// //

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

2024.06.28, 22:04
354

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.

- Алгач киберкуугунтук эмне экенине токтолсок.

- Бул кадимки классикалык буллингдин көрүнүшү, болгону онлайн. Буллинг – бул системалуу түрдө жасалган психологиялык басым, куугунтук. Жашоодо адатта мектептерде жана университеттерде кездешет. Менин оюмча, жигиттер аскер кызматын өтөгөндө, ал жакта да болот. Бирок классикалык буллингден айырмасы - бул онлайн, интернет аркылуу болгонунда. Ал эми экинчи айырмасы, бул дайыма анонимдүү түрдө болот. Кыйынчылык мына ушунда жатат. Эгер классикалык буллинг иш-чараларга, мектепке же башка окуу жайларына барганда болсо, кибербуллинг бала же өспүрүм интернетте отурганда күнү-түнү болушу мүмкүн.

- Бул кандайча аныкталат? Шылдыңбы, басымбы? Жеке каттарданбы же коомдук мейкиндиктенби?

- Көбүнчө социалдык тармактарда өзүн көрсөтүүнү каалаган өспүрүмдөргө карата болот. Бул социалдык тармактарда же интернетте жарыялаган сүрөттөрдү, видеолорду же айрым постторду, билдирүүлөрдү, маалыматтарды жайгаштыруу. Көбүнчө бул капыстан айтылган сөз, ийгиликсиз сүрөт, экинчи тараптын көз карашы боюнча ийгиликсиз видео - мунун баары шылдыңдоого, кысымга, демонизацияга жана психологиялык зомбулукка дуушар кылышы мүмкүн. Кыргызстандын практикасында блогерлер буга көбүрөөк дуушар болушат. Дээрлик бардык блогерлер киберкуугунтук деп аталган бул шылдыңды башынан өткөргөн жана башынан өткөрүп жатышат. Бирок көбүнчө блоггерлер балдардан айырмаланып, туруктуу психикасы бар аң-сезимдүү чоңдор.

- Балдар көбүнчө күнү бою интернетте отурушат. Чынын айтсак, балдардын басыдуу көпчүлүгүнүн телефондору бар жана социалдык тармактардын колдонуучулары болуп эсептелишет. Алар канчалык көп киберкуугунтукка кабылышат, сизде кандайдыр бир статистика барбы?

- Тилекке каршы, расмий органдар мындай статистиканы жүргүзбөйт.

Бирок, менин билишимче, социалдык тармактарда активдүү отурган дээрлик ар бир экинчи мектеп окуучусу жана студент киберкуугунтукка кабылышат.Анткени балдар да, өспүрүмдөр да өз оюн туура түзүүгө, өз позициясын туура билдирүүгө үйрөтүлгөн эмес, көбүнчө ушундан жапа чегишет.

Мен билем, сүрөттөрүн жарыялоону жакшы көргөн кыздар киберкуугунтукка көбүрөөк кабылышат. Ашыкча салмактуулук, ашыкча боёнуу же алардын оюу боюнча туура эмес кийинүү көбүнчө шылдыңдоонун предмети болуп саналат. Ал эми сексуалдык ориентация маселелери, мисалы, киберкуугунтукта көп колдонулат. Эгерде бала туура эмес кийинсе, туура эмес боёнсо, же оюн туура эмес көрсөтсө, дароо ал жөнүндө шылдыңдай башташат.

Менин практикамда кодулоо көбүнчө өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоосун бузат. Бул абдан коркунучтуу. Башка тарап дээрлик дайыма анонимдүү иш-аракет кылат, аны ачыкка чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми муну болтурбоо үчүн ата-энелер ата-энелик көзөмөлдү жүргүзүп, социалдык тармактарга кирүүнү чектеши керек. Ата-эне баласына биринчи жолу гаджетти, телефонду бергенде сөзсүз түрдө сүйлөшүү жүргүзүүсү керек.

Күнүмдүк турмушта балдарга тиштерин туура жууганга, туура кийингенге, оюн туура айтканга үйрөтөбүз. Бала интернетти биринчи жолу колдоно баштаганда да ушундай кылуу керек.

- Кандай эрежелер жөнүндө сөз болуп жатат? Ата-энелер балдарына интернетти колдонуу боюнча эмнени үйрөтүшү керек?

- Ата-эне да, балдар да кибермейкиндик эмне экенин түшүнүшү керек. Биринчиден, ал жакта ар дайым эле позитивдүү боло бербеген чоңдор жана жеке кызыкчылыктары бар көп адамдар бар экенин түшүнүү керек. Ал жак караңгы көчөдө баскандай эле, эмне күтүп турарын эч качан билбейсиң. Биз аларга билдирүүлөрдүн санын азайтууга жана аларды ойлонуп туруп калтырууга үйрөтүшүбүз керек.

Албетте, балдарга жеке сүрөттөрдү жүктөбөнүү үйрөтүшсө жакшы болмок. Мисалы, аватарды кантип колдонууну, өздөрүнүн сүрөттөрүн эмес, мультфильмдердин каармандарынын сүрөттөрүн жайгаштырууну жана башкаларды үйрөтүп, мунун эмне үчүн зарыл экенин түшүндүрүп, баарын ирония менен кабыл алууга үйрөтүшсө болмок. Мындан тышкары, балдар кандайдыр бир алдамчылык аракеттердин субъектиси жана куралы болуп калышы мүмкүн экенин түшүнүү керек. Мунун алдын алуу үчүн, окутууларды жүргүзүү зарыл.

Бирок учурда ата-энени абийирдүү болууга чакырып, муну алардын гана мойнуна коюу кыйын иштей сезилет. Биздин коом абдан өзгөрдү, баалуулук багыттары өзгөрдү. Ал эми бул багыттагы иштерди онлайн окутуу, онлайн баарлашуу колдонулуп жаткан мектептерде, бала бакчаларда баштоо керек деп ойлойм. Дээрлик ар бир адамдын электрондук күндөлүгү бар. Интернетте жүрүм-турум эрежелерин, медиа сабаттуулукту үйрөнүү үчүн предметтерди киргизүү зарыл, бул үйрөнүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде социалдык тармактарды кантип алып баруу керектиги жөнүндө дагы маалымат болушу керек. Бул аракеттер бир жолку иш-чара болбошу керек, мындай тренингдер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү зарыл. Балдарга онлайн жүрүм-турумду, коомдук жүрүм-турумду үйрөткөндөй эле үйрөтүү керек.

- Бала киберкуугунтукка кабылбаш үчүн интернетке эмнелерди чыгарбашы керек?

- Жеке менин кеңешим: жеке мүнөздөгү сүрөттөрдү, өзүңдүн сүрөттөрүңдү, ата-энеңдин сүрөттөрүн жана башкаларды жарыялабоо. Табияттын, жаныбарлардын, оюнчуктардын сүрөттөрүн жүктөсөң болот. Бирок кээде баланын кол өнөрчүлүгү да шылдыңдоонун предмети болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, классикалык, стандарттуу нерселерди жарыялап койгон жакшы.

Көбүнчө балдар сүрөттөрүн өздөрүн жарнамалоо же оюн билдирүү үчүн жүктөбөйт. Алар айланасындагылардын баары өздөрүнүн сүрөттөрүн чыгарып жатканын көрүп, эмне үчүн мен өзүмдүн сүрөтүмдү чыгарбасам болбойт экен деген ой пайда болот. Андыктан аларга мындай кылбай эле койгону жакшы экенин түшүндүрүү керек. Үйүңдүн дарегиңди көрсөтпө, псевдоысымдарды колдон деп айтуу керек. Анонимдүүлүк элементтери менен, жок дегенде, ушундай жол менен идентификацияны азайтса болот.

- Санариптик из деген нерсе бар экен. Менин түшүнгөнүм боюнча, бул нерсени азайтуу керек, туурабы?

- Ооба. Мисалы, мен өзүм ушундай кырдаалдан жабыр тарткам. Балам азыр 16 жашта. Ал беш жыл мурун үйдө видео тартып, аны интернетке чыгарган. Биз ал кезде балабыз ар кандай социалдык тармактарды колдонууну үйрөнүп, аларга катталып, көптөгөн катталуучу чогултканга жетишкенин билген эмеспиз. Муну кантип байкабай калганыбызды дагы деле түшүнбөйм. Ошентип, балабыз биздин мышыкты видеого тартат. Ал жерде кандай коркунуч бар эле дегенде – арткы планда ата-эне эмне кылып жатканын, үй шартын көрүүгө болот эле. Анан балабыз менен көпкө сүйлөшүүгө, кандай коркунучтар бар экенин түшүндүрүүгө туура келди. Кийин мындай нерсе кайталанган жок.

- Бул маселеде ата-эненин ролу чоң экен. Ата-энелер баласын киберкуугунтуктан коргоо үчүн эмне кылышы керек?

- Эгер киберкуугунтук болуп өткөн болсо жана ата-эне психосоматикадагы өзгөрүүлөрдү, баланын депрессияга түшүп калганын байкаса, абдан тез реакция жасоо керек. Биринчиден, балага эч нерсени жашырбастан, эмне болуп жатканын, экинчи тараптагы адамдар аны менен кантип иштешет, эмне үчүн мындай кылышканын түшүндүрүңүз. Бала шылдыңдоонун объектиси эмес, кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоонун куралы катары каралып жатканын айтыңыз. Ал эми баланын өзүн-өзү баалоосун жогорулатуу үчүн муну көрсөтүү керек.

Бул баланы дароо интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу керек дегенди билдирбейт. Мындай кылуу ишти ого бетер начарлатат. Келечекте мындай жагдайлардан кантип кутула аларын түшүндүрүп берген жакшы.

Менин кеңешим: өзүңдү коргоонун эң жакшы жолу – бул, биринчиден, куугунтукка алган адамдарга көңүл бурбоо. Мен ата-энелерге кеңеш берет элем, Алгач өздөрү үйрөнүп, андан кийин балдарын интернеттеги чексиз чабуулдарга көңүл бурбоо керектигин үйрөтсө. Экинчиден, мен балам менен аккаунтту дароо тазалап, коопсуз болуш үчүн анын кандай болушу керектигин түшүндүрүп бермекмин. Ошондо бала куугунтуктун объектиси болгон учур менен интернетте өзүн туура алып жүргөндөн кийинки терс көрүнүштөр азайган кырдаалдын айырмасын сезет. Бала өзү түшүнө баштайт: интернетте мындай жүрүм-турум кылса коопсузураак болорун.

- Социалдык тармактарда ата-эне менен балдар бири-бирине катталуу болушу керекпи? Бул көзөмөлдөөнүн бир түрү болгону менен, өспүрүмдөр жеке мейкиндик каалайт эмеспи.

- Мен муну сунуштабайт элем. Чоң балдарым социалдык тармактарды колдоно баштаганда, алар мага, мен аларга катталгам. Биз бири-бирибизди карап турчук. Бирок акырында мен туура эмес реакция берип, комментарий жаза баштадым: Эмнеге ал жакка бардың? Муну эмне үчүн тарттың? Ошондо балам менден катталууну токтотууну суранды, анткени ал чындап эле өзүнүн жеке мейкиндигин коргогусу келген. Анан мен тааныштарымдан, досторумдан, анын курактуу туугандарынан анын аккаунтуна катталууну сурандым. Мен дагы эле алардын сын-пикирлеринин жана жоопторунун негизинде балама ушинтип көз салып турдум. Бирок мен муну кичүү балдарым менен кайталабоону чечтим, ошондуктан алар менен мага жеңилирээк: мен аларга катталгам, алардын эмне кылып жатканын, кандай кылып жатканын карап турам, бирок мен аларды дароо сындабайм. Алар менен тынч сүйлөшүү керек.

- Бул аракеттердин таасири болобу?

- Таасири болот. Сиз баланын туура, коопсуз постторуна суктанып, мисалы, колдоо көрсөтүүңүз керек, мисалы, лайк басып.

- Биз киберкуугунтукка кабылган бала, анын жүрүм-турум эрежелери тууралуу сүйлөштүк. Тескерисинче, ата-эне баласы буллинг жасаган, жакшы эмес билдирүүлөрдү тараткан жана башка колдонуучуларды таарынткан адам экенин билгенде эмне кылуу керек?

- Буллингге кабылган балдардын ата-энелери мектепке келип, буллинг жасаган бала менен оффлайн режиминде күрөшө баштаган учурлар болгон. Алар жетишерлик катуу чараларды көрүүнү талап кылышат. Башкача айтканда, ата-эненин өзү психологиялык жактан тең салмактуулук абалын жоготуп, агрессивдүү аракеттерди жасай баштайт. Албетте, биз дароо мындай кылбоону, биринчи кезекте балдары менен сүйлөшүү ж.б.у.с. Сунуштайбыз. Көбүнчө буллингди жакшы эмес же толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары жасайт. Үйдө кандайдыр бир кысымга кабылып, агрессияга кабылган балдар дагы буллинг жасашат. Бул жол менен алар өздөрүнүн психологиялык көйгөйлөрүн башкалардан чыгарышат. А бул жерде ата-энеңе барып сүйлөшүү керек деп айтуу өтө кыйын. Мындай учурларда ата-эне менен жөн эле сүйлөшүү пайдасыз экенин түшүндүм. Биз алардын баласынын буллинг жасаганын аныктаганыбызды эскертишибиз керек. Ал эми мындай жүрүм-турум улана берсе, жоопкерчилик балага гана эмес, анын ата-энесине дагы жүктөлөт.

- Демек, укук коргоо органдарына кайрылса болобу?

- Ооба, бул биринчиден. Экинчи жагдай, буллинг жасаган адам менен иштешүү үчүн психологдорго кайрылуу керек. Бирок менин практикам көрсөткөндөй, чоңдорго караганда балдарга буллинг жасагандар алда канча аз. Баары балдар таш боор экенин айтышса да, эмоцияналдык жактан таптакыр башкача. Бирок, көпчүлүк учурда буллингди - бойго жеткен, аң-сезимдүү адамдар эле жасаганы, алар үчүн белгилүү бир сандагы адамдарды көзөмөлдөө жана аларды манипуляциялоо абдан маанилүү экени белгилүү болгон. Максаттар ар башка - акча табуу, маалыматтарды алуу же жөн эле коркутуудан ырахат алуу. Бирок дүйнөлүк статистика балдарга буллинг жасагандардын саны алда канча аз экенин көрсөтүп турат.

- Баланын социалдык тармактардагы аккаунту ачык болушу керекпи же жабык болушу керекпи?

- Мен албетте аккаунт ачууну 16-17 жаштан жогорку колдонуучуларга сунуштайт элем. Ага чейин аккаунтту жабык калтырган жакшы. Анткени бул жашка чейинки балдар интернетте иштөөгө психологиялык жактан даяр эмес. Менин ата-энелерге кеңешим: бала кырдаалды көзөмөлдөп, интернеттин психологиялык мейкиндигинде багыт ала аларын билгенден кийин, 16-17 жаштан кийин гана аккаунтун ачууга уруксат бергиле.

- Кыргызстандын мыйзамдары жагынан балдар киберкуугунтуктан корголобу?

- Биз бир топ түрдүү мыйзамдарды кабыл алдык, бирок кабыл алынгандын баары иштей элек жана иштебейт. Анткени учурда Кыргызстанда балдарды терс көрүнүштөрдөн коргоо чарасы катары колдонулуп жаткандын баары цензурага көбүрөөк окшошуп кетет. Биздин өкмөт өзүнө жоопкерчилик алган, ал өзү ата-эненин ролун аткара алам деп эсептейт. Чынында, иш жүзүндө биздин мыйзамдар цензура катары иштейт, бирок алар киберкуугунтукту азайтууга эч кандай натыйжа бербейт.

- Кыргызстанда санариптик кодексти кабыл алуу талкууланып жатат. Биздин маселени жөнгө салган кандайдыр бир берене барбы?

- Санариптик кодексте балдардын интернеттеги жана маалымат мейкиндигиндеги маалыматтарын коргоо боюнча атайын чаралар каралган. Муну биз караштырганбыз, бул демек, буга чейин эч жерде болбогон жаңылык. Эми бул иш жүзүндө кандай болоорун изилдеп көрүшүбүз керек.

Чындыгында, жазалоочу чараларга караганда, алдын алуу чаралары каалаган натыйжаны бере аларына ишенем. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, жазалоо чаралары киберкылмыштар менен гана эмес, экстремизм менен да иштебейт. Алдын алуу натыйжалуураак.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт