// //

Тарелкага пакет кийгизип тамак жеген досубуз тазалыкка үйрөттү

2019.11.07, 12:00
4742

-           Э балдар, кимде таза байпак бар?

-           Менде жок.

-           Менде бар.

-           Сеники өлүп калган, албайм.

-           Ваай, ата.

-           Меникин ала бер.

-           Рахмат.

Жатакана. Бир бөлмөдө алты бала. Дем алганга таза аба жок. Бурчтагы столдо бир айдан бери ( же андан көппү) ачыган тамак турат. Төгүп койгонго эч кимдин акылы жетпейт. Көгөргөн бөлкө сувенир сыяктуу эле болуп калган. Терезенин киринен сырт көрүнбөйт. Ак пардабыз капкара. Айтоор, жашоо жыргал.

Суу бат-баттан өчөт. Суу өчсө жуунгандан эринген бизге жыргал. И баса, кыздар менен кездешүүгө чыга турган болсок, бир атырыбыз бар, ошону колтукка, бутка, моюнга себинип алабыз. Муну айтып жатып, бир күлкүлүү учурду эстеп кеттим.

Арабызда Адик деген комик досубуз бар болчу. Сабактан келип сарымсак менен нан жеп жатса, сүйлөшкөн кызы жолугалы деп чалып калды. Тиш пастабыз түгөнүп калган. Мен эртең менен акыркысын сыгып жуугам. Адик бир аз ойлонуп турду да, жанагы атырды оозуна себип алып чыгып кетти. Боорбуз эзилип калды.

Баары Жуман келгенде өзгөрдү.

Адик окуусун таштап айылына кеткенден бери бир керебет бош болчу. Көп өтпөй вахтер бөлмөбүзгө жаңы студент алып келди.

Тааныштык. Жуман кемпирдин колунда өскөн бала экен. Ата-энеси эки жашында авто кырсыктан каза болуптур. Окуусун бүтсө, айылга барып иштейм дейт. Адамгерчиликтүү жигит экени дароо байкалды.

Чачы таралган, жакасы аппак, жагымдуу жыттанат, байпагы бүтүн. Башка планетадан келген сыяктуу.

Жигиттер менен сабактан келсек бөлмөбүз башкача. Жанагы көгөргөн бөлкө менен ачыган тамагыбыз жок. Терезеден жарык кирип, полдун бети кызарып, пардабыз агарып калыптыр. Жуман кылганын дароо байкадык. Уялып кеттик.

Тиш щеткалары, самындары баары ордунда. Кийимдерин жууп, үтүктөп, бүктөп шкафына салат. Жаткан жери таптаза. Нандын күкүмдөрү жок. Бизге окшоп каяктагы тамактарды жебейт. Эртең менен сүт, түштө ысык тамак, кечинде жеңил тамак ичет. Кыскасы, ден соолугуна кам көрөт. 

Баса, бөлмөнү кезектешип тазалап турабыз деп дежурлардын графигин түзүп койду. Билесиңерби, бул нерсе бизге жардам берди. Бирөөбүз бөлмөнү тазалап бүткөндөн кийин, чачпагыла деп кадимкидей көзөмөлдөп калдык. Мээнет деген нерсе сонун экен.

Мурда колубузду, тишибизди жуубай ар нерсени жей берип көп ооручубуз: бирде ашказаныбыз, бирде ичибиз, бирде тишибиз. Эми ар бирибиздин шкафыбызда тиш щетка, тиш паста, шампунь, самын деген нерселер пайда болду.

Бизде суу бат-бат өчөт дебедим беле. Бир күнү суу эки жумага өчтү. Сабактан келсек Жуман тарелкага пакет кийгизип алып тамак жеп отуруптур. Каткырып күлүп, бул эмне деп сурасак, “суу келгиче идиштерди булгабай туралы”,- деди.

Жуман: “Баарын чоң энемен үйрөнгөм. Энем ар дайым, “Адамдын ичи гана эмес, сырты да таза болуш керек. Өзүн таза кармай албаган адамдан бир нерсе үмүт этип болбойт” дечү. Айылга барып калсаңар, сөзсүз биздин үйгө келгиле, энемден бата алып берем”.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт