// //

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

2019.10.21, 14:23
20425

Сырткы келбетиме анчейин деле маани бербейм. Башка аялдарга окшоп, мода кубалап кийинүү, боенуу, "прическа" кылуу дегенди билбейм. Күйөөмдү, “муну алып бер, тигини алып бер” деп кыйнабайм. Баары келин алгандан кийин өзгөрдү.

“Апа, келиңиз чачыңызды боеп берейин”, “Апа, териңиз кургап кетиптир, бул бет майды сүйкөп алыңыз”, “Апа, жүрүңүз маникюр жасатып келебиз”, “Апа, бул дүкөндө арзандатуу болуп жатыптыр, сизге ылайыктуу сонун көйнөктөр бар экен” ж.б, айтоор, келиним өң-келбетим менен алышып жүрөт.

Үч уулум бар, аларга сырткы келбетим маанилүү деле эмес. Курсактары тойсо болду. Бир нерсесин таппай калганда эле мени эстешет.

Чачымды боегендон бери бир топ жашка жашара түштүм. Кечээ күйөөм жаныман өтүп баратып, “сонун жыттанасың го”,- деп, өмүрүндө биринчи жолу комплимент айтты. Конокко барсам, курбуларым жаңы көйнөгүмдү макташты. Нымдандыруучу бет май сүйкөгөндөн бери, бырыштарым тартылып, бетим жумшарып калды. Баары келинимдин аркасы менен.

“Апа, алдыгы кийимиңиз менен сыртка чыкпайсыз”,-деп жолумду тороп алат. Той-топурга же базарга бар турчу болсом, койкойтуп кийинтип, боентуп анан жиберет. “Жаныш, мынча сом берчи”,-деп уулуман акча алып, колума карматып коет. Күйөөм мени жандап баскысы келип калды.

Өзүмө кам көргөн аябай жакты. Чынында аял кишиге бул нерсе керек экен. Көр турмуш деп өзүбүздү унутуп коет экенбиз да, анан сулуу айымдарды көрүп, маанайыбыз түшөт.

Келинимен мунун баарын кайдан билээрин сурасам, кудагыйым үйрөткөнүн айтты. Ыраматылык апам мага бул нерсе тууралуу айткан деле эмес. Көрсө, кыз кишиге өзүнө кам көрүүнү балачагынан  үйрөтүү керек экен. 

Өз кызымдай мага күйүп-бышкан келиниме ыраазымын. Алтымышка жакындап калганда, жаңы хобби таап, жашоомду башка нукка бурду. Кабатыр болбогула, аша чаап кеткен жокмун. Аттиң, бул нерсени мурда эле жасасам болмок экен.

Менден кайын энелерге кеңеш! Келиниме кайын энелик каарымды көрсөткөн жокмун, болгон кемчилиги менен кабыл алдым. Башкарып, башын кара жумушка салбадым. Жаманын эмес, жакшысын көргөнгө аракет кылдым. Жыйынтыгы мен күткөндөн да жакшы болду. 

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт