// //

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

2019.10.09, 13:22
69309

Биринчи курс. Жатакана. Отуруш. Музыка. Бий. Студенттик күндөр сонун өтүп жатты. Өзүм айылда чоңоюп өскөн кызмын. Шаарга биринчи ирет келишим. Имараттар, дүкөндөр, ресторандар, соода борборлору, кандай гана керемет.

Окууга жөнөп жатканда апам, таенем, чоң энем ортолоруна тургузуп алып лекция окушкан. “Бизди уят кылба”, “Жакшы оку”, “Жигиттерге жолобо”, “Акчаны үнөмдө” ж.б.

Китептен башты көтөрбөй окуюн десең деле болбойт экен. Курбуларым “жүр тиги жака барабыз”,- деп көңүлдү бура беришти. Ошондой күндөрдүн биринде Кубанычты жолуктурдум. Сүйүү деген балекет башталды.

Экөөбүз сейилдеп жүргөндө убакыт эмне экенин унутуп калчубуз. Жатаканага түн ортосунда келем. Кыздарым уктабай мени күтүп отурушкан болот. Кирерим менен, “иий, эмне кылдыңар”,- деп тура калышат.

Экинчи курста үйдөгүлөр менен байланышып турмушка чыгам дедим. Апам чалкасынан кетти, таенем менен чоң апамды билбейм, бирок, атам эртеси шаарга жетип келди.

Сабак жазып отургам. Бөлмөмө атам кирип келип калса нес болуп калдым. Ой-боюма койбой айылга алып кетти.

Көп өтпөй Кубаныч ата-энеси менен келди. Атамдар “кызыбыз жаш”,-деп көөшөрүп туруп алышты. Ошентип туң сүйүүмдөн ажырап калдым.

Окууну бүттүм. Атамдар досунун баласына турмушка узатышты. Менден уруксат  сурап коюшкан жок. Кубанычтан кийин эч кимди сүйө алган жокмун.

Айдар үйдүн кенжеси экен. Ошентип айылда жашап калдык. Мен үйдө отурам. Ал базарга чыгат. Айтоор, коендой окшош күндөр.

Кыздуу болдук. Эмнегедир Айдар сүйүнгөн жок. Төрөтканадан чыгарып баратып, "эмкиси уул болсун” деди. Таң калдым. Бирок, эч нерсе деген жокмун. Катары менен дагы эки кыз төрөдүм. Айдар солго баса баштады.  “Уул төрөп бербесең, төрөп берчү башкасын издейм”,-деди. Кыздары менен иши жок. Мага колу тие баштады.

Кыздарым атасыз өспөсүн деп жакшы эле чыдадым. Көгала денемди узун көйнөктүн астында жашырдым, ачуу сөздөрүн унчукпай жуттум.

Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. УЗИге түшсөм дагы кыз экен. Үйгө баргандан зааркандым. Анткени, Айдар күтүп жаткан болчу.

Кыздардын көзүнчө аябай токмоктоду. Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Боюман түшүп калыптыр. Кыздарымды алып кетип калдым. Айдар аркаман издеп келген жок.

3 бала менен аябай кыйналдым. Ата-энеме барган жокмун. Болгон баалуу буюмдарымды сатып, батирге чыктым. Бир кафеге кечкисин пол жуугуч болуп жумушка орноштум. Ушунчалык кыйналдым, бирок кыздарым үчүн башымды көтөргөнгө аракет кылдым.

Мурун эле кетип калбаганыма өкүнөм. Кыздарга ата керек деп болбогон бир кепти карманып жүрө берип ден соолугуман айрылыпмын. Көрсө, кыздарымдын башынан эле атасы жок болчу экен.

Тытынып жүрүп соодага өттүм. Акырындап бутума тура баштадым. Кыздарым бой жетти. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алган ушул кыздарым болду. Жумуштан келсем, тамак даярдап коюшат, чарчадыңыз деп бутума массаж жасап беришет. Үчөө тең жакшы окушат. Мектепти бүтүп, өз күчтөрү менен чет өлкөгө окууга өтүштү. Күн сайын байланышып турушат.

Кээде уул төрөй албаганым үчүн өзүмдү күнөөлөйт элем. Кийин гана болочок баланын жынысы эркектен гана көз каранды экенин билдим. 

Унаамды айдап баратып пробкага туруп калдым. Машина аралап акча сурап жүргөн бир кишиге көзүм түштү. Кийимдери кир, сакал-муруту өскөн, кыязы, баш жаза албай жүрсө керек. Менин унаама келип, айнегин тыкылдатты. Тааныш учурады. Жакшылап карасам Айдар экен. Ал да мени тааныды. Жол ачылды. Машинамды айдап кеттим.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
09.10.2019, 16:46

КЫЗ ДЕГЕН КЫЗЫЛ АЛТЫН ДА САДАГА БОЛОЮНДАР.МЕНИН ДА ҮЧ КЫЗЫМ БАР ЖУМУШТАН КЕЛСЕМ ҮЙРҮЛҮП ТҮШҮП ТУРУШАТ.

0
Пайдалуу жооп
02.11.2019, 15:49

Менинда 2 алтындай кыздарым бар, аялым биринчи боюнда болгондо эле кыз болсо экен деп журчумун. Экинчиси да кыз болду учунчусуда кыз болсо жакшы болот 

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жумагуль Шаршеева
17.11.2019, 09:27

Кээ бир адамдарды тушуно албайсын. Бирок журокто оор нерсе менен кун откоро бересин

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт