// //

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

2020.04.23, 14:28
19299

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Элдин айтканына ишенип, кайын энемди башкача элестетип жүргөм"

Кайын энем убагында чоң-чоң кызматтарда иштеген. Өтө билимдүү, көптү көргөн аял. Он бир туугандын жетинчиси. Кызыгы, көпчүлүк аны жактыра бербейт. “Көп сүйлөйт”, “акыл үйрөтө берет”, “каяктагы бир нерселер жөнүндө божурай берет”, деген сөздөрдү айтып жанына отургандан качышат.

Туугандары той-топурга, жакшылык-жамандыкка көп чакырбайт. Эгер чакырып калышса, коноктор, “бизди анын столуна отургуза көрбө”,- деп той ээсинен суранышат.

Кайын энемдин алты баласы бар. Өзү кичүү уулунун колунда. Мен ортоңку уулунун аялымын. Жаңы баш кошкондо айылда бир эле жума болуп, күйөөмдүн жумушуна байланыштуу шаарга жөнөп кеткенбиз. Ошондуктан, кайын энемди жакшы таанып биле албай калгам. Өзү дагы айылдан көп чыкпайт. Андыктан, элдин айтканына ишенип, ал жөнүндө башкача образ түзүп жүргөм.

Жайында үйгө дарыланганы конокко келип калды. Бир айга чукул жатты. Мен ал кезде иштебей, балдар менен алекмин. Эртең менен туруп чайын берем. Күйөөм доктурга алып барат, кайра алып келет. Алар келгиче тамак даярдап күтүп алам. Келээри- кеч жанымда жүрөт, сыртка чыксам кошо чыгат, кирсем кошо кирет дегендей. Жөн отурбайт, тамак жасасам бир нерселерди кармалаша коет.

Кыйынчылык эмне экенин билбей шаарда өсүп чоңойгон кызмын. Ата-энем дагы жаш, чоң энелеримди көрбөй калгам, кичинемде өтүп кетишкен.

Кайын энем түшүмө кирбеген нерселерди айтып берди. Согуштан кийинки жашоосун сүрөттөп жатканда, кадимкидей ыйладым. Элестеткиле, ал убакта жыгач пол жок, самандын үстүнө кийиз таштап коюп, кадимки эле топурак жерге жатышчу экен. Ручка жок, ал эми карандаш тартыш болуп турган кез. Бирөөсү сабагын жасап бүткүчө, экинчиси күтүп турганын айтканда, көзүм ачылып, ошол убактагы турмушту даана түшүндүм. Кандай сонун учурда жашап жатканыбызга тобо кылдым.

Кайын энемдин жанынан чыккым келбей калды. Ата-энеси, биринчи сүйүүсү, кайын-атама кантип турмушка чыгып калганы жана кичинесинде чарчап калган балдары жөнүндө айтып берди. Медицинанын жоктугунун айынан далай жакындарын жоготконун айтып бир сыйра жашыды. Кыскасы, кайын журтумдун тарыхын күйөөмө караганда жакшыраак билип калдым.

Көрсө, кайын энемдин айтып бергендерине маани бербей же уккусу келбей эле элдин баары кача беришиптир. А чынында, кайын энем ичине толтура маалымат, акыл, каада-салт, тарых камтыган чоң бир энциклопедия экен.

Карыларыбызды сыйлап, алардын айткан акыл-насаатына маани берип жүрөлүчү. Саналуу эле күнү калды го. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Д
Динара Маматбековна
14.06.2020, 13:30

Мыкты аңгеме болуптур....

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт