Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

2019.11.20, 19:21
3083

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында, апасынын алдында күнөлүү экени айтылат. Каармандын аты өзгөртүлдү. 

Ариет: жиберген белектерин ыргытчумун

“Эмне келдиң?”, “Жолобо мага!”, “Сен мени таштап кеткенсиң””, “Белектериңди алып кет, болбосо ыргытам!”. Бечара апам, “уулум”,-деп маңдайымда буркурап ыйлап турду. Кучагынан жулкунуп чыгып, басып кеттим. Арадан төрт жыл өттү. Бул окуя дале жүрөгүмдү оорутат. Себеби апамды ошол күнү акыркы ирет көрүпмүн.

Алты жашымда ата-энем чоң ызы-чуу менен ажырашты. Үйдө идиш-аяктын баары сынды. Таенем менен чоң апамдар урушту. Ал күндү унутпайм. Мени атам өзүнө алып калды. Апам инимди алып кетти. Көп жолу келип мени талашып жүрдү. Атам бербей койду.

Мектебиме жашынып келип кабар алып турчу. Акыркы жолу келгенде Россияга иштегени кетип баратканын айтты. Жанымда көпкө чейин ыйлап отурду. Мен анда үчүнчү класс элем.

Убакыт өтүп апамсыз жашаганга үйрөндүм (же үйрөтүштү). Чоң апам ар дайым мага өз апамды жамандап турчу: “Атаң ырас эле ажырашты”, “Апаңа сенин керегиң жок, кана бир басып келип койгону”, “Баласын таштап Россияда жыргап жүрөт да”, “Колунан эч нерсе келбечү, жарыбагыр десе”, “Акмак катын эле”, “Ырас сен биз менен калдың, апаң сени карабайт болчу” ж.б. Бара-бара бул сөздөргө чындап эле ишенип, апамды жек көрө баштадым.

Майрамдарда, туулган күнүмдө апам Россиядан таттууларды, кийим-кечектерди салып жиберчү. Чоң апам менен атам ыргытып салышчу. Кийин аларды туурап өзүм ыргытчу болдум.

Апамды жамандап сүйлөсөм, чоң апам кыткылыктап күлүп, “биздин каныбыз”, - деп бетимден өпчү. Бул нерсе мага жагып, ого бетер күчөйт элем.

Бир жолу таенем инимди ээрчитип келди. Чоң апам үйгө киргизбей койду. Таенемдин, “бир туугандар сагынычын таратып алсын”, - деп жатканын билем. Терезеден инимди көрүп ыйлап жибердим. Чуркап чыккым келди. Анте албадым. Чоң апам экөөнү түртүп эшикти жаап таштады. Көз жашымды сүртүп билмексен болуп отуруп калдым.

Он төрттө элем. Апам келди. Чоң энемден, атамдан уккан ачуу сөздөрдүн баарын айттым. Берген белектерин сындырып, тепселедим. Апам ыйлап жатты. Бул учурда чоң энем менен атам мени сыймыктануу менен карап турушту. Өзүмдү баатыр сездим. Апам боздогон боюнча кетти.

Бир айдан кийин жол кырсыгына кабылып каза болду. Бардык. Ыйлаган жокмун. Нес болуп эле жүрдүм. Таенем менен иним боздоп жатты. Боз үйдүн жанында отурсам, таенем чакыртты. 

“Келегой, жаныма отур. Балам, мен сени күнөөлөбөйм. Сен балалык кылып чоң апаңдан жана атаңдан уккан сөздөргө ишендиң. Уулум, апаң алар айткандай жаман адам эмес болчу. Иниң экөөңдүн келечеги үчүн тынбай иштеди. Сен он жетиге чыкканда банктагы эсебиңе ээ болосуң. Апаң сенин окууңа деп акча чогултуп койгон. Сага барган сайын ыйлап келчү. Катуу ооруп, тура албай төшөктө жаткан күндөрү болду. Ошондо да сени жаман көргөн эмес. Бир күнү, “апа” –дейт деп үмүттөнүп жүрдү. Сени менен сүйлөштүрүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Бир жолу апаңды угуп койсоң, баарын түшүнмөксүң. Эми, кеч. Уулум, иниңе тирек бол”, андан ары сүйлөй албады, буркурап ыйлап жатты.

Учурда шаардагы окуу жайлардын биринде окуйм. Акыркы күндөрү апамды көп эстечү болдум. Эмнеге чоң энем менен атам мага аны жаман көрсөттү? Балким, алар бул сөздөрдү айтпаса, апам менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берсе, азыркыдай болуп кыйналбайт элем. Түшүмө апамды кууп, бакырып жатканым кирет. Эмнеге андай кылдым? Апа, мени кечир...

Адис кеңеш берет

Эльвира Чокоева, психолог

Саламатсызбы! Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тилекке каршы, жашоодо ар дайым эле биз каалагандай боло бербейт. Ата-энеңиз сиз кичине кезиңизде ажырашып кетиптир. Бул жөн гана ажырашуу эмес, себеби бала үчүн ал жашаган дүйнө толугу менен бузулат.

Ал кезде алты жашта экенсиз, кичине болчусуз, атаңыз алманы кара десе, кара деп ишенгенсиз.

Атаңыз сиз үчүн авторитет болчу, сиз анын сөздөрүн чындык катары кабыл алчусуз. Экинчи тараптан чоң апаңыз кошула калып, апаңызды жаман киши деп айыптады. Күндөр өтө берди, сиз бой жеттиңиз, өлгөн күнү апаңыз тууралуу чындыкты билдиңиз.

Ал акча топтоп, ар дайым сиз менен болууга аракет кылган. Бирок, баары кандай болушу керек болсо, ошондой болду.

Бала кезиңиздеги апаңызга болгон жаман мамилеңиз атаңыз менен чоң апаңыздын абийиринде калсын.

Бул жерде сиздин күнөөңүз жок. Азыр сиз чоң адамдын көз карашы менен үй-бүлөлүк жагдайды аңдап, ак-караны айырмалап калдыңыз. Кимдики туура, кимдики туура эмес дегендей.

Учурдагы негизги милдетиңиз, сизге тынчтык бербей жаткан күнөө сезиминин үстүндө иштөө. Алгач апаңыздын мүрзөсүнө барып, аны менен сүйлөшүп, кечирим сурап, ыйлап алыңыз. Бул биринчи кадам болот. Кандай ойлойсуз, бул апаңызга жагат беле? Бир тууган иниңиз менен мамилеңиз кандай? Аны кантип жакшыртууга болот? Жашоодогу максатыңыз эмнеде? 

Апаңыз окууңузга деп акча топтогонуна караганда, карьера жасасаңыз анын жүрөгү жылымак, деп ойлойм. Апаңызга эмне үчүн ыраазысыз? Күнөө сезимин ыраазычылык сезминине айырбаштоого аракет кылыңыз. Түшүнүп турам, бул жеңил эмес, бирок өтүү керек болгон маанилүү кадам.

Жакындардын өлүмү бул дайыма эле кыйын, бирок, апаңыздын жок экенин жана өзүңүздү кандай болсоңуз ошо бойдон кабыл алып, алдыга умтулуу керек.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт