Биз ачка отурганда, атам ичип-жеп, "крутой" машине тээп жүрө берчү
Мен 20 жаштамын, атам кичине кезимен бери эле ичип, апама тынчтык бербейт, ага кошуп байкем экөөбүздү да сабап салчу. Тапкан акчасынын барын өзүнө коротуп, биз ачка отруганда "крутой" машине тээп жүрө берчү. Бир жолу байкем апама болушуп, атама тап берсе, атам милицияга арыз жазып салган.
Азыр 20 жаштамын, байкем үйлөнгөн, барыбыз бир турабыз, атам дагы деле ичет. Апама боорум ооруйт. Кээде үйдөн кууп салсакпы деп ойлоном, бирок жашай турган жерибиз жок. Ошон үчүн чыдап жүрөбүз.
Психологдон кеңеш алып бергилечи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Ушунча жылдан бери апаңыз ур-токмок жеп жатканына карабастан чыдап, атаңыз менен бирге жашап келсе, демек ал ушундай чечим кабыл алды. Ал бул ситуацияны өзгөртүүнү каалаган жок же эрки жеткен жок, ал үчүн мындай жашоо көнүмүш адатка айланган.
Тилекке каршы биздин менталитетке ылайык, бардыгына чыдап, зөөкүр күйөөсү менен көп жыл жашаган аялды “чоң эрдик” кылгандай кабыл алышат. “Ал бардыгына чыдап, бардык кыйынчылыкка туруштук берди” деп айтышат. Бирок бул жаңылыш жана эч кимге кереги жок пикир, стереотип.
Силер азыр бой жеткен, чоң адамсыз. Мындан аркы турмушуңуз кандай боло турганы сизден гана көз каранды. Ошого карабастан, эмнегедир күндө конфликт жаратып, уруш чыгарган атаңыз менен бирге жашоону тандап жатасыз. Сиз үчүн да бул нормага айланган окшойт.
Кыймылсыз мүлк туурасында юристтен консультация алсаңыз болот.
Эсиңизде болсун, ар бир адам өз бактысын өзү курат.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?