// //

Бөлүнөлү, десем кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

2020.04.09, 10:56
2983

Саламатсызбы. Мен кеңеш алгым келет. Үйдүн кичүү келинимин, бир уул, бир кызым бар, күйөөм жакшы адам. Кайын энемдин мүнөзү начар, канча аракет кылсам деле мени жактырбайт. Өздөрүн бай сезип, мени, ата-энемди кемсинте берет. Бардыгына чыдап, унчукпай келем.

Эми кайын агамдын үйүн биздин жаныбызга салабыз, деп пландаштырып жатышат. Учурда бир үйдө эки келин жашайбыз. Мүнөзүбүз такыр келишпейт, мага атаандашып, эрегишип турат. Биз батышсак да балдарыбыз чырдашып, уруша беришет.

Күйөөмө биз бөлүнөлү, өз алдыбызча жашайлы десем, кайын энем ынабай жатат. Силерди бөлбөйм, деди. Мен эмне кылышым керек? Чыдап жашашым керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2020, 10:58

Асель Баимбетова

Психолог

Өз алдынча жашабаганыңар аябай өкүнүчтүү. Сиз өзүңүздү үйдүн толук кандуу кожойкеси сезбей элесиз, бир жагынан кайын энеге баш ийүү керек, экинчи тарабынан келиндер ортосундагы атаандаштык кыйнайт. Ар бир аял өз үйүндө, өз үй-бүлөсү менен жашагысы келет. Мунун эч жаман жери жок, мен сизди толугу менен түшүнүп турам, каалооңузду колдойм.

Сиз эмне кылышым керек? - деп кеңеш сурап жатасыз. Бирок бул сиздин жашооңуз, анын кандай болушун өзүңүз гана чечишиңиз керек: баш ийүү, ыкташып кетүү, же болбосо бөлүнүү, өз алдынча тирилик кылуу.

Күйөөңүз үчүн бир туугандары, ата-энесинин жанында болуу абдан маанилүү окшойт. Илгеритен бери үй-бүлөлөр бирге жашап, бир үйдө бир нече муундун өкүлдөрү тирилигин өткөрүп келишкен. Күйөөңүз, кайын журтуңуз, үй-бүлөүн ушундай моделин туура көрүшөт.

Ал эми күйөөңүз өз алдынча жашоого көнөбү, кандай сөздөр менен өзүңүздүн абалыңызды түшүндүрүп, жеткиресиз, аны сизден башка эч ким айтып бере албайт. Анткени анын мүнөзүн, кыялын жакшы билесиз.

Өзүңүз тынч отуруп, бардыгын тең салмактап, таразага салып ойлонуп көрүңүз. Сиз үчүн эмне маанилүү, эмнеден баш тарта аласыз, эмнеге даярсыз?

Ийгилик.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт