// //

Өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосу тууралуу

2024.03.25, 15:24
429

Психолог Инна Поляк сергек жашоо образы - баланын келечектеги бактылуу жана ийгиликтүү жашоосунун бекем пайдубалын түзүүчү негизги фактор экенин айтат.

"Заманбап өспүрүмдөрдүн кыймылсыз жашоо образы үчүн тынымсыз физикалык көнүгүү абдан зарыл болуп саналат: топтолгон энергиясын чыгарууга, ден соолугун жана иммунитеттин чыңдоого, гормоналдык жана нерв системасынын активдүү иштетүүгө. Ал эми өспүрүм курактагы гормоналдык дисбаланстарды эске алсак, физикалык активдүүлүк маанайдын түшүүсү, кыжырдануу жана эмоционалдык селкинчек менен күрөшүүгө жардам берет",- деп белгилейт психолог.

Сергек жашоо образын калыптандырууда ата-эне чоң роль ойнойт. Анткени, алар өспүрүм үчүн талашсыз бийлик жана багыт көрсөткөн адам болуп саналат. Ошол эле учурда тарбия тууралуу сөз кылуунун зарылчылыгы жок, бул жерде үлгү көрсөтүү маанилүү.

Балдар биздин жүрүм-турумубузду автоматтык түрдө туурашат. Андыктан, ата-энелер өздөрү телефон кармап тамактанышса, спорт менен машыкпаса, убагында уктабаса, фаст-фуд жешсе, өспүрүмдөрдөн бул нерселерди талап кылуу пайдасыз.

Балдар биздин көчүрмөбүз болот. Демек, бул жерде иштеген бир гана ыкма бар – ата-энелер балдары кандай болсун дешсе, өздөрү ошондой адам болушу керек.

Өспүрүмгө жага турган нерсе таап берүү оңой. Биринчиден, ата-эне балага өздөрүнүн аткарылбаган кыялдарын жүктөбөшү керек.

Эгерде убагында алардын бийчи болуу кыялы ишке ашпай калса, бул баласынын оюн эсепке албастан бийге бериши керек дегенди билдирбей. Ата-энелер өз кыялдарын өздөрү ишке ашырышы керек, ал эми өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн кыялдары бар.

Экинчиден, машыгууга байланышкан максаттарды тактап алуу керек. Мисалы, согуш өнөрү өзүн-өзү сыйлоону бекемдөөгө жана теңтуштарынын арасында авторитетке ээ болууга, командалык спорт коммуникация көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле өспүрүмдүн темпераментин жана физикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу маанилүү. Анткени көптөгөн спорт түрлөрүнүн өзүнүн спецификалык өзгөчөлүктөрү бар, булар өспүрүмгө туура келбей, бала өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Жалпысынан алганда, эгерде профессионалдык спортту эске албасак, өспүрүмдүн кызыгуусу жана машыктыруучу компетенттүү болсо, анда баарына жетүү мүмкүн. Ошондуктан, чыныгы машыктыруучуну издөө керек. Бул жерде клубдун статусу, машыгуу шарты эмес, машыктыруучу негизги ролдо. Өз ишин чындап сүйгөн адам, башкаларды дагы кызыктыра билет. Анткени, машыктыруучу да өспүрүмдүн жашоосунда белгилүү бир авторитетке ээ болуп, керек болгон жерде ага жардам берет.

Ата-энелер өспүрүмдөр менен биргеликте, ал баштагысы келген ТОП 5 багыт тууралуу талкууласа болот. Алдын ала күтүлүшү мүмкүн болгон кыйынчылыктарды талкуулап алуу маанилүү. Биринчиден, тартипти сактоо, өзгөчө машыгуунун биринчи айында. Жалкоолук, залга барбай коюу каалоосу болорун, бул нормалдуу көрүнүш экенин эскертүү керек. Алар менен күрөшпөсө, эч кандай жыйынтык болбой турганын дагы айтуу зарыл. Биринчи айда машыгууну калтырбай барса, айдын аягында кандайдыр бир сыйлык болот деген келишимди сунуштаса болот. Бул этапта ата-энелердин моралдык жана эмоционалдык колдоосу да маанилүү. Айталы, ата-эне баласын машыгууга байланышкан бардык кыйынчылыктарды жеңгени үчүн мактап турса болот. Тааныштарга жана жакын адамдарга балаңыз менен канчалык сыймыктана турганыңызды айтуу маанилүү. Бул нерсе өспүрүмдүн көзүнчө болсо, абдан жакшы болот.

Машыгууда жашоодой эле жеңилүүлөр болорун, бирок бул баш тартып, баарын таштоо дегенди билдирбешин айтып туруу керек. Тескерисинче, бул кайра-кайра аракет кылуу зарыл дегенди билдирет, керек болгон учурда, мамиле менен стратегияны өзгөртүү талап кылынат. Бул жерде ата-эненин бала кезиндеги эскерүүлөрү да пайдалуу болот: алар кичинесинде ушул сыяктуу этаптарды кантип басып өтүшкөн дегендей.

Бул этапта ата-энелер кетирген негизги каталар:

  • Баланын эмне үчүн көңүлү келбей жатканынын себептерин түшүнбөй туруп машыгууга мажбурлоо. Күч колдонуу менен баланын спорт менен машыгууга болгон каалоосун түп-тамыры менен жокко чыгарасыз.
  • Биринчи кыйынчылыктар башталганда эле, дароо баш тартууга, барбай эле коюсуна уруксат берүү. Эгер бул ыкманы колдонсоңуз, толтура секциялага алып барганыңыз менен жыйынтык дайыма бирдей болот.
  • Өспүрүмгө бийик талаптарды коюу. Балаңыздын өзгөчөлүгүн эске албай, андан жеңиштерди жана жыйынтыктарды күтүү. Бул ата-эненин сүйүүсү баа менен байланышкан экенин билдирип, баланын андан аркы жашоосуна терс таасир тийгизет: өзүн-өзү төмөн баалоо, прокрастинация, невроздордун жана перфекционизмдин пайда болуусу.

Жалпысынан, ата-энелер үй-бүлөдө спорттук салттарды түзүүгө жана ишке ашырууга убакыт жана күч жумшашы керек. Чогуу чуркоого чыгуу, велосипед тебүү, сууда сүзүү, үйдө машыгуу – мунун баары үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатып, бош убакытты сапаттуу жана пайдалуу өткөрүүгө жардам берет. Андыктан үй-бүлөдө туура салттарды калыптандыруу үчүн акчаны да, убактыңызды да аябаңыз. Бул өз кезегинде неберелериңиздин жана чөбөрөлөрүңүздүн дени сак жана бактылуу болушуна шарт түзөт.

Тамактануу

Өспүрүм баланын туура өнүгүүсү үчүн тамактануу абдан маанилүү. Медицина илимдеринин доктору, КММАнын профессору жана тамактануу боюнча адис Турсун Мамырбаеванын айтымында, өспүрүм курак бүтүндөй организмдин тез өсүшү, өнүгүүсү менен мүнөздөлөт. Дененин интенсивдүү өсүшү байкалат, скелет сөөктөрү катып, булчуңдар бекемделет. Өспүрүмдөрдүн калория жана аш болумдуу заттарга болгон муктаждыкгы жогорулайт.

Тамак – бул организмдин өнүгүшү жана өсүшү үчүн зарыл болгон "курулуш материалы".

Адистин айтымында, туура тамактануу тамак-аш азыктарына бай (дан, жашылча, мөмө-жемиш, жумуртка, эт, балык, сүт азыктары, жаңгактар, майлар, жыпар жыттуу татымалдар, соя жана буурчак өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштер, уруктар) азыктарды колдонууну камтыйт. Булар пайдалуу нерселеге бай, көбүнчө аз, бирок жетиштүү калориялуу.

Дени сак, ар түрдүү тамактар ​​организмди керектүү болгон бардык азыктар менен камсыз кылат. Адам тамактан 70ке чейин түрдүү заттарды алышы керек, булар белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер, микроэлементтер жана башка биологиялык активдүү заттар.

Өспүрүм кыздарда фолий кислотасынын жетишсиз болсо, алардын ден соолугуна жана келечектеги жашоосуна коркунуч туулат. Фолий кислотасын жетишсиз деңгээлде кабыл алуу, рактын, анын ичинде баш менен моюндун, ооз көңдөйүнүн жана тамактын, кызыл өңгөчтүн жана уйку безинин, табарсыктын жана жатын моюнчасынын рак оорусуна чалдыгуу коркунучун жогорулатат.

Тамакты ашыкча жеген да, аз жеген да ден соолукка зыян. Калориялуу тамактарды (майлуу тамактарды, таттууларды) ашыкча колдонуу семирүүгө алып келет. Семирүү жүрөк-кан тамыр оорулары, гипертония, рактын кээ бир түрлөрү жана 2-типтеги кант диабети сыяктуу ар кандай оорулардын негизги тобокел фактору. Семирүүнүн алдын алуу үчүн адекваттуу физикалык активдүүлүк жана тең салмактуу тамактануу сунушталат. Дени сак адам энергиянын 10% белоктордон, 15-20% майлардан жана 50%дан ашыгын татаал углеводдордон алганга аракет кылышы керек. Муну менен катар өспүрүмдөр көп май, туз жана кант кошулган тамактардан баш тартышы керек.

Жетиштүү тамактанбоо ич өткөк, кызамык, безгек жана пневмония сыяктуу жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат, ал эми өнөкөт жетишсиз тамактануу баланын физикалык жана психикалык өнүгүүсүн начарлатат.

Витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги иммундук системаны начарлатышы мүмкүн, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдүкүн. Мисалы, темирдин жетишсиздигинен улам анемия пайда болот. Анемияга чалдыккан балдар жана өспүрүмдөр көбүнчө вирустук жана бактериялык инфекциялардан жапа чегишет жана өнүгүүсү артта калышы мүмкүн.

Организмде А витамининин жетишсиз болсо, көптөгөн жугуштуу оорулардын оор формасы пайда болот, алар көбүнчө өмүргө коркунуч туудурган шарттар менен татаалдашат.

Ошентип, туура эмес (ашыкча же жетишсиз) тамактануу өспүрүмдөрдүн ден соолугуна гана эмес, алардын келечек муунуна, мамлекеттик масштабда улуттун келечегине коркунуч туудурат.

Турсун Мамырбаеванын айтымында, балдар кичинекей кезинен эле башкаларды көрүп, туурап тамактанганды үйрөнүшөт. Эгерде рацион ар түрдүү болбосо, кээ бир керектүү продукттар жетишсиз же калориясы өтө жогору болсо, бул туура эмес тамактануу адатына алып келиши мүмкүн. Мындай адаттарга маркетинг жана жарнама да таасир берет.

Өспүрүмдөргө туура тамактануу адаттарын калыптандыруу үчүн ата-энелер бул нерсени жасай алат:

  • күнүмдүк мүмкүнчүлүктөрдү үйүңүздө пайдалуу тамак-ашты колдонууну стимулдаштыруу үчүн колдонуңуз;
  • тамакты чогуу жасоо адатына айлантуу;
  • үй-бүлөлүк жаңы салттарды киргизүү: биргелешкен түшкү/кечки тамактануу, "балык күндөрү", пикник ж.б.,
  • пайдалуу продукттардан сосискаларды, жеңил закускаларды, колго тууралган эттен котлеттер менен жашылчаларды, чөптөрдү кошуп гамбургерлерди даярдоо;
  • мектепте ден-соолукка пайдалуу тамак-аш чөйрөсүн түзүү үчүн активдүүлүк көрсөтүү.

Тез-татым азгырыктары, теңтуштарынын кысымы жана денени туура эмес кабылдоо менен кантип күрөшсө болот? Кайсы бир продукттарды азыктарын колдонууга катуу тыюу салуулар жок. Калория көлөмү менен муктаждыктын ортосундагы тең салмактуулук принцибин сактоо маанилүү. Ошол эле убакта, баш тартуу же аларды колдонууну чектөө керек болгон "зыяндуу азыктар" бар. Бул коммерциялык жарым фабрикаттар, фаст-фуддар, колбаса, сосискалар. Бул продуктулардын курамында 30% ашык "жашыруун" майлар бар. Даамын чыгаруу үчүн аларды ыштайт, жасалма боёкторду, консерванттарды, даамдарды, даамды жакшырткычтарды, тузду көп өлчөмдө кошот.

Уйку

Өспүрүмдөргө физикалык активдүүлүк жана туура тамактануу менен бирге сергек уйку дагы абдан маанилүү. Сомнолог Владимир Пак, ар бир адам үчүн уйку маанилүү аспект болуп саналарын, жашоонун үчтөн бир бөлүгү уйкуга сарпталарын, калган 2/3 бөлүгүн адамдар кантип өткөрөт, уйкудан көз каранды экенин айтат.

"Өспүрүмдөр үчүн чоңдорго караганда уктоо убактысы маанилүү, анткени терең уйку фазасында организмдин физикалык гана эмес, интеллектуалдык жактан да өсүшүнө жана өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн соматотроптук гормон өндүрүлө . Өспүрүмдүн уйкусу канса, ага билим алуу жеңил болот, менталдык жактантез жана эффективдүү жетилет", - дейт адис.

Жакшы уктоо үчүн, бир нече пункттарды аткаруу керек:

  • уйкунун графигин сактоо, сөзсүз эле саат 21:00-23:00дө жатуунун кажети жок, бирок бир убакта жатып, бир убакта туруу маанилүү, ал эми өспүрүмдүн уйкусунун узактыгы болжол менен 9-10 саат болушу керек. Эгерде өспүрүмгө мектепке барыш үчүн саат 7:00дө ойгонуш керек болсо, анда ал 22:00дө уктоого тийиш;
  • уктаардан эки саат мурун гаджеттерди алып коюу сунушталат, тынч нерсени угуп, көрсө болот;
  • күндүзгү физикалык активдүүлүк ар дайым уйкуну жакшыртат;
  • акыркы тамактануу 2-3 саат мурун болушу керек.

Владимир Пактын айтымында, заманбап өспүрүмдөр кабылчу "социалдык джетлаг" деген түшүнүк бар, дем алыш күндөрү уйкуларын кандыра укташат, бирок жекшембиден дүйшөмбүгө караган күнү уктай алышпайт, эртең менен тура албай кыйналышат жана бул бир жума бою уланат.

"Ошондуктан дем алыш күндөрү дагы уйку режими абдан маанилүү. Адаттагы режимден бир саат кийин ойгонсо болот, бирок түшкү тамактанууга чейин уктап жата бербеши керек", - деп баса белгиледи сомнолог.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт