// //

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

2019.11.16, 15:35
26011

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жаш келиндин баянында күйөөсүнөн көргөн азаптары тууралуу айтылат. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Ватсаптагы жазышуу:

А. Эмне деп чечтиң?

                                      Б. Номеримди кайдан алдың?

А. Суроомо жооп берсең.

                                      Б. Билбейм. Азырынча эч нерсе дей албайм.

А. Өзүңдү кыйнап жүрө бересиңби?

                                      Б. Мени шаштырбачы. Суранам.

А. Канча десең ошончо күтөм.

                                      Б. ...

Күйөөмдү сүйгөн эмесмин. Экөөбүздү туугандарыбыз баш коштурган. Макул болгонума өкүнөм. Жаш экенмин. Эки балам бар. Экөө тең мага жакын. Апалап жаныман чыгышпайт. Ананчы, атасы тигиндей болсо.

Жемелейт, жердигиме, туугандарыма асылат, басынтат, зериксе отуруп алып мээмди жейт. Мени оорукчан кылып бүтүрдү. Боюмда бар кезде ага жардам болсун деп иштеп жүрдүм. Аны билген жок. Эркектин майдачыл болгону жаман экен. Акчасын бекитет. Кылган жумушуна милдет кылып наалыйт. Булар башы эле. Калганын айтпай эле коеюн.

Өзүн таза алып жүрбөйт. Атйкандарымды угуп да койбойт. 

- Эй, эмне мынча кеч турасың? Ыя!

- Саат беште турганым кечпи.

- Бир жакка барсаң да үйдөн кеч чыгасың.

- Дагы баштадыңбы?

- Бери кара дейм.

Күн сайын мээмди жейт. Мите курттан да өтүп кетет. Бул кылыктарын көтөрө албай калдым. Жумушуна кеткенде кадимкидей эс алам. Бир аз жеңилдей түшөм. Күйөөгө тийгенден бери күлгөндү унуттум. Ар дайым кабагым бүркөө. А жолдошум мени шылдыңдап, каткырып жүрөт. 

Турмушка чыкканга чейин жигитим бар болчу. Акылбек абдан камкор эле. Мени катуу сүйөөрүн билчүмүн. Бакырайган көздөрү айтып турчу. Отузга жакындап калды, үйлөнө элек. Эч ким көңүлүнө менчелик толбой жүргөнүн айтат. Кээде жазып акыбалымды сурап калат.

Ватсаптагы жазышуу.

А. Мага турмушка чык. Эки балаңды өз балдарымдай кабыл алам.

                                          Б. Эмне деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?

А. Туугандарым каршы эмес. Баары жакшы болот. Сени унута албай койдум.

Акыркы убактарда, "ажырашып мага тий" ,- деп, макулдугумду сурап айламды кетирди. Акылбек үйдүн кичүүсү. Турмуш шарты жакшы. Шаарда жана айылда үйү бар. Кем кылбай багам дегенине ишенем. Кээде ага турмушка чыккым келип кетет.

Кандай кылсам туура болот?  Балдарым үчүн күйөөм менен жашай берейин дейм., бирок, өмүр бою күйөөмдүн ачуу сөздөрүнө чыдай албайм. Ажырашып, балдарымды өзүм эле баксамбы? Кеңеш бериңизчи? Аябай чарчадым.

Адис эмне дейт 

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Билесизби, адамдар өлүм астында эки нерсеге гана өкүнүшөт: аз саякаттаганына жана өздөрү сүйгөн адам менен болбогонуна. 

Балдарыңыз 10-15 жылдан кийин бой жетип, ата-эненин уясынан учуп чыгып, өз жолу менен кетишет. Ал эми сиз, бүт өмүрү дале алдыда болгон, кырк жаштагы жапжаш айым бойдон каласыз. 

Азыр сиз башкага кетип калсам, балдарым атасыз өсүп калат деп, күнөө сезимин сезип жатасыз. Ал эми атасы апасын кыйнай берсе, аларда кандай эне болоорун ойлодуңузбу? Апасы бактылуубу? Балдарга азып таркан эне керекпи? Ар дайым урушту көрүп жаткан балдардын психологиялык ден соолугу кандай болот?

Жигитиңиз менен кайра жарашсаңыз, өзүңүздү кандай сезесиз? Өзүңүзгө бактылуу болуу укугун бериңиз. Сиз бул нерсеге татыктуусуз. Кыязы, сиз тандоо жасап койгонсуз, бир гана күнөө сезиминин бул жерде эч кандай пайдасы жок. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
16.11.2019, 17:35

Смело чыгабериниз омур бою окуносуз куёнуз менен жашап.Точно айтам.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
17.11.2019, 10:40

Андай күйөө менен ажырашып эле алган онго.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
17.11.2019, 10:41

Ажырашканын эле оң

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.11.2019, 16:18

Уялбайсынарбы ажыраш дегенден! Балдарынды атасынан ажыратып, тиги жигитин жигит болгон учун жакшы корунуп жатат азыр. Тийип алсан озгорот ал дагы, "бытовуха" башталганда, эки балан менен келгенсин деген создор чыкса эмне кыласын? Чогуу жашабаган учун жакшы корунуп жатасынарда бири-бирине. Эки жылдан кийин андан дагы бирди тороп, дагы башка жигит жакты деп ал менен да жазышып, тийем деп чыгасынбы? Бул куйооно тийип жатканда чечкиндуу болушун керек болчу, тийдинби жаша эми нормально. Куйоон менен суйлош, чечкиле. Жакпаган жерин айт, коч бара-бара онолот. Ата-эне болгон сон, экоон тен кичине жоопкерчиликтуу болгула! Эгоист болуп озунордун кочугунорду ойлой бербей!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт