// //

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

2020.04.29, 16:32
11659

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Бирде ток, бирде ач жүрүп ооруп дагы калдык"

Экөөбүз тең студент. Ата-энебизди укпай, үчүнчү курста баш кошуп алганбыз. Стипендиябыз 788 сом. Жердин түбүндөгү батирде жашайбыз. Университетке жетиш үчүн эки жолу “пересадка” кылуу керек. Таң эрте үйдөн чыгып кеткен боюнча, кечинде шалдырап келебиз.

Ата-энебизден акча сурагандан тартынабыз. “Ии, бизди укпасаңар ошондой болот”,- дей турганы анык. Жумушка орношолу десек, сабактарыбыз саат алты-жетилерде бүтөт. Анын үстүнө тажрыйбаңар жок деген шылтоо менен эч ким албай койду. Бирде ток, бирде ач жүрүп ооруп дагы калдык.

Кайын агам электрик болуп иштейт. Карапайым турмуш кечирип жүргөндөрдүн бири. Үч баласы бар. Аялы үйдө отурат.

Бир күнү үйүбүзгө кабар алганы келди. Чай коюп, катып отурган кара бөлкө наныма кошуп, өзү көтөрө келген дарбызды кестим. Уялганымды айтпагыла. “Акыры бир тууган байкеңмин, жардам сурасаң, жок демек белем”, -деп, күйөөмдү урушту. Кетип баратып беш жүз сом таштап койду. Жол киребиз жок, сабакка кантип барабыз деп отурган жаныбыз аябай сүйүндүк.

Эртеси  азык-түлүк көтөрүп келди. Батирдин акчасын төлөп, жол киреге тыйын таштап кетти. Үч баласынын үстүнө жүк болгондон уялып баш тарттык. “Силер ачка отурсаңар, кантип тынч уктайм”,-деп сөзүбүздү укпай койду. Кетип баратып, “айылдагы чал-кемпирге (ата-энебизге) айтпай эле койгула”,- деди.

Кайын агамдын жардамынан кийин окубузга жакшы көңүл бура баштадык. Университеттин алдыңки студенттери болбосок дагы, мугалимдерибиздин мактоосуна ээ болуп жаттык. Баса, айтам деп унутуп калыпмын, күйөөм экөөбүз бир группада окуйбуз.

Кайын агам бир да жолу жардам берип жатканын милдет кылбады.

Дипломубузду алып, жумушка орноштук. Биринчи айлыгыбыз колубузга тиери менен торт, майда-чүйдө көтөрүп алып кайын агамдын үйүнө жөнөдүк.

Кээде кайын агам болбосо, ажырашып кетет белек деп ойлоп коем. Анткени, акчанын жогунан, курсактын ачынан акыркы күндөрү уруша баштаганбыз. Сүйүүдөн курган кичинекей мамлекетибизди уратпай сактап калган кайын агама рахмат айткым келет. Бизге кылган жакшылыгын өмүр бою унутпайм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт