// //

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

2020.05.12, 13:10
2496

Жашым 30дан ашса да шашпай калдым. Анткени мен күткөн нерсе, кыялдар бүттү. Жашоонун боегу эчак эле өчүп калгандай. Бирок мен да үйбүлө күткүм келет. Сенин үй-бүлөңө бүлүк салып коюу колдон келет, бирок мен андай адам эмесмин. Уятым, намысым жол бребейт.

Мени ушунчалык каргагансыңбы, эч эле жолум болбой атат, жумушуман айрылдым, дос күтүү да жок. Деги менин жашоом баш аламан! Жазамды болушунча тарттым. Дагы эмне кылышым керек, айтчы?!

Сага окшоп башка бирөүнү бат эле сүйүп калсам кана? Сени унуткум келет, бирок унута албайм.

Суроо: Акыркы жолугуу болмок, эмне кылсам? Чын дилимен бакыт тилейинби же жолукпай эле коеюнбу? Кандай аракет жан дүйнөмө пайда алып келет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.05.2020, 13:12

Эльвира Чокоева

Психолог

Сиздин катыңызды окуп, ар дайым курмандыктын позициясында тургандай сезилип жатасыз. Катыңыздын аягында, мындан ары эмне кылышым керек деген сурооңузга психологдон инструкция күтүп жаткандайсыз. Өзүңүздүн чечимдериңиз, жеке жашооңуз үчүн жоопкерчилик алгыңыз келбегендей.

Жумушум жок, досторум жок дедиңиз. Бир суроого жооп бериңизчи: сиздин тагдырыңыздын автору, кожоюну ким? Же каалаган адам келип, сиздин турмушуңузду билгениндей калчай береби?

Өзүңүздүн кайгырып жатканыңызды көркөмдөп, ырга салгандай жазыпсыз. Жан дүйнөңүздүн түпкүрүндө мындай абалдан ырахат алат окшойсуз.

Балким, балалыгыңыз оор өттү, балким ата-энеңиз менен мамилеңиз ойдогудай болгон жок. Балким, апаңыз абдан муздак адам болгон. Балалык кездеги механизмдер азыркы эс тартып калган жашооңузга да таасир этип жатат.

Ал эми сиздин сурооңузга чыныгы жоопту өзүңүз гана билесиз. Чечим кабыл алуудан коркпоңуз.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт