// //

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

2019.10.16, 16:10
43887

Неберелерим уулумду эмес келинимди тартса экен деп тилейм. Балам өтө жоош, жемин оозунан алдырып коет, алсыз. Бечара, өзү эмне каалап жатканын деле билбейт. Ыраматылык атамды жазбай тарткан.

Биз жакта келиндер өмүр боюу жүгүнүп өтөт. Келиним муну жакшы билет. Бирок, эч кимге жүгүнбөйт. Жаңы келгенде бир-эки жолу ийилип салтты аткарып койду. Кийин жаныма келип, “апа мага жүгүнгөн жакпайт”,- деп, ачык эле айтты. Каалабаса эмне, кыстамак белем, ботом өзү билет да.

Жаңы келгенде эле “дерзкий” экенин байкагам. Эр жүрөк, эч нерседен тайманбайт, эмне жумуш болбосун майын чыгара жасайт.

- Ай Сайра, дагы келиниң жок жалгыз келдиңби?

- Анан артыңыздан барам деди.

- Эмитеден укпаса, кийин кантет.

- Зордоп сүйрөп келмек белем, келем дегенден келет да.

- Билбейм, билбейм, биздин келиндер эбак келген.

Кошуналар же туугандар той-топурга чакырып калса, келиним аягында же ортолоп калганда келчү. Башында баары сөз кылып жүрүштү. Азыр эркек-аялы дебей келиниме унчуга алышпайт.

Колунан баары келет дебедимби. Беш келиндин ишин бир мүнөттө бүтүрүп коет. Той ортосунда же аягында келип, “Саламатсызбы!”,- деп баары менен учурашып, дароо ашкана жакка жөнөйт. Бир заматта үйүлүп турган идиштерди жууп, иче-карындарды тартып, тазалап, дүкөндөй кылып орду-ордуна тизип, “жакшы калыңыздар”,- деп чыгып кетет. Ооздору ачылган боюнча калышат.

- Биздин келиндер Сайраштын келининин тырмагына да жетпейт.

- Оба, андан мурун келген келиндер эмне кылганы байкалбайт.

- Эптеп-эсептеп чампалап коюшат.

- Эх, эмне дейсиң, айла жок.

Келиним менен сыймыктанам. Башында уялып, тартынып жүрчүмүн. Жакшылык-жамандыктарга кечигип келсе, жүгүнбөсө артынан сөз кылып, кээде мага ачык эле айтышчу. Келиним буларга көңүл да бурган жок. Азыр эч кимиси унчуга албайт. Жумушту башка келиндерге ыраа көрбөй, меникин күтүп отурушат.

Келинимди тарбиялаган кудаларыма рахмат айткым келет. Уулумду ушу келиним адам кылды. Мен эң бактылуу кайын энемин. 

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт