// //

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

2020.04.22, 13:01
18120

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катын жарыялып, психологдун жообун сунуштайбыз. 

"Апам небересин көргүсү келет"

Апам экөөбүз азык-түлүк алганы супер маркетке барганбыз. Көнгөн адат боюнча базарга эле түшсөк болмок экен. Конфет тандап жүрүп жездеме жолугуп калдык. Бизди карап, учурашпай басып кетти. Мен го мейли, апама боорум ооруду. Байкушум эмне кылаарын билбей, “кел муну ала берели”,- деп, алдактап калды.

Үч бир тууганбыз. Уулусу эжем, мен ортучусу, кичүүсү иним. Апам бизди жалгыз өстүрдү. Эч качан катуу сүйлөп урушкан эмес. Контрагыбыздын акчасын төлөш үчүн түнү менен иштеди.

Апам өзүнө эч нерсе сатып алчу эмес, биздин эски кийимдерди кийип алат эле.

Жездемдин ата-энеси бай. Бизди теңине албайт. Эжем үйгө келгенде чогуу кирбей, сыртта машинасында күтүп отура берет. Эжем дагы ага турмушка чыккандан кийин өзгөрө баштады. Мурдагыдай үйгө бат-баттан келбейт. Социалдык тармактарынан чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү өчүрүп салды. Апам чалса жооп бербейт. Жездем болсо көз көрүндү эле турбканы басып коет. Карыган апам кабатыр болуп, чалганын токтотпойт. Деги койчу, небересин көрсөтүшпөйт.

Апамдын ыйлап отурганын көрүп эжеме болгон жек көрүүм күчөп барат. Эжемден бул нерсени күткөн эмесмин! Апам бизди кантип чоңойтконун унутуп койгон сыяктуу. Айтыңызчы, эжеме туура эмес кылып жатканын кантип түшүндүрсөм болот?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Ооба, балдардын ата-энелерине болгон ушундай мамилеси кездешет. Биз мамиленин натыйжасын көрүп жатабыз, бирок, начарлоого сөзсүз кандайдыр бир себептер болгон, балким, бирөө эмес. Муну түшүнүү керек, антпесе мамилени оңдоого болбойт. Эгерде апаңыз эжеңиздин алдында кандайдыр бир ката кетирген болсо, анда ал кечирим сураса, авторитети ылдый түшпөйт, тескерисинче, урмат-сыйга ээ болот. Ошондо ал небересин көрө алат.

Эжеңиз нааразычылыгын, таарынчтарын билдирсе керек. Бизде энелер каалаганын сүйлөп, бардыгын жасай алаарына жана балдары чыдап, унчукпашы керек экенине ишенишет.

Эгерде эч кандай себеп жок болсо (бирок, бул мүмкүн эмес), анда күйөө баласы аялынын үй-бүлөсү материалдык жактан же үй-бүлөсүнөн төмөн абалда тургандыгын сыйлабайт. Бирок бул өтө сейрек кездешет, сөзсүз бир себеп бар. Күйөө бала ар кандай мамиле жасай бериши мүмкүн, бирок кызынын жакшы мамиледе болгусу келбей жаткандыгы чоң нааразычылыктын белгиси.

Сиз эмне кылышыңыз керек? Эжеңиз менен сүйлөшүүнүн жана аны тарбиялоонун кажети жок, мамилеңер начарлайт, сиз аны менен өмүр бою байланышып турасыз, кийин апаңыз жок болгондо дагы... Мурдагыдай эле сүйлөшө бериңиз. Эгерде апаңыз чыр-чатактын себебин түшүнүүгө жана мойнуна алууга даяр болбосо, анда аны ошондой эле калтырыңыз.

Балдар ата-энесин сүйбөшү, аны урматтабашы, таарынышы мүмкүн, бирок ата-энелерине жардам берип жана колдоп туруусу зарыл. Акыры, неберелери баарын көрүп турат, ал эми балдар ата-энелеринин күзгүсү. Убакыт келип, кыздын үй-бүлөсүндө трагедия болгондо же башка себептерден улам энесинин маанисин түшүнөт, анткени эне кандай гана болбосун, кабыл алат жана колдойт.  Чынында кээде өтө эле кеч болуп калат.

Сиз өзүңүз үчүн жыйынтык чыгарып, келечектеги үй-бүлөңүздө эки тараптын туугандары менен мамиле түзүүгө аракет кылыңыз. Башкалардын жана өзүңүздүн иш-аракеттериңиз баары сабак! Апаңыз менен отуруп, чырдын себептерин аныктаңыз. Үй-бүлөңүзгө тынчтык, апаңызга ден-соолук каалайм!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
T
Tynychbek Anarbaev
23.04.2020, 10:49

Кыргыз менен орустун менталитети эки башка. Орус психологдор кыргыздардын үй-бүлө мамилесин, туугандык мамилелерин каяктан билмек эле. Алар аны эч жерден окушкан да эмес, окуганга муктаж да болгон эмес. Бул котормо жооп кыргыздар үчүн ишенимсиз. Болгону ким бирөөлөр эч кандай пайдасы жок макала үчүн гонарар алышты. 
Kloop сайтынын изи менен бараткандайсыңар. Бирок алардын АКШ деген күчтүү хозяини бар экенин унутпасаңар. "Атка теңелем деп эшектин бели сынгандай" болуп жүрбөгүлө. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.04.2020, 19:29

Жок бул жерде эжениз озу турмуш куруп алгандан кийин, турмушун бузуп албоо учун алардын гана( кайын журтунун) ою менен болуп калганы. Окунучтуусу эжениз кеч тушунот. Эне, бир тууган керек экенин. Силерге ачык айтып тушундурсо, силер тушунбой коюшунар мумкун деп коркот. Эженизди жок дегенде моралдык жактан колдоп,оюн угуп тушунгонго,жардам бергенге аракет кылыныз. Уй булоосун бузбаганга аракет кылыныз. Куйоосу жаман болсо да,анын балдарынын атасы го. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт