// //

Күйөөмдүн кимдер менен жүргөнү кызык эмес, мага акча берсе болду

2019.11.27, 11:26
3952

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кыз жандуу күйөөсү тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Гүлбайра: мен тактикамды өзгөрттүм

Күйөөм өзүн аябай карайт. Жумасына үч жолу спорт залга, дем алыш күндөрү бассейнге сууга сүзгөнү барат. Мода кууп кийинет. Акыркы маркадагы машина айдайт. Көтөргөн телефону айфон 11. Престиждүү бир фирмада иштейт. Мыкты экен деп ойлоп калдыңарбы? Шашпагыла, андай эмес. Мунун баары кезектеги сүйгөндөрү үчүн.

Кыз жандуу. Көздөрү ойноктоп турат. Колунан телефон түшпөйт. Сүйлөшүп жүргөндө эле бул адатын байкачумун. Баш кошсок өзгөрөт деп ойлодум. Андай болгон жок.

Башында ыйлап, ызы-чуу салып жүрдүм. Балдарды алып апама кетип калган күндөрүм да болду. Аркаман жалдырап келип, “экинчи кайталанбайт”,-дейт. Ишенип кечирем. Бир жума өтпөй кайра башталат.

- Эртең мага беш жүз доллар керек.
- Макул, картаңа которуп коем.
- Шубага да буйрутма берип койдум.
- Былтыр эле албадың беле.
- Аны өзүң кий же тигилериңе алып барып бер.
- ...
- Балдарды жеткирип барганда, мектебинин акчасын төлөп кой.
- Макул.
- Менин машинам эмне болду?
- Келатат. Чек арадан өткөндө байланышабыз дешкен.
- Такси менен жүрө берип тажап кеттим. Тездетчи.
- Макул.

Мен тактикамды өзгөрттүм. Азыр баарыңар мени табалашыңар мүмкүн. Бирок, эмнеге мен кайгырып, өзүмдү азапка салышым керек. Эки бала төрөп бердим. Келсе тамагы даяр. Кийимдери таза. Үй жыйналуу. Тигилерине берет. Мен эмне алардан кем бекем. Айтканымды аткарбай, сураган акчамды таап бербейби, үйгө кирбейт.

Өзү мени менен жашагысы келеби, талаптарымды аткарсын.

Түнкү саат үч.
- Ким?
- Бул мен.
- Айтканымды алып келдиңби?
- Ооба.
- Кир.

Ким менен качан болгонун жакшы билем. Бир айдан ашык сүйлөшпөйт. Бат-баттан алмаштырат. Кээде тигилери мага чалышат. Бейкапар айткандарын угуп, кайда барышы керек экенин көрсөтүп, телефонду коюп коем.

Түн. Күйөөм кезектеги сүйгөнүндө. Чоң эки кишилик керебетте жаздыкты кучактап  ыйлап жатам. Башымда бир гана ой. Мен туура кылып жатамбы?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Аялдар турмушка чыгып жатканда адамды өзгөртө алабыз деп ишенип, өздөрүн бардыгы колунан келген кудуреттүү адам катары эсептешет деп ойлойм. Бирок, үй-бүлө кургандан кийин эркек кандай болсо, ошол бойдон калат. Кээде терс тараптары дагы күчөйт.

Көп жылдан бери күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салып жүргөнүн билип туруп, ошол эле учурда никеде калып, тактикаңызды өзгөрткөнүңүздү эске алганда, демек, сизде экинчи пайда бар деп айтсак болот. Мисалы, үй-бүлөлүү аял деген статус, материалдык абал, балдардын атасы бар жана башкалар. Менин сизге айтаарым, психологго кайрылып, кеңеш алыңыз. Узак убакыт мындай абалда жүрүү, абдан алсыратат. 

Психолог Эльвира Чокоева менен Instagram аркылуу байланышсаңыз болот. @elvira_psiholog 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт