// //

Кайын эжемдин балдары менин кызымды уруп коюшат. Эмне кылышты билбей турам.

2020.10.13, 12:45
2287

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма эки жыл болду. Жолдошум алыста, мен кызым менен кайын журтумда турам. Кызыма 8 ай болду. Кайын эжем эки баласы менен биздикинде. Анын балдары эгоист, кызымды согуп, колундагысын тартып алышат. Апасы балдарын тыйбайт. Кызыма болушуп аларды согуп коем.

Балдардын айынан урушчу болдук. “Эми чекесине чертсең чачташабыз” деп коркутуп жатат. Акыркы күндөрү уктай албай да калдым. Ачууланам, бирок унчуга албайм.

Жолдошум келгиче төркүнүмдө болоюн десем да макул эмес. Кандай кылсам болот? Мага кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.10.2020, 12:46

Эльвира Чокоева

Психолог

Сиз үй-бүлөнү күйөңуз менен бир кургансыз. Шартка байланыштуу ал алыс жакта жүрөт, ал эми сиз анын туугандары менен жашоого аргасыз болуудасыз. Бирок, күйөөңүз алыс жакта болсо деле силер үй-бүлө бойдонсуңар, демек ортодо пайда болгон маселелерди биргелешип чечүүгө милдеттүүсүңөр.

Менимче бардыгын болгондой түшүндүрүп, сүйлөшүүгө аракет кылуу керек. Өз кызыкчылыктарыңызды коргоңуз. Эки тарапка тең ылайыктуу боло турган компромиске келип, маселени чечүүгө аракет кылгыла.

Асель Баимбетова

Психолог

Күйөөңүз жокто анын туугандары менен бир жашаган ыңгайсыз болуп жаткандыгы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ал башка өлкөдө, а сиз жаңы үй-бүлөгө көнө элексиз.  

Ал эми балдар жөнүндө айта турган болсом, биринчи кезекте кайын эжеңиз менен сүйлөшүңүз. Сизге эмне жакпай жатканын айтып, анын оюн угуп, бир чечимге келүүгө аракет кылгыла.

Эгер андай жол менен маселе чечилбесе, жолдошуңуз менен сүйлөшкүлө. Экөөңөр үй-бүлө болуу үчүн баш кошконсуңар. Эгер анын туугандары менен бир жашаган сизге ыңгайсыз болуп жатса, бул тууралуу ишенимдүү, жеткиликтүү билдириңиз.

Кыргыз үй-бүлөлөрдө маселени улуу туугандардын деңгээлинде чечсе болот. Балким сиздин ата-энеңиз куда-кудагыйы менен сүйлөшүп көрүшөт. Жолдошуңуз кайтып келгиче төркүнүндө болуп туруусу боюнча макулдашышат.  

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

 

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт