// //

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

2019.10.15, 14:49
31147

Өз ата-энемдин үйүнө күйөөмдү ээрчитип баргым келбейт. Себеби ал жакта жеңем бар.

Жеңем менен алгач таанышканда эле шукшуңдаган неме экенин байкагам. Чынын айтсам, жоош, жүрөгү жаш баланыкындай байкеме ыраа көрбөдүм. Айла жок. Байкем үйлөнүп алды. 

Көп өтпөй турмушка узадым. Кайын-журтумун үйүнө мени коштоп жеңем барды.

Көшөгөдө отурсам күйөө жолдоштор кирип келип, "жеңеңе күйөөң жакты окшойт, аны улам эле бийге тартып кыйнап жатат",-дешти. Ал убакта маани берген эмесмин. 

Төркүнүмө жакшылыктарга барып калсам, жеңем ачык эле күйөөм менен “флиртовать” этчү болду. Башында көзүмө көрүнүп жатат деп ойлочумун. Кийин бир-эки тууганыбыз байкап калып, билдирбей тамашага салып эскертүү беришти. Аларды угуп да койгон жок.

Күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат. “Ай ары турчу, Кадырбегиме сүйкөнбөй” же “Кадырбектин жанына өзүм эле отурам” деп ачык эле айтат.

Байкем баарын байкап турат, бирок, унчукпайт. Күйөөм болсо, жеңем аны айланчыктап баштаганда өзүн жоготуп коет.

Мунун айынан жолдошум экөөбүз канча уруштук. Баарын туура түшүнгөндөй болот, ата-энемдин үйүнө барганда кайра эле баягы көрүнүш байкалат.

Тажап кеттим. Күйөөм турса да өзүмдү жалгыз сезем. Кеңешиңерге муктажмын.

Адис эмне дейт

Мария Самсонова, психолог

Саламатсызбы! Күйөөңүз бар туруп өзүңүздү жалгыз сезгениңиз - бул өзгөчө көңүл бурууну талап кылган, өзүнчө бир көйгөй. 

Жеңеңиз жүрүм-туруму менен сиздин чекти бузуп жатат. Ага түздөн-түз барып, жасап жаткандары сиз үчүн жагымсыз экенин, мындан ары күйөөңүзгө болгон аракеттерин токтотуусун ачык айтыңыз. 

Балким жеңеңиз, жүрүм-туруму сизге кандай таасир берип жатканынан кабардар эмес. Адамдар бирөөнүн оюн окуй албайт, ошондуктан сезимдерди акырын жана чечкиндүү айтып үйрөнүшүбүз керек. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт