// //

Келиним ооруп жатам десе ишенбей, боорсок бышыртканыма катуу өкүнөм

2022.03.05, 14:41
18478

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Мендей дагы адам болобу? Мендей дагы кайын эне болобу? Аял болуп аялга күйбөгөн кандай жанмын. Кыздарым туруп, бирөөнүн кызына күйбөгөн кандай немемин? 

Бейтапкана. Бет аарчымды мыкчыган боюнча жер тиктеп отурдум. Колумда бет аарчы. Мынча мерезмин. Көзүмдөн бир жаш чыкпайт. Күнөөмдү сезип турам, бирок кабыл алалбай кыйналып турам. Демейде жанымда отурган балам алыста турат. Мен эмне кылып койдум. 

Курбуларымды күнөөлөсөм дагы болот. "Катуу карма", "каарыңды салып тур", "кайын эне дегенден коркушу керек", "жумуштан башын алдырба" ж.б. Ооба, келиним менден коркуп турчу, бирок сыйлачу эмес. Коркуу - бул жек көрүү. Сыйлоо - бул сүйүү.

Болбогон жерден бир нерсе таап күн сайын уруш чыгарчумун. Түндө дагы жөн уктатпай, толтура жумуш берип эртең бүтүп сал дегенимди эстегим дагы келбейт. Өзүмдөн уялып турдум.

Дарыгер чыкты. Балам экөөбүз чуркап бардык.

- Апа, жатып турайынчы, ооруп калыпмын.

- Эмне дейт! Конок келгени жатса, бейкапар жатат экенсиң да! 

- Апа, башымды көтөрө албай турам.

- Боорсокту ким бышырат! Келин деген оорубайт! Тур!

Кулап түштү. Боорсоктун баары жерге төгүлдү. Мен шок. Катуу корктум.

Дарыгер баары жакшы экенин айтты. Бирок бейтапканада бир-эки күн жатат экен. Мен кудайга рахмат айтып жаттым. 

Үйгө барып шорпо бышырдым. Анан келиниме алып жөнөдүм. Кирсем унчукпады. Улуу башымды жерге салдым. Күнөөм бар. 

- Кызым, кечир апаңды. Мен ар кимдин сөзүнө кирип сени катуу кыйнадым. Кетем десең кармабайм. Мен келиндин сыйын көрүүгө татыктуу деле эмесмин. Сен кулап түшкөндө, менин жашоо оодарылды. Мени кечир. Улгайгандын баары акылдуу эмес болот экен кызым. Уулум экөөңө тоскоол болдум. Төрүңөрдө чай ичип отурбай, ызы-чуу салдым... Мен, мен, ммммен... жаман... адаммын...

Ыйлап жибердим. Келиним акырын башын көтөрүп, "шорпо алып келдиңизби" деди. "Ооба" деп, шаша-буша пакетимден алып чыгып, чыныга куюп бере салдым. "Апа, мага ушул шорпоңуз жагат" деп жылмайды. 

Үмүт ...

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт