Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум
Мен 23 жаштамын, үй-бүлөм жок, бойдокмун. Алты айдан бери өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйүп келем. Анын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Өзүнүн айткандарына караганда күйөөсү бар болгону менен жоктой сезилет.
Жаман ойлобогула, ортобузда эч нерсе жок, болгону мен сезимимди ачык айткам, сүйлөшүп турабыз.
Канча аракет кылдым, бирок унута албай койдум. Көзүмө башка кыздар көрүнбөйт. Туура эмес болуп жатканын түшүнүп турам, бирок аны менен ачык мамиле кургум келет.
Аны балдары менен кошо алганга, баш кошууга даярмын.
Кандай кылышым керек?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Сиздин азыркы жаш курагыңыз ошондой, өзүңүздү изилдеп, кандай типтеги айымдар жагаарын түшүнө баштадыңыз.
Тагдырдын буйругу экен, сизден 15 жаш улуу айымга жолугуп, аны сүйүп калдыңыз. Бул үчүн өзүңүздү күнөөлөп, жемелөөнүн зарылчылыгы жок.
Жазгандарыңызга караганда ал сиздин сезимдериңизди, көңүл бурууңузду кабыл алды. Бирок бир олутту факт бар – анын башы бош эмес.
Ал айым сизге бир өңчөй жооп кайтарган жок. “Макул” - деп да айтпай эле, “жок” - деп да кесе сүйлөгөн жок. Демек, ал үчүн ушундай позиция ыңгайлуу. Сиздин сезимдериңизди кабыл алуу, бирок эч нерсени өзгөртпөстөн ошо бойдон калтыруу. Кыскасы эки отургучта отурган жагып жатат.
Биз анын күйөөсү менен мамилеси кандай экенин билбейбиз, балким алардын мамилеси убактылуу кризиске кептелип турган чагы. Балким, жөн гана жашоосун кызыктуураак кылууга умтулуп жатат. Бул болгону менин божомолдоолорум.
Эки адам бирге болуусу үчүн экөө тең алдыга кадам ташташы зарыл. Сиз өз тарабыңыздан бардык нерсени жасадыңыз. Балдары менен кошо алып кетүүгө даяр болгонуңуз, сиз үчүн бул мамиле канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.
Сиз сүйгөн айым тараптан азырынча жооп жок. Менин сизге бере турган кеңешим, ага да өзүңүзгө да убакыт бериңиз. Кырдаалдын өзгөрүшүнө байкоо салыңыз.
Бактылуу болуңуз.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?