// //

Атам бербеген камкордукту күйөөмөн күтөм. Карантинде жалгыз калган кыздын баяны

2020.05.27, 11:42
2512

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Үй-бүлөм ар кайсы жакта чачырап жүрөт"

Бүгүн өзүмдү жаман сездим. Уктаган жокмун. Сүйүү жөнүндө сериал көргүм келди. Издеп бирөөнү таптым. “Мен сени көргүм келбейт!”, “Көзүмө көрүнбөй жогол!”, “Кет!” деген сөздөргө экрандын бери жагында турган мен чыдабай кеттим. Ыйладым. Эмне үчүн айтайынбы? Эркектин камкордугуна муктаж экенимден ыйладым. Канчалаган адамдардын жаман сөздөрүн жана мени арам оюна курмандык кылам дегендерди эстеп ыйладым.

Атамдын мээримин көрбөй чоңойгом. 

Карантинде баары үй-бүлөсү менен бирге болушту. А меники ар кайда: атам аялы, апам күйөөсү, байкем келинчеги менен. Бири-бирибизди түшүнө албайбыз. Ошон үчүн үйлөрүнө барган жокмун. Бир айдан бери жалгыз жашайм.

Өзүмдү кыйынмын дегеним менен ушунчалык алсызмын. Күн сайын кудайдан жакшы бир жигитке туш кылса экен деп тиленем. Бактылуу жана көп балалуу болгум келет. Балдарыма мээрим төккөн эне, жолдошума камкор аял болсом дейм. Күйөөм мага атанын, байкенин жана сүйүктүү жарымдын камкордугун берсе дейм. Ал күн дагы алыс эмес чыгар. Азыр ошол күндү гана күтүп жашайм.

Адис кеңеш берет

Мария Самсонова, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Өзүн-өзү изоляцияга алуу – аз да болсо бардык адамдарга алсыз жана жалгыз экенин сездирди.

Сиздин абалыңызга көптөгөн маанилүү факторлор себеп болгон:

  1. Уктабаганыңызды жаздыңыз, демек организмиңиз ресурста болгон эмес, мындай мезгилдерде көңүл чөгүп, кайгыга батуу болот.
  2. Меланхолиялык сериал, өзүңүздү кабылдоого таасир этти.
  3. Албетте, өзүн-өзү изоляцияга алуу шарттары сиздин кандай сезимде болгонуңузга чоң роль ойноду.

Бул факторлор топтому психикага терс таасирин тийгизип, өзүңүздүн алсыз экениңиз тууралуу ойлорду жаратты. Бирок күнүмдүк жашоодо дагы ушундайбы?

Өз алдынча жашайт экенсиз, демек жашооңузда көп нерсени өз алдынча эле чечүүнү үйрөнө алдыңыз. Бул факт алсыз экениңизди көрсөтпөйт. Сизде чындыгында күч-кубат жана кайраттуулук бар – ал сизге ушул убакка чейин кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берип келген.

Балким, жагдайлардын кысымы менен, алсыз эмес экениңизди көрсөткөн карама-каршылыктарды байкабай калгансыз, азыр алар жөнүндө ойлонуп көрүңүз.

Алсыздыгыңыздын корутундусуна каршы кандай жүйөлөрдү келтире аласыз? Колуңуздан жакшы келген жана өзүңүзгө толук ишенүүгө негиз бере ала турган нерселерди атаңыз? Андай нерселердин көп экенине ишенем.

Кичинекей кезиңизде атага жана коргоого муктаж болгонсуз, бирок кичинекей жана алсыз болгонуңузга карабастан татаал шарттарга чыдап, жашап кете алдыңыз. Учурда бойго жеткен, көз карандысыз, күчтүү, өзүңүзгө кам көрө алган, көйгөйлөрдү кантип чечүүнү билген адамсыз – эми азыр, сиз кыла албай турган бир нерсе барбы? Эгер ошол кезде, азыркыдай көп билим жана ресурстарга ээ болбой турганда колуңуздан келген, азыр келбей калмак беле? Эң аз дегенде, сиз өзүңүздүн ишенимиңизге татыктуусуз.

Жакшы апа жана жубай боло аласызбы? Жооп өзүнүздүн ичиңизде.

Өткөнүңүз келечегиңизди аныктабайт. Учур чагыңызга өткөн чакты таасир эттирип, ата-энеңиз кетирген каталары менен ууландырсаңыз болот же чекит коюп, өз баалуулуктарыңызга жараша жашооңузду курсаңыз болот. Чоңойгондо кандай болорубузду өзүбүз чечебиз. Бул өткөн чактын маселеси эмес, тандоо маселеси. Каалаган жашоону тандоого укугуңуз бар.

90-жылдардагы биздин муун сүйүүгө жана колдоого муктаж болуп чоңойгон, ата-энелерибиз жан багуу менен алек болушкан. Чындыгында, көпчүлүк адамдар жугумсуз чөйрөдө өскөн. Ата-эне менен баланын мамилесинен көпчүлүгүбүз жабыркадык. Бирок бул жакшы эне жана жакшы жубай болууга тоскоол болбойт.

Балалык чагы бүткөндөн кийин, андан аркы  жашоосу кандай болоорун адам өзү чечет.

Ата-энеңиздин каталары менен жашооңузду бузуп, өзүңүздөн күмөн саноону уланта бересизби же баарын артка калтырып, өзүңүз каалагандай жашоо курасызбы, тандоо өз колуңузда. 

Сиздин милдет - ата-энеңиз бере албаган жакшы жашоону өзүңүзгө берүү. Бактылуу болууга укугуңуз бар. Жөн гана буга ишениңиз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт