// //

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

2020.04.25, 15:22
14381

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Суранам, өзүң эле кетип кал"

Тиземди кучактап ыйлап кирди. Башын сылайын десем колум титиреп, кармап турган кесем жерге түшүп кетти. Итибиз шыйпаңдап, эмне кылаарын билбей ары-бери чуркайт. Сүйлөйүн десем эриндерим дирилдейт. Арбак көргөн немедей ордуман жыла албай катып калдым. Ар дайым оор басырыктуу жүргөн күйөөмдү биринчи жолу ушундай абалда көрүшүм.

Алмазым. Менин күйөөм, сүйүүм, коргоочум, колдоочум, досум, жан шеригим. Чогуу жашаган тогуз жылда кыпындай жамандык көрсөткөн жок. Жаныман өтүп баратып жүзүмөн сүйүп койгонду жактырат. Бирок, акыркы күндөрү менден качып, антпей калды.

Экөөбүз кечкурун сейилдегени чыгабыз. Балдардын аянтчасына барып, ойноп жүргөн бөбөктөрдүн кылыктарына суктанып отура беребиз. Мындан башка аргабыз жок, жараткан бизге бала ыраа көрбөй жатат.

Кыз-жигит болуп жүргөндө жети балабыз болот дейт элек. Ар бирөөнө ат тандап, эмнелер керек экенин жазып да койгонбуз. Алгачкы жылдары бир күнү болуп калаар деп күтүп жүрдүк. Бирок, балабызга деген бөлмө бош тура берди.

Бир күнү жумуштан суранып бейтапканага бардым. Анализдеримдин баары жакшы чыкты. Дарыгер “күйөөңдү ээрчитип кел” деди. Кечки тамак үстүндө дарыгерге көрүнгөнүмдү айттым. Уруш чыгарып, таарынат болуш керек дегем. Бирок, макул болду. Эртеси ээрчишип барып анализ тапшырдык. Көйгөй күйөөмдө экен.

Дарылануусуна төрт жылдай убакыт кетти. Укол ала берип, жамбашынын соо жери калган жок.

Бүгүн акыркы дарысын ичип, кайра анализ тапшырганы кеткен. Анан эле башындагы окуя болуп кетти.

“Мен сенин баласыз өтүшүңдү каалабайм. Мени менен жүрө берсең эне боло албайсың. Сен бактылуу болууга татыктуусуң. Башка бирөөгө турмушка чыгып, балалуу болушуң керек. Мени таштап кетип эле кал. Сени кое бергенге өзүмдүн эрким жетпейт. Кетип эле кал, суранам, суранам...”

Башын көтөрүп, көз жашын аарчып, көзүнө тике карадым.

“Мен сени сүйөм. Сага балалуу болуу үчүн эмес, калган өмүрүмдү сен менен өткөрүү үчүн турмушка чыккам. Жүрөгүмдү оорутуп, мындай сөздөрүңдү айтпа. Суранам, кет деп кубалаба. Мен сенсиз жашай албайм. Мына көрөсүң, этегибиз толо бала болот. Кудайым бизди унутпайт! Угуп жатасыңбы? Унутпайт.”

Демейдегидей жүзүмдөн сүйүп, кучагына бекем кысты.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт