// //

Эрте курактагы нике. Көйгөйлөр жана чечимдер

2024.06.27, 12:02
258

Эрте курактагы никеге бир топ кылымдар бою дүйнөлүк көйгөй бойдон калууда. Тилекке каршы, көптөгөн мамлекеттердин мыйзамдарынын өзгөрүшү, эл аралык конвенциялардын кабыл алынышы көйгөйдү толугу менен жок кыла албады. Кыргызстан да четте калбады. Эрте курактагы нике - бул тараптардын бири кеминде 18 жашка чыга элек убакта курулган нике. Көпчүлүк учурда мындай нике аялдын экономикалык көз карандылыгына, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылуусуна, ал тургай энелердин өлүмүнө алып келет.

Кыргызстандын Конституциясында нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турган адамдардын өтүнүчү боюнча эркектер менен аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашпаган кыскартууга болот.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө ар бир төртүнчү аял 17-19 жашында турмушка чыгат. Бул статистикага кирген учурлар гана. Чынында Кыргызстанда жашы жете элек куракта турмушка чыккан кыздардын саны көп, анткени мындай никелер көп учурда катталбайт, жазадан качуу үчүн дин тараптан нике кыюу менен гана чектелет.

Нике (мусулмандардын үйлөнүү тою) 2019-жылдан баштап паспорт менен гана өткөрүлүшү керек. Бирок, дин боюнча никени каалаган имам кыя алат. Демек, Мусулмандардын дин башкармалыгына баш ийбеген имам деле нике кыйса болот болуп калат. Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн мечиттердин болушу мыйзамды айланып өтүүнү каалагандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүдө.

Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулуу үчүн жакшы эле жылчыктар бар экенин эске алганда, эрте куракта никеге турууну калктын билим деңгээлин жогорулатуу жана аң-сезимин өзгөртүү аркылуу гана жоюуга болот. Билим берүү боюнча эксперт Айнура Чолпонкулова жана психолог Мария Самсонова Kaktus.media"га эрте куракта никеге турууну кантип алдын алса болорун жана үй-бүлө курганга чейин эмнеге даяр болуу керектигин айтып беришти.

Билим - эрте куракта никеге турууга жана зордук-зомбулукка каршы калкан

Айнура Чолпонкулова, Кыргыз Республикасындагы Fulbright Ассоциациясынын президенти, карьералык билим берүү боюнча консультант жана бизнес-тренер, сертификатталган ICF коуч, Кыргыз Республикасындагы ICF бөлүмүнүн директорлор кеңешинин мүчөсү:

- Көпчүлүк учурда эрте куракта никеге туруу кыздардын билим алуусуна, карьера куруусуна терс таасирин тийгизет. Алар көбүнчө үй-бүлөлүк милдеттерине жана бала багыш керек болгондугуна байланыштуу окууларын үзгүлтүккө учуратышат. Өздөрүн башка чөйрөдө өнүктүрө албай, үй иштери менен гана алектенүүгө мажбур болушат. Кыздар күйөөлөрүнө көбүрөөк көз каранды болуп калышат: өз алдынча чечим кабыл ала алышпайт же кесиптик жактан өнүгө алышпайт.

Турмушка чыккан кыз окууга мүмкүнчүлүк алса дагы, күйөөсүнүн жанакайын-журтунун чектөөсүнө кабылат. Ал жолдошунун жана анын ата-энесинин макулдугу менен кесип тандайт. Коомдогу патриархалдык стереотиптердин негизинде ага бир кыйла аялдык кесип таңууланат. Мисалы, хирург, инженер, программисттин жумушуна караганда мугалимдик кесип аялга ылайыктуу дешет.

Эрте куракта никеге турган кыздарга болгон керектөөчүлүк мамиле аларды өз каалоосу боюнча кесип тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, ал эми билимдин жоктугу аларды көптөгөн тармактарда аялуу абалга алып келет. Бул аспектилердин баары өзүн-өзү баалоону төмөндөтөт жана кыздарды азыркы жана келечектеги көз карандысыздыктан ажыратат.

Эрте куракта никеге туруу = экономикалык көз карандылык

Эгерде кыздын билими же кесиби жок болсо, эрте курактагы нике анын экономикалык өз алдынчалыгын олуттуу түрдө чектейт.

Биринчиден, кыз күйөөсүнөн материалдык жактан көз каранды. Анын кирешесине таянат жана өзүнүн киреше булагы жок болот.

Экинчиден, билими жана адистиги жок кыз аз айлык менен квалификациясы жок жумуштарда иштөөгө мажбур болот.

Үчүнчүдөн, билими жок кыздын каржылык башкаруу жөндөмү да жок. Мындан улам ал каржылык туруктуулукка ээ болбой, башкаларга көз каранды бойдон калат.

Акыр-аягы, кызда анын киреше булактарына терс таасирин тийгизген карералык преспективалары жок.

Мамлекет, үй-бүлө, мектеп жана бүтүндөй коом кыздардын экономикалык жактан көз карандысыз болушу жана жашоосунда өз алдынча негизделген чечимдерди кабыл алуусу үчүн билим жана практикалык көндүмдөрдү алууга түрткү бериши керек.

Алгач карьераны, андан кийин үй-бүлөнү пландаштырабыз

Кичинесинен тарта карьераны пландоо эркек балдар үчүн гана эмес, кыздар үчүн да маанилүү. Биздин патриархалдык матрицада кыздар бала кезинен эле үй-бүлөлүк жашоого жана эненин ролуна, ал эми балдар толук кандуу карьера курууга даярдалат. Биз өнүккөн жана билимдүү коом болгубуз келеби? Андай болсо, кыздардын жана эркек балдардын социалдык ролдору жөнүндө гендердик стереотиптерге карабастан, балдарыбызга мектептен баштап карьераны пландоо үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек.

Мамлекет кыздар менен балдарга билим алууда, карьерада бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылышы керек. Бул жерде Кыргызстанда гендердик стереотиптерди төмөндөтүүгө жана кыздарды STEM кесиптеринде (STEM - англ. science, technology, engineering and mathematics – табият таануу, технология, инженерия жана математика) жана ишкердикке колдоо көрсөтүүгө багытталган программаларды бөлүп көрсөтүү маанилүү. Аларды өлкөнүн деңгээлинде кеңейтүү жана колдоо керек.

Мектептер кыздардын так, табигый илимдерге, медицинага жана инженерияга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Бул үчүн мектептер коммерциялык эмес билим берүү сектору менен өнөктөштүктө кесипке багыт берүү программаларын ишке ашырып, окуучуларга ар кандай кесиптерди үйрөнүүгө жана аларга кандай көндүмдөр жана билимдер керек экенин жана алар үчүн суроо-талапты түшүнүүгө жардам берсе болот.

Кыздар эркек балдар сыяктуу эле биринчи кезекте мектептен баштап келечектеги кесибин, каржылык эркиндигин ойлошу керек. Эрте курактагы нике жана аялдын социалдык ролун балага мөөнөтүнөн мурда таңуулоо - бул орто кылымдарга жана жакырчылыкка кайтуу.

Жакшы билим жана финансылык туруктуулук менен курулган нике - бактылуу үй-бүлөнүн жана жашоонун сапатынын көрсөткүчү. Кызы бар аң-сезимдүү ата-эне өз баласына ушундай келечек каалайт деп ойлойм.

Жыныстык тарбия берүү уят эмес!

Толук кандуу мектеп, атайын орто жана/же жогорку билимден тышкары, жыныстык өнүгүү жана ден соолук жаатындагы билим талап кылынат. Көптөгөн кыздар денеси кандай түзүлгөнүн, кантип иштерин билбей туруп эле турмушка чыгышат. Буга жыныстык тарбиянын жоктугу таасир этет.

Жыныстык тарбия берүү жана турмуштук көндүмдөр боюнча курстар эрте курактаникеге туруунун алдын алуу чараларынын бири болушу мүмкүн.

Эрте куракта никеге туруу кыздардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Өспүрүм куракта, физикалык өнүгүү толук калыптана элек болгондуктан, кош бойлуулук жана төрөт учурундагы кыйынчылыктардын коркунучу бир топ жогорулайт.

Жашы жете элек кыздар көп учурда ара төрөлгөн бала төрөшөт. Эрте куракта никеге турган кыздар өнөктөштөрүнүн сексуалдык жана физикалык зомбулуктарына көбүрөөк дуушар болушат. Алар психологиялык жана физиологиялык жактан үй-бүлөлүк милдеттерге даяр эмес болгондуктан, эмоционалдык кыйынчылыктарга, стресске, ал тургай депрессияга кезигет.

Бул жагынан алганда, жыныстык тарбия билим берүү курстары өспүрүм кыздарга репродуктивдүү система, контрацепция жана социалдык-маданий аспектилер: гендердик ролдор жана стереотиптер сыяктуу биологиялык аспектилер жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берет. Коомубузда ""уят" деген түшүнүк өкүм сүргөндүктөн (ар бир адам бала кезинен муну угуп чоңоет, коомдун пикири боюнча жыныстык тарбия жөнүндө сөз кылуу уят), эрте куракта никеге турган жашы жете элек кыздардын көбү күн сайын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирет.

Эмне үчүн бойго жеткенге чейин, кээде андан кийин да турмушка чыгууга даяр боло албайсың

Эрте куракта никеге туруу жөнүндө кеп болгондо, дээрлик ар дайым билим, жыныстык тарбия, социалдык көндүмдөр жана каржылык көз карандысыздык маселелери көтөрүлөт. Бирок үй-бүлөлүк мамилелерди курууда тараптардын психологиялык даярдыгы эң негизги ролду ойнойт.

Мария Самсонова, психолог:

- Эмоционалдык жактан жетиле элек адамдар баш кошуп жатканда өздөрүнүн жетишсиздигинин ордун өнөктөшү толтурса деп каалашат.

Мисалы, жаш кыздар карьера куруп, билим алуунун ордуна, жолдошу аларды белгилүү бир деңгээлде каржылык жактан камсыз кылат деп, турмушка чыгууга ашыгышат. Ал эми жубайы бул талаптарды аткара албаса же мындай жоопкерчиликти көтөрүүгө даяр болбосо, чыр-чатактар, түшүнбөстүктөр жаралат.

Же жаш жигиттер күнүмдүк тиричиликтеги бардык жоопкерчиликти жубайы өз мойнуна алышын каалашат, өнөктөштүккө киргиси келбейт, үй жумуштарына, мисалы, тазалоо, тамак жасоо же балдарды тарбиялоо сыяктуу нерселерге катышууну каалабайт, өзүнө кам көрүү жөндөмүн өнүктүрүүнүн ордуна, келинчегин ал каалагандай эмес жасап жатканын айтып күнөөлөшөт.

Же жаш жигит аялын ийгиликке жетиши үчүн жетиштүү түрткү бербегени үчүн күнөөлөгөн учурлар кезедешт, а чындыгында өнүгүүсүнө жана белгилүү бир максаттарга жетүүсүнө тоскоол болгон өзүнүн психологиялык кыйынчылыктарын өзү чечүүнү каалабайт.

Ийгиликтүү мамилелерди өнүктүрүүнүн ачкычы - бул өзүңдүн муктаждыктарыңды канааттандырууну үйрөнүү жана жетишпеген көндүмдөрдү өз алдынча же адистерден же сага жакшы таасир этүүчү башка эмоционалдык жактан жетилген адамдардан колдоо издөө аркылуу өнүктүрүү болуп саналат

Үй-бүлө куруу үчүн эң жакшы мотив – психологиялык даярдык

Биздин социалдык-маданий чөйрөбүздө жаштардын баш кошууга, балалуу болууга милдеттүү кылган белгилүү бир күтүүлөр бар, бирок бул учурда алардын үй-бүлө курууга психологиялык даярдыгы эске алынбайт. Мисалы, кыздан белгилүү бир жашка чейин турмушка чыгуу талап кылынат, ал курактан өтүп кетсе, анда анын бир мандеми бар. Бул жөн гана стереотиптер.

Социалдык кысымга туруштук берүүнү үйрөнүү абдан маанилүү. Көптөр мындай кысымга кабылуудан коркушат, ошондуктан соттолбоо үчүн нике курууга умтулушат. Бирок, бул үйлөнүү үчүн эң жакшы мотив эмес.

Үй-бүлө куруунун бирден-бир ийгиликтүү мотиви - бул эки тараптуу сезим жана психологиялык даярдык. Стереотиптердин басымына туруштук берүү үчүн, өзүңдүн багытыңды кармануу менен жеке баалуулуктар жана жашоо пландары жөнүндө чечим кабыл алуу абдан маанилүү. Кызды, өзгөчө секелек кызды өмүрлүк жубайын тандоого шаштырганга эч кимдин акысы жок. Анткени, ак көйнөктүн жана тойдун артында кыздан айланасындагылар эмес, анын өзү жашай турган күнүмдүк жашоо башталат.

Эмоционалдык жетилгендик кризистерден аман-эсен чыгуу жардам берет

Өнөктөштөрдүн эмоционалдык жетилгендиги - ийгиликтүү үй-бүлө куруу үчүн зарыл болгон параметр.

Чогуу жашоонун биринчи жылында түгөйлөр үй-бүлөлүк жашоого көнүү, жаңы милдеттерди бөлүштүрүү жана көбүнчө баланын төрөлүшү менен байланышкан мамилелериндеги биринчи кризиске туш болушат. Ар бир жубайдын өз өнөктөшүнөн күтүүлөрү бар.

Эмоционалдык жактан жетиле элек адамдар өнөктөштөрүн өздөрүнүн күтүүлөрүнүн алкагында кысууга аракет кылышат, анткени алар айырмачылыктардан жаралган тынчсызданууларга туруштук бере алышпайт, көбүнчө дисфункциялык жүрүм-турум стратегияларын: чыр-чатакты, манипуляцияларды, зомбулукту колдонушат.

Эмоционалдык жактан жетилген адам өзүнүн күтүүлөрү үчүн өзү жоопкерчиликти алып жана жоопкерчиликти өнөктөшүнө өткөрүп жибербестен, реалдуу эмес күтүүлөр менен байланышкан эмоцияларга туруштук бере алат.

Дал ушул көндүм жаштардын бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү улантып, айырмачылыктарды эске алуу менен кризистен чыгууга жардам берет, бул нерсе никеге чейин калыптанышы керек.

Дени сак мамиле курууга кантип үйрөнсө болот

Өнөктөш менен дени сак мамиле куруу үчүн, эч ким башка адамды өзгөртүүгө мажбурлай албасын түшүнүү абдан маанилүү. Өнөктөшүң андан күтүлгөн үмүттөрүңө туш келбегендигине туш болгондо, эмоцияларыңды таанып, алар менен натыйжалуу күрөшүүгө үйрөнүү маанилүү.

Башка адамды өзүң каалагандай алып жүрүүгө мажбурлагандын ордуна, төмөнкү суроолорду берген жакшы: "Азыр мага эмне болуп жатат? Эмнеге ачууланып же капаланып жатам? Бул эмоцияларды баштан өткөрүүгө өзүмө кантип жардам бере алам? Бул эмоциялар менин жүрүм-турумума кантип таасир этет? Бул жүрүм-турумум мамилени жакшыртабы? Өзүмдү мындай алып жүргөнүмү өнөктөшүм кандай кабыл алат?" Бул суроолор жашоодогу жана мамилелердеги ар кандай кырдаалдарга өзүңдүн реакцияңды түшүнүүгө жана жөнгө салууга, ошондой эле өнөктөшүңдүн реакцияларына түшүнүү жана урматтоо менен мамиле кылууга жана дени сак чектерди түзүүгө үйрөнүүгө жардам берет.

Активдүү угуу көндүмдөрүн өнүктүрүү: "Менин өнөктөшүм мага эмнени айткысы келип жатат? Бул эмнеге ал үчүн маанилүү? Мен мындан эмне кылсам болот жана мен үчүн эмне кабыл алынгыс же мүмкүн эмес? Канткенде башканын позициясын урматтоого макул боло алмаксың?"

Баш кошкондон же бала төрөлгөндөн кийин пикир келишпестиктер өзүнөн-өзү чечилип, өнөктөш өзгөрөт деген жаңылыш түшүнүк бар, бирок бул туура эмес. Адатта, тескерисинче болот: кризистик мезгилде бардык пикир келишпестиктер күчөйт. Андыктан, адам кийин өзгөрөт дебей, никеге чейин күтүүлөрдөгү бул айырмачылыктарды талкуулап, чечип алган жакшы.

Үй-бүлөлүк жашоодо бул жөнөкөй, бирок маанилүү көндүмдөрдү үйрөнгөндө, ыңгайлуу болот. Албетте, өспүрүм үчүн мунун баарын үйрөнүп, турмушта колдонуу кыйынга турат. Ошол себептен алар никеге даяр эмес!

Коомдун эрте курактагы никени нормалдуу кабыл алуусу - эң чоң көйгөй

Дагы бир орчундуу көйгөй – коомдун эрте курактагы никеге болгон нормалдуу көз карашы. Жашы жете электердин катышуусунда үйлөнүү той болгонун никеге туруп жаткандардын жакын туугандары гана эмес, достору, тааныштары, кошуналары, мектеп мугалимдери, милиция кызматкерлери да билишет.

Коом эрте куракта турмушка чыгуу бүтүндөй коомго жана бүтүндөй өлкөгө зыян келтирген кылмыш болуп саналат деген тыянакка келмейин, Кыргызстанда жубай болгон жашы жете элек кыздардын саны азайбайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт