// //

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

2019.10.09, 16:08
32991

“Ай болот ушу бизге!”, “Эптеп-септеп жетсек болду”, “Мен үчүн кымбат экен”, “Мага ушу эле болот”, "Курсагыбыздын тойгонуна шүгүр", "Арзанын эле ал", кичинемден бери ушул сөздөрдү угуп чоңойдум.

Жакшы оюнчук машинаны кармасам, ата-энем колумдан жулуп, жупуну бир оюнчук алып беришчү. Ак шым кийгим келсе, булганат деп кара шым кийгизишчү. Арзан конфет, печенье, сок ичип жүрүп бой жеттим.

Атам жактырбаган жумушунда иштечү. Көтөрүлүп же башка ишканага которулуу оюу да жок болчу. Чакан айлык алганына сүйүнүп жүрө берчү.

Бут кийимдерибиз жыртылса тиктирип алчубуз. Макул, бир же эки жолу тиктирсе болот. Бирок, биз ийне сая турган жер калбай калганча тиктирчибиз.

Жарнамадан Лексус, Мерседести көрүп, кийин мен да ушундай машина алам десем, ата-энем каткырып күлүп, “биз буга кайдан жетмек элек, биринчи Тико алып алчы” дешчү. Ошондо ичимден мен Тико эмес, Лексус алам деп кыялданаар элем.

Азыр короомдо эки Лексус токтоп турат. Үйүм кенен. Кычыштырган синтетика эмес, пахтадан тигилген кийим кием. Өзүмө жаккан багытта бизнес ачып алгам. Баарына өз аракетим, талыкпас мээнетим менен жеттим. Учурда дагы глобалдуу кыялдарым бар, аларды сөзсүз ишке ашырам. Көрөсүңөр, дүйнө менин колумда болот (азыр ичиңерден көпкөн адам экен дедиңер э?). Болгону токтоп калбаш керек. 

Өзүбүз эле арзан нерселерге умтула берип, аң-сезимибизди "мен баалуу нерселерге татыктуу эмесмин" деп ынандырып коет экенбиз. 

Бизди кичинебизде ушунчалык чек коюп чоңойтот дейсиңер, чоң нерселер тууралуу кыялдана да албайбыз. Эптеп окууну бүтсөк, жумуш тапсак анан "малолитражкага" жетсек болду. Бүттү, биздин кыялдарыбыз ушу эле.

Акыркы маркадагы машина айдап, особнякта жашап, кымбат буюмдарды сатып алууну кааласаң, “асмандын башын сүйлөйсүң”, “болгонуна шүгүр де”, “ бакыт акчада эмес” ж.б. сыяктуу сөздөрдү айтып, баарына жетүү мүмкүн эмес деп, биринчи кезекте өздөрүн, анан сени алдашат.

Эң жакшы нерселерди каалоонун эмнеси жаман. Мен бул өмүргө бир эле жолу келем, андыктан, бутумду кенен сунуп жашагым келет. Бул жерде акча жөнүндө кеп болгон жок. Мен ой жүгүртүүбүз жөнүндө айтып жатам.

Алдыга жетүүгө мүмкүн эмес болгон максаттарды коюп, сен мыкты нерселерге гана татыктуу экениңди билип, кыялдарды чектебей, тынбай аракет кылыш керек. Коркпогула! Көйгөйлөр да, мүмкүнчүлүктөр да башыбызда. Кимисин сыртка чыгарасыңар, өз колуңарда.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
09.10.2019, 17:27

Азаматсыз.????

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт