Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп, сөз түшүнүп калышты
Мен сизден кеңеш сурайын дегем. Турмушка чыкканыма 10 жыл болду, ортобузда эки балабыз бар. Кызым 2-класс, уулум 5 жашта.
Акыркы күндөрү күйөөм менен мамилебиз келишпей, урушубуз көбөйдү. Адам болгондон кийин жылуулукту издейт экенсиң да, күйөөм ушунча жылдан бери чеке жылытаарлык сөз айткан жок.
Акыркы айткан сөздөрү катуу тийди, “ар ким менен жатып жүрөсүң да, эркектердн астына талпак болуп. Эки баладан деле күмөн санайм” – деди. Же мен бир ашыкча жака чыгып, кийинип, ичинсемчи? Куру жерден күнөөлүү болуп жатканыңа күйөт экенсиң.
Акча сурасам бербейт, ороңдоп коет. Болбосо, өзүм эле тытынып иштеп, кем-карчымды толуктап жүрөм. Балдарымды ойлоп, чыдап жашайын дейм, анан мындай көрүнүш кайра-кайра эле кайталана берет.
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп, сөз түшүнүп калышты.
Эмне кылышты билбей турам. Кеңеш бериңизчи?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатсызбы. Мен сизди жакшы түшүнүп турам. Чынында жылуу мамилесиз бирге жашоо оор. Анын үстүнө күйөөңүз негизсиз күнөөлөй берет, деп жатасыз.
Мен сиздин чыдамкайлыгыңызга, сабырдуулугуңузга суктанып жатам. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн улам-улам күйөөңүздү кечирип, айкөлдүгүңүздү көрсөтүп жатасыз.
Күйөөңүздү ачык сүйлөшүүгө чакырып, анын сөздөрү сизге катуу тийип жатканын жайдары айтып, жан дүйнөңүздүн абалын жеткирүүгө аракет кылыңыз. Башкысы урушпаңыз, кыйкырбаңыз, күнөөлөбөңүз.
Дагы бир жолу күйөөңүз сыйлаган, ага тийгизген таасири күчтүү болгон абройлуу адамга кайрылып, күйөөңүз менен сүйлөшүп көрүүсүн сураныңыз.
Үчүнчу жолу, психологго кайрылып, экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле эмне үчүн бул деңгээлге түшүп калды, эмне үчүн ал сизди күнөөлөп жатканын аныктоого аракет кылуу.
Сиздин сурооңузга мындай кыл же андай кыл деп бир беткей кеңеш берүү мүмкүн эмес. Ар бир адамдын жашоосунда көптөгөн жагдайлар, нюанстар болот. Аларды да эске алуу керек.
Түзүлгөн кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун сөзсүз табасыз деп ишенем.
Бактылуу болуңуз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден дагы окусаңыз болот:
“Башкалар сонун эле эмизип жатпайбы, кандай эле сенден сүт чыкпайт?” деп урушат.
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?