// //

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

2020.04.15, 11:23
2784

Турмушка чыкканыма үч жыл болду, бир кызыбыз бар. Кайын энем негизи жакшы киши. Негедир ооруп калсам эле, кагынып-силкинип, уруш чыгаргысы келе берет. Өлүп баратсаң да иш кылып турушуң керек. Өзү анча деле көп оорубайм, 3-4 айда бир тура албай калган учурларым болот.

Күйөөм талаада иштейт, үйдө көп болбойт, кечинде чарчап келет. Бизге убактысы деле жок. Бирок, ооруп калсам, дары-дармегимди алып келип берет.

Ооруганда, кайын энем жаңжал салбасын деп, апамдын үйүнө кетип даарыланып келем. Негизи бул ситуациядан кантип чыксам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.04.2020, 11:23

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Сиз бул ситуациядан чыгуунун бир жолун тапкан экенсиз. Мындан башка дагы кандай амалдар бар, кырдаалга жараша байкап көрүңүз.

Бир нерсени эске алып коюңуз, улуу муундагы адамдар башка заманда өсүп, башка шартта тарбия алышкан. Ар дайым эртеңки күнү үчүн күмөн санап, коркуу сезими менен жашашкан. Канчалык ооруп, чарчап турсаң дагы эртеңки күндүн камын көрүп, иштеп, окууга милдеттүүсүң деп ойлошот.

Мунун бардыгы алардын мүнөзүнө, балдарына тарбия берүүсүнө өз таасирин тийгизип жатат. Алар өздөрүнө да, башкаларга да тынч отуруп, эс алуусуна уруксат бере алышпайт. Ар нерсеге сарысанаа болуп, тынчы кете берет, эч нерсе жасабай, токтоп калса эле жашоо бүтуп калчудай сезилет. Ошондуктан эч кимге ишсиз отурууга мүмкүнчүлүк беришпейт.

Кайын энеңиз өзүнө да тынч отуруп эс алууга же жакшынакай жатып алып дарыланууга мүмкүнчүлүк бербесе керек?

Сиз аны өзгөртө албайсыз. Болгону аны түшүнүү менен кабыл алып, ситуацияга көз карашыңызды өзгөртүңүз. Ал эми абалдан чыгып кетүү жолдорун сөзсүз табасыз деген ойдомун.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден дагы окусаңыз болот:

“Башкалар сонун эле эмизип жатпайбы, кандай эле сенден сүт чыкпайт?” деп урушат.

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт