// //

Карапайым жигитке турмушка чыктың деп баш тарткан атам кечирим сурады

2019.10.17, 17:21
6889

Мени эжелеримдей кылып ресторандан эмес, үйдөн узатышты. Атамдын “крутой” достору чакырылган жок. Кошуналарга, туугандарга деле кабар бербедик. Кыскасы, болушунча тоюмду жашырганга аракет кылып жатышты.

Баса, эмне үчүн экенин айтпай калган турбайымынбы. Мен тандаган жигиттин чөнтөгү жука. Анын айлык тапканы, биздин бир күндүк коротконубуз. Ата-энеси карапайым, статустары атам менен куда болууга туура келбейт.

Апам коштошуп ыйлады, атамды көргөн жокмун. Машинага отураарым менен дарбаза жабылды. 

Кайын атам музыка мугалими, мага пианинада ойногонду үйрөтө баштады. Кайын энем эшиктеги өсүп турган алмалардан таттуу токочторду бышырганды көрсөтүп берди. Ата-энемдин кылыктарын эстеп мага жаман мамиле жасашкан жок. Ушунчалык жүрөгү таза адамдар экен. 

Турмушка чыккандан бери атам мени менен такыр сүйлөшпөй калган. Бир туугандарым анда-санда жазып коюшчу. Байкуш апам эле кыйбады.

Кечээ Айдай эжем чалса таң калдым. Жолугуп сүйлөшөлү деди. Макул болуп үйүнө бардым. Жездем көрүнбөйт. Эмне болгонун сурасам, “ажырашканы жатам”,- деди. Атамдын бир “крутой” досунун баласына турмушка чыккан эле.

“Нургазыга күйөөгө тийгенден бери көз жашым тыйылбайт. Түндө келет. Кээде жөн келбей, ичип келет, катуу сөздөрдү айтат. Кайын энем мени теңине албайт. Ага деле мейличи. Бирок, кечээ жездеңдин мага колу тийди”,-деп ыйлап жиберди.

Эжемди кучагыма кыстым. Аябай сагынып калгам. Кийимдерин жыйнап, үйүбүзгө келдик. Өз үйүмдүн босогосун аттай элегиме бир жылдай болуп калган. Мына, мени узатканы шашкан дарбаза. Апам тосуп чыкты. Атамды сурадым. Бөлмөсүндө деди.

Бөлмөнүн эшигин акырын ачсам, атам ойлуу отуруптур. Чуркап кирип, мойнунан кучактадым. Колумду өптү.

“Кызым, атаңды кечир. Мен силердин жашооңорго аралашып туура эмес кылдым. Биз ата-энелер бала үчүн эмне жакшы болоорун билебиз деп жаңылышат экенбиз. Мына, эжең тигинтип үйгө кайра келди. Байкең, сен турмушка чыккандан кийин эле ажырашып кеткен. Экөөнө өзүм жубай тандап бергем. Балким, турмуштарына аралашпасам, жоопкерчилик өздөрүндө болуп, аягы жакшы бүтмөк. Эми минтип көздөрүн карай албай, өзүмдү кылмышкер сезип отурам. Кызым, атаңды кечир!”

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт