// //

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

2020.04.17, 18:38
12356

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Күйөөгө тие элек жатып кайын сиңдимден коркуп калгам"

“Сени жамандайт”, “кийимдерин жуудурат”, “артыңдан аңдып турат”, “үйүңөн сөз ташыйт”,  “подстава” кылат”, “күн көргөзбөйт” ж.б. Турмушка чыккан курбу кыздарымдын айткандарын уга берип, “кайын сиңди” дегенди бир желмогуз сыяктуу элестетип калгам. Бара-бара жигиттер менен таанышканда “карындашың барбы” деп сурачу болдум.

Бир үйдүн жалгыз эркесимин. Айланамдагылар ак көңүл, өтө назик экенимди айтышат. Бирөө менен урушмак түгүл, үнүмдү катуу чыгарып сүйлөй албайм.  Анан элестеткиле, үлпүлдөп бир жерге келин болуп барсам, кайын сиңдим мени тирүүлөй жеп коет го. Апама бул оюмду айтсам, “койчу ай” деп күлүп койду. Бирок, чынында күйөөгө тие элек жатып кайын сиңдимден коркуп калгам.

Эгер чындап бирөөнү сүйүп калсаң бир эмес, он карындашы болсо деле сунушуна макул болот экенсиң. Кудай буйруп, күйөөмдүн бир эле карындашы бар экен. Коркунучтуу түшүм орундалып калбаса экен деп жаңы бүлөмдүн босогосун аттадым.

Кайын сиңдим ачык-айрым, тың кыз экен. Тыпылдап буюмдар кайсы жакта турарын көрсөтүп, үй-бүлөсүнүн сырлары менен бөлүшүп жатты. Иш кылып жатсам “жеңе чарчаган жоксузбу” деп улам жаныма келип сурайт. Кайын энем жокто “апам келгиче уктап алыңыз, мен идиштери өзүм эле жууй берем”,- деп, бүтүрүп коет.

Кайын энем жасаган жумушумду жактырбай, сүйлөнүп калса “ой апа, кызык эле адамсыз, жаңы келген неме кайдан билсин”, -деп, коргойт.

Бир жолу кайын энем эки жумага айылдагы туугандарына кетти. Кайын сиңдим “жеңе, апам келгиче байкатпай, үйүңүзгө барып келиңиз” деди. Ата-энемди сагынып жүргөн жаным, аябай ыраазы болдум. Кайын энем чалып мени сураса жумуш кылып жүрөт деп коюптур.

Кокус тамактын тузун өткөрүп алсам же нанды күйгүзүп жиберсем, "мен кылдым" деп күнөөнү өз мойнуна алат. Эмнеге андай кылганын сурасам, "мага унчуга алышпайт, а сизди өмүр бою жаман көрүп калышы мүмкүн",- деп, коет. 

Кыскасы, адамгерчиликтүү кайын сиңдиме рахмат айткым келет. Ал жок болсо, мен эмне кылмакмын, билбейм. Кайын энем менен тил табыштырган дал ушул кайын сиңдим. “Апама бул нерселер жагат, мындай болгондо жакпайт” деп баарын санап берген. Анын айткандарын аткарып, кайын энемдин көңүлүн бат эле табып кеттим. 

Күн сайын жатаарда кайын сиңдим жакшы бир үй-бүлөгө туш болсо экен деп, бактысын тилейм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт