AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Курбум секонд – хендтен

Курбум секонд – хендтен, күйөөсү дүкөндөн кийинчү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бир ай өттү. Курбумдан ажырап калганыма дале ишене албай турам. Кечээ эле жаркылдап күлүп чай сунуп отурган. Бүгүн минтип кара жер кучактап жатат.

Курбум менен эч кимдин иши жок. Баары өз турмушу менен алышып жүрөт. Жадакалса, күйөөсү аны унутуп койгондой. А бечара курбум, өзүн арткы планга коюп, үй-бүлөм десе жанын берүүгө даяр эле.

Күйөөсү акчаны жакшы тапчу, бирок тапканын артыгын чыгарар эле. Солго басып, кол көтөрүп, айлап ичип дегендей. Курбум бардык кылыктарына чыдады. Экөөбүз кошуна турабыз. Күйөөсү жаңжал чыгарганда, түндөсү үйүмө баласын көтөрүп качып келчү. Эртең менен эч нерсе болбогондой жаркылдап күлүп жүрө берчү.

Бирок, муңдуу көздөрү баарын айтып турчу.

Бир кийимин беш-алты жыл кийчү. Байпагы жыртылса тигип алчу. Балдарына, күйөөсүнө дүкөндөн кийим сатып алчу, өзү атайын базарга түшүп, секонд-хендден кийинчү. “Ай, бир жакшынакай көйнөк сатып алчы” десем, “Мага ушу көйнөк болот, андан көрө үйгө бир нерсе алайын”, — деп айтаар эле.

Ооруп калса төшөккө жатчу эмес, 39 градус температура менен жумуш кылып жүрө берчү.

Кийин чоң там салышты. Күйөөсү акча эле алып келип бербесе, баарын курбум өзү бүтүрдү: усталарын тейлеп, курулуш материалдарын ташып, ичин толтуруп. Мына эми там той беребиз деп турганда, кырсык болуп кетти.

Эртең менен жолукканбыз. Дүкөнгө баратам деген. Каап, ошол акыркы көрүшүбүз экенин билсем кана! Жүрөгү кармап дароо жан бериптир.

Деги эле жүрөгүм ооруйт дечү эмес. Бул кабарды угуп алып эсим ооп кулап түштүм.

Бечара курбум, бир жакшы көйнөк кийгенге жетишпей кете берди. Ысык-суукта чуркап жүргөн тамына жашаганга үлгүрбөдү. Өкүнүчтүүсү, эч ким бул жакшылыгын билген жок. Күйөөсү бир айга жетпей башкага үйлөнүп алды.

Эмне үчүн биз аялдар үй-бүлөбүз үчүн өзүбүздү курмандыкка чалабыз? Курбумдан ажырагандан бери бул суроого жооп таппай келем.

Эльвира Чокоева, психолог

Урматтуу айымдар чынын айткылачы, өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды башкалардын комфорту үчүн курмандыкка чалган учур болду беле? Же жашооңуз толугу менен башкалардын көңүлүн алуудан жана көзүн кароодон турабы?

Азиялыктардын менталитетине ылайык, кыздарга бала кезинен бардыгына милдеттүү экени кулагына куюлат. Таарынычтар, айтылбай калган нааразычылыктар, көңүл калуулар жыл өткөн сайын чогулуп, депрессия, стресс, бактысыздыкка алып келет. Медициналык жактан алып караганда гормоналдык бузулууга, мастит, цистит, ангина, жүрөк оорулар, кан оорулар,  ж.б. түрдүү ооруларга себепкер болот.   

Мен эч кимди жеке керт башын ойлогон эгоист болууга үндөгөн жокмун. Болгону, адамдын жан дүйнөсүндө баланс болууга тийиш. Жүрөгүндө гармониясы бар адам гана бактылуу боло алат.

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

Силерге бир нерсени айтып коеюн: жакшы-ыңгайлуу аялдын образын түзүү үчүн өтө көп энергия жана ресурс кетет.

Ыңгайлуу экениңизди төмөнкү белгилерден улам байкасаңыз болот:

  1. Уруш чыгып кетүүдөн коркуп, жеке пикириңизди эч качан билдирбейсиз. Талашып отургуча, макул болууну эп көрөсүз.
  2. Атаңыздан, күйөңүздөн, уулуңуздан жеке өзүңүз үчүн бир нерсе алып берүүнү суранбайсыз. Андан көрө үйгө керектүү оокат алыш керек.
  3. Оорусаңыз жатып албайсыз. Себеби, сиз жок болсоңуз бардыгы токтоп калат. Тамак жасалбайт, кир жуулбайт, уй саалбайт, картошка айдалбайт…
  4. Келечекке план түзгөндө бардыгынын кызыкчылыктарын эске аласыз, өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз тууралуу унутуп каласыз, же акыркы кезекте эстейсиз.
  5. Башкалар сизге жаман, орой мамиле кылып жатса деле, анын кылык-жоругун актоого шашыласыз. Бардыгын түшүнгөн мыкты аялсыз да. Керек болсо “өзүм эле күнөөлүмүн” (унчукпай турбай) деген жыйынтыкка келесиз.
  6. Маанайыңыздын чөгүп турганын эч качан, эч кимге көрсөтпөйсүз. Калп болсо да жылмайып жүрөсүз.
  7. Башкалардын сунушунан баш тарта албайсыз, жок дебейсиз. Конокко чакырганда баргыңыз келбесе да таарынтып (же капа кылып) алуудан коркуп барасыз.

Мындай жүрүм-турум жашооңуздун бардык тармактарында бар. Көп иштеп, сизге тиешеси жок жумушту жасап жатканыңызды билсеңиз дагы, жетекчиден айлык акыны көтөрүп берүүнү сурана албайсыз. Өзүңүз чарчап же ооруп турсаңыз да курбуңуздун, туугандардын балдарын карап берүүгө (коногун тосууга, үйүн жыйноого) макул болосуз.  

Ар бир адам чынчыл болушу керек. Биринчи кезекте өзү менен өзү. Жан дүйнөсүндөгү баланс сакталганда гана бактылуу өмүр сүрө алат. Антпесе эки тараптуу калп айтуу болуп жатат:

  • өзүңуздү коомчулук талап кылгандай алып жүрөсүз ошондуктан башка кишинин жашоосун жашап жатасыз
  • өзүнүздүн ким экениңизди билбейсиз, каалоолоруңузду ишке ашырбайсыз.

Жыйынтыгында бардыгы бактысыз – сиз жана сизди курчап турган жакындарыңыз. Жеке каалоолорду орундатуу, бардык тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен мамиле куруу абдан маанилүү. Мындайда утулган тарап жок, бардыгы утушка ээ болот.

Өзүңүздү байкап көрүңүзчү? Бир күндө канча жолу жеке каалоолорду аткарып, канча жолу башкалардын талаптарын жасайсыз?

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, «муну өлгөнгө да алып барбайт» деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.