// //

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

2019.10.21, 12:56
7565

Бара-бара туугандарым той бергенин бирөөдөн укчу болдум. Мени эмнеге чакырышпады деп таарынбайм. Антип, таарынганга да акым жок. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Же күйөөмбү?

Данилге турмушка чыкканыма сегиз жыл болду. Эки уулубуз бар. Үчүнчүсүн күтүп жатабыз. Шаарда калабыз деген ниетибиз ишке ашпай калган. Университетти бүтөөрүбүз менен баш кошконбуз. Жумуш жок. Аргасыз Данилдин айылына жөнөп кеттик. Балким, шаарда калсак, туугандарыма жакын болот белем.

- Анара, уулумду отургузуп жатам. Келип кетесиңби?
- Бара албайм го, кенжем ооруп калыптыр, таарынбаңыз.
- Анара, 14ү келин алабыз.
- Данил командировкага кеткен, үйдү таштаганга киши жок, таарынбаңыз.
- Анара, апамдын туулган күнүнө келесиңби?
- Жол киреге акча жок, таарынбагыла.
- Анара, тайкеңдин 50 жылдыгын кафеде белгилейбиз.
- Бир жумадан бери катуу ооруп жатам, таарынбаңыз.

Кимге шылтоо керек болсо, мага кайрылсын. Түрлөрү көп, каалаганын табат. Чынын айтайын, баламдын дени сак, Данил командировкага кеткен эмес, жол киреге акча бар, катуу оорубай эле, сасык тумоолоп калгам. Болгону, күйөөмдүн жеме аралаш насиятын уккум келген жок.

Төркүндөрүм той-топурга чакырып калса, “Эт жеш үчүн барасың”,-деп жибербейт.

Жаңы үйлөнгөндө суранып жатып барып келчүмүн. Жөн отургузсачы, секунд сайын чалып, “жатып калбай, түндөп болсо да кел, уктуңбу”, - деп урушчу.
Турмушка чыккандан кийин төркүндөрүмдөн кадимкидей алыстап кеттим. Башында таарынып жүрүштү. Акыры, “анын шылтоосу бүтпөйт”,- деп кол шилтеп коюшту.

Данилге чогуу барып келели десем көнбөйт. Балдарды карап тур, мен өзүм барайын десем болбойт. Балдарды өзүм менен чогуу алып кетейин дегенге да ыктабайт. Баягы эле сөзү, “Эт жегиң келип калган окшойт”.

Ушунчалык чарчадым. Баарына кайыл болуп, башка жакка кетип калгым келет. Бирок, балдарымды ойлом. Эмне кылсам экен? Кеңешизге муктажмын.

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Катыңызда жазганыңызга караганда күйөөңүз менен болгон мамиле, "ребенок-ребенок" сыяктуу өңдөнөт. Анын күнөө сезимине, абийирге, коркутууга басым жасоосу - бул эмоционалдык зомбулук жана жетилбестик. Жолдошуңуздун позициясы жаш баланыкы жана өзүмчүлдүк. А сиз коркуп жана өзүңүздү күнөөлүү сезип жатасыз. Бул эшиги жок айлампа сыяктуу. 

Сиз туугандарыңыз менен такыр сүйлөшпөй кое албайсыз, туурабы? Баарлашуунун жаңы даражасына чыгыш үчүн, силер психологиялык жактан чоңоюшуңар керек. Башкача айтканда - келишүү, бири-бириңердин каалооңорду сыйлаганды үйрөнүү. Мисалы, сиз туугандарыңызга барып келесиз, андан кийин ал достору менен жолугушат ж.б. Жайбаракат отуруп алып сунуштап, шарттарды сүйлөшүп, өнөктөштү угуп дегендей. Эгер күйөөңүздү бапестеп, анын реакциясынан коркуп жүрө берсеңиз, анда бул чоңдордун эмес жаш балдардын мамилеси бойдон кала берет. Алар эч кандай жакшылыкка алып келбейт. 

Кежирлик - бул манипулация, ал чоңдорго мүнөздүү эмес. Анан да, конокко баратканда жол киреге күйөоңүздөн акча алуунун кереги жок. Башка вариант табууга аракет кылыңыз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
23.10.2019, 07:06

Кайнене жашы жашырак болсо айпайсынбы кайнатамды сизди ички кииминизди дууган кандай болот бизде атам менен апамды ички кимин жугун эмеспиз апам озу жучу деп суроо беиип корчу не дейт экен а пайпак жууш эштеке эмес, мен ту коргон эмесмин кайнатамды ички киимин жуган эмесмин даже кайнисиндимдин ички киимин жуган эмесмин мен например уят кором кайнене менен кайнатаны ички киимин жуган?

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт