// //

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

2020.07.13, 11:13
1846

Жашым 18де. Үйдө ата-энем жана байкелерим, медресеге кетесиң деп жатышат, а мен болсо экономист болгум келет. Медресе деле жаман эмес, өзүм намаз окуйм, куран жаттагам. Бирок жан дүйнөм экономист тармагында окууну каалап турат.

Мага кеңеш бергилечи, эмне кылышым керек? Үйдө бардыгы эле каршы болуп жатышпайбы. Алдын ала, рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.07.2020, 11:16

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Үйдөгүлөрдүн сизге талап коюп жатканы бир жагынан караганда: тарбия берүү, экинчи жагынан: жеке пикирди таңуулоо. Көпчүлүк кыргыз үй-булөлөрдө эне аркылуу сүйлөшүү жана оюңду жеткирүү салтка айланып калган. Мисалы атаңа же агаларыңа түздөн-түз айта албаган сөздөрдү апаң аркылуу айттыруу.

Эгер сиз үчүн өз каалооңду ата-энеңе жеткирүү жана ишке ашыруу маанилүү болсо, анда ачык эле сүйлөшүүгө аракет кылып көрүңүз. Сүйлөшүу аркылуу бир чечимге келип алсаңар болот.

Мисалы, экономист окуу жайына тапшырасыз, ал эми жайкы каникул учурунда медреседе окуйсуз, же болбосо түшкө чейин экономисттин окуусун окуйсуз, түштөн кийин медреседе, же иш күндөрү экономист, дем алыш күндөрү медресе. Кыскасы, түрдүү варианттарды карап, талдап, макулдашып көргүлө.

Бул бир жагы. Экинчи жагын алганда, бул сиздин жашооңуз, өзүңүз каалап турган нерселерди ачык айтууга үйрөнүңүз. Көпчүлүк ата-энелер баласынын ким жана кандай боло турганын аларга караганда жакшыраак билем деп, анын пикирин эске алып, сурап отуруунун зарылчылыгы жок, деп ойлошот. Бул жаңылыштык.

Өзүңүздүн каалооңузду жана жеке пикириңизди жеткирүүдө ийгилик каалайм!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт