// //

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айткандарына ишендим. Ишеничим акталган жок

2020.05.04, 16:34
2703

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма төрт жыл болду. Бир кыз, бир уулубуз бар. Бирок экөөбүз эч эле ынтымактуу жашай албадык. Негизги көйгөй – ал кыздар менен сүйлөшөт.

Мен аны өзгөртөм деп күтпөстөн, өзүмдөн баштадым. Өзгөрүүгө бардык күчумду жумшадым. Аны туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айткандарына ишенип жүрдүм. Ишеничим акталган жок. Төрт жылда үч ирет ажырашып-жараштык. Жарашалы, өзгөрөм, деп убада берет, анан кайра эле баягы кейпин киет.

Негизи бардыгы жакшы. Кайын журтум түшүнүктүү, кудалардын мамилеси сый. Болгону экөөбуз келише албай койдук. Балдарды карбайт, мен да каралаш, акча бер, бизди бак деп ага көйгөй жаратпайм. Эмне кылсам? Бирге жашоого аракет кылсамбы, же жашабай эле койгонум оңбу?

Ата-энем алимент кестир десе да көнбөй койдум. Бага турган киши ансыз деле карайт, деп.

Мага кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2020, 16:38

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Бардыгын ирээти менен карап чыгалы:

  1. Күйөөңүз башка кыздар менен сүйлөшөт экен, сиз көйгөй өзүмдө окшойт деп, өзүңүздү өзгөртө баштадыңыз. Бирок, байкагандай, андан эч кандай майнап чыккан жок. Күйөөңүз эч качан өзгөрбөйт. Анын болгон турпаты ошондой. Ага сиз менен эмес, башка аялдар менен болгон кызыктуураак. А сиз качандыр бир кезде алма, помидорго айланат деп куру кыялданып жүрөсүз. Кандай дейсиз, бул кыялыңыз орундалабы?
  2. Күйөөңүз балдарды карабайт, аларга кам көрбөйт, деп жаздыңыз. Эмне үчүн андан акча сурабайсыз? Ал сиздин мыйзамдуу жолдошуңуз жана балдардын атасы. Балдарды кийинтиш, ичинтиш керек сиздин эле милдетиңиз эмес.
  3. Алимент кереги жок, деп жатасыз. Алимент өндүрүүнүн эмнесинен коркосуз? Дагы бир жолу эскертем, ал балдардын мыйзамдуу атасы, бул анын мыйзам чегинде каралган милдети. Балдар экөөңөрдүн аракетиңер менен жарык дүйнөгө келди. Демек жоопкерчилик да экөөңөрдө бирдей.

Эркек киши ар дайым өзүнүн керек экенин сезип турушу керек. Мисалы, сиз андан акча сурабайсыз, өзүнүн үй-бүлөсүнө керек экенин билбейт. Сизге жана балдарга бере турган акчасын башка кыздарга, аялдарга коротот.

Адатта ыңгайлуу, эч нерсе сурабаган, өзүнүн кызыкчылыгын акыркы орунга койгон аялдар бактысыз болот. Ойлонуп көрүңүз. Ийгилик!

 

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт