// //

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

2019.11.25, 16:01
14997

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Кээде окуянын чын-төгүнүн билбей туруп, сырттан тон бычып кесир сүйлөп коет экенбиз. Кээде деп коем, ар дайым эле ушинтебиз.

Уулум шаардагы жаңы конуштардын биринде үй салып жаткан. Буга чейин аялы жана үч баласы менен батирлеп жүрүшчү. Бир бөлмөсүн бүтүрүп шашылып кирип алышты. Балам менен келиним, "биз менен туруңуз",- деп суранып жатышат. "Үйүңдү толук бүт анан барам",- деп мен болбойм. Азыр батирде турам. Абышкам өтүп кеткен. Эки кызым турмушка чыккан.

Базарда жашылча-жемиш сатам. Ысык-суук дебей отуз жыл иштедим. Балдарымды соодадан тапкан акчама үйлөнтүп-жайланттым. 

Ишенесиңерби, балам жер алып, үй сала баштагандан бери бара элекмин. Базардан кеч чыгам, конуш өтө эле алыс дегендей. Көчүп киришкенден кийин кабар алып келейин деп жөнөдүм. Үйүн араң дегенде таптым. Келиним дасторкон жайып күтүп отуруптур. Уулум жумушта экен.

Ысык чайын сунуп, тамагын тартты. Неберелериме алган белек-бечегимди бердим. Жакшы отурдук. Колумду жууйун деп сыртка чыгып баратып, очокто турган сыртты капкара казанга көзүм түштү. Келинимди чакырдым.

- Ай балам, могу казандын сыртын жууп койсоң боло! Кебетеси кантет? Ушуга кантип тамак жасап ичесиңер. Жийиркенбейсиңби? Качантан бери жуула элек экен! Эл көрсө эмне дейт!

Үнүмдү катуу чыгарып айттым. Келиним сөзүмдү бөлгөн жок. Мен бүткөндөн кийин, акырын гана:

- Апа, бул кошунанын казаны. Үч күндөн бери свет жок. Сизди келет дегенинен ысык тамак жасап берейин деп сурай калгам. Өзүмдүн казаным бул жакта.

Уялганымдан жерге кирип кетейин дедим. Кара казанды көргөндө келиним тууралуу эмнелерди гана ойлогон жокмун. Эгер бакырбай акырын гана сурасам, баары башкача болмок. “Кечирип кой балам” десем, келиним, “ой, апа эч нерсе эмес”,- деп кучактай калды. Кандай гана алтын келиним бар.

Канча жашта болбойлу, баарыбыз ката кетиребиз. Намыстангандын ордуна, моюнга алып кечирип сурап койгонду үйрөнсөк, сыйыбыз артат экен деген ойго келдим. Ушул жашка келгенде гана, сырттан туруп алып тон бычпаш керек экенин үйрөндүм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт