кандай ыкмаларды колдонуп көрүңүз. Никени сактоо, бекемдөө – аялдын колунда, бирок, уруш-талашсыз, билдирбестен, тынч, сүйүү жана юмор менен.

Никенин негизги мыйзамын унутпаңыз: күйөөсү аялын сүйүшү керек, аял аны түшүнүшү керек. Аны түшүнүүгө аракет кылыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
07.10.2019, 12:05

Куйон жон гана бабник,мага окшоп)))

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт