// //

Кайын энем шаарга кууганына кошуп, "жоолук салынбай эле кой" деди

2023.03.28, 17:40
5385

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Турмушка курбуларымдан эң акыркысы болуп чыктым. Элдердин айтымы боюнча “кара далы” болгондо. 

Чынын айтсам инстаграмдагы баракчалардан  ар кандай үй-бүлөлүк окуяларды окуп коркчумун. Анан да жаңылыктардан айымдарды кордогон, жанын кыйып салгандарды укканда турмушка чыгууну ойлогум дагы келчү эмес. 

Тааныганы, тааныбаганы деле “качан турмушка чыгасың?”, “быйыл турмушка сөзсүз чык”, “кара далы болуп кеттиң”, “эр албай калат” дей берчү. Башында жиним келип, аларды көргөндө алыстан каччумун. Кийинчирээк көңүлгө албай, укпай калгам. 

Жолдошум менен таанышканда жакын адамымды тапкандай сезилди. Көптөн берки таанышымдай сүйлөшүп, ага бат эле ишенип калдым. Бир жарым жылдай мамиле куруп баш коштук. Ошол учурда бир дагы жолу түшүнбөстүк болуп, урушкан жокпуз. Экөөбүз тең чоңоюп, түшүнүктүү болуп калганы үчүнбү же чыныгы сүйүү үчүнбү билбейм. 

Ал  беш бир туугандын кичүүсү. Кыргызда айткандай үйдө калчу, ата-энени бакчу бала. Мен аны түшүнүп, билип, айылга ата-эне багып жашоого макул болуп турмушка узадым. Бирок кайын энем менен атам бизди шаарды көздөй кайра кетирип жиберди. 

Арадан бир ай өткөндөн кийин, кайын энем чай үстүнөн кеп баштады:

- Ыя балам, силер шаарыңарга качан кетейин деп жатасыңар? 

- Иий, ооба, жумушуңар калып калды го, деп кайын атам сөзгө кошулду. 

- Апа, ата биз бул жака жашайлы деп келгенбиз. 

- Кой ботом, шаарда жакшы жумушуңар, өзүңөр каалаган жашооңор бар. Жубайың да шаарга көнгөн, ошол жака барып оокатыңарды кылгыла. 

- Силерди ким багат? 

- Эмне дейт ботом, баккыдай биз жаш бала эмеспиз, абышкама чайын берип, киймин жууганга дагы он жыл жарайм. (күлүп) 

- Улуу байкеңдин баласы биздикине келем деп жатат, ошол бизге караан болот. Силер сагындырбай келип турсаңар, биз барганда күлүп-жайнап тосуп алсаңар эле жетиштүү болот. 

Чынын айтсам таңгалдым. Ушунчалык түшүнүктүү адамдардын болооруна ишене албай турдум. Шаарга жолго камданып жатканда апам салаттын, вареньенин түрлөрүн салып коюптур. Анан да мага мындан кийин жоолук салынбай, ээн эркин эле жүрө берүүгө уруксатын берди. 

Мунун баарын курбуларыма айтсам, ооздору ачылып калды. Кайын энелери меникиндей болгондо эмне кылып салмак экендиктерин айтышты. Эрте эле турмушка чыгып, кайын эненин каарын көрүп, кыйналып күн көрүп жаткандарына өкүнгөнү дагы болду. Мүмкүн ичтери деле күйгөндүр. Мен болсо ичимден ыраазы болуп, кудуңдап олтурдум. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келиним ооруп жатам десе ишенбей, боорсок бышыртканыма катуу өкүнөм

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт