// //

Долбоор тууралуу

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз. Биз сиздерди тынчсыздандырган ар кыл темадагы суроолорго дарыгер, психолог, дин таануучу, юрист жана экономист тармактарындагы кесипкөйлөрдү тартуу менен жооп беребиз. Сиздердин сайт, Facebook , Instagram , WhatsApp жана Telegram, аркылуу жиберген суроолоруңуз анонимдүү түрдө калат. Сиздерге анализдөөнүн, изилдөөнүн жана эксперттер менен болгон баарлашуунун негизинде ден-соолугуңуздарды сактоого жана жакшыртууга, гармонияда жашап, күндөлүк турмушка керек болуучу билим жана жөндөмгө ээ болууга кереги тийген пайдалуу макалаларды сунуштайбыз. Суроолоруңуздарды 0 (704) 00 46 08 номуруна WhatsApp жана Telegram же болбосо bilesinbi.kg@gmail.com электрондук дарегине узатсаңыздар болот. Ошондой эле сайт аркылуу суроо жиберсеңиздер гиперссылка бул жерде.