// //

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтабыз? Психологдун кеңеши

2020.07.17, 11:25
2282

Саламатсызбы. Менин жүрөгүмдү өйүгөн бир суроом бар. Жолдошум менен ажырашып жатам, ортодо үч балабыз бар, улуусу 8 жашта. Балдарым мени менен калат.

Атасы экөөбүз мындан ары чогу жашабай турганыбызды кантип айтсам болот? Мындан ары балдарга кандай тарбия беришим керек?

Балдар атасы менен көрүшүп турушат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.07.2020, 11:26

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Ажырашуу - аялы менен күйөөсү үчүн эле эмес, ортодогу балдар үчүн да чоң стресс. Башкысы балдарыңыз менен өзүңөрдүн эмоционалдык санааларыңар менен бөлүшпөгөнгө аракет кылгыла. Алар психолог эмес, өзүн эмоционалдык жактан коргой албайт, сиздин кайгырып, капаланганыңыз алардын ден соолугуна, дегеле дүйнөнү, атасын кабыл алуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Өздөрүн башкалардан кем сезип, атам мени таштап кетти, деп аны жек көрөт. Же болбосо энеси аларды жалгыз тарбиялап жатканына арданышат, уялышат.

Өзүңүз колдоого, жардамга муктаж болуп турсаңыз, чоң кишилерге кайрылгыла, алар менен бөлүшкүлө, даттангыла, жамандагыла, кеңеш алгыла. Бирок, балдарга ортодогу мамиленин майда-чүйдөсүн айтып бербегиле.

Балдарга алардын келечектеги жашоосу кандай өзгөрө турганын ачык айткыла. Мисалы: биз атаңар менен ажырашып жатабыз. Бирок атаңар силер үчүн ар дайым ата-бойдон калат. Биз эки башка жашайбыз, атаңар бизге жардам берип турат, силер аны менен көрүшүп турасыңар. Мен кайгырып жатам. Бирок бул кыйынчылыктан чыгууга алым жетет. Атаңар дагы, мен дагы силерди жакшы көрөбүз.

Башка сөз менен айтканда, балдар ата-энесинин ортосунда бир көйгөй бар, аны өздөрү чечип алышат. Бирок алардын жашоосуна, коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок, бардыгы эске алынганын так билүүсү кажет.

P.S. Ажырашп жатканыңар абдан өкүнүчтүү. Азыркы заманда үч баланы жалгыз тарбиялоо оор. Мен сизге күч-кубат каалайм, бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт