Мектепке арты кыркылган көлөч кийип барып уят болгом. Боорду эзген окуялар
Bilesinbi.kg окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Бул ирет окуучулук күндөрдү эске салган баяндар менен тааныштырабыз. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
“Завучтун” буйругу
Бир күнү “завуч” эже бир мугалимди чакырып келгени жөнөттү. Барып чакырып жатканын айтсам, “мени жок экен деп койчу” деди. “Завучка” барып туруп, байкабай “жок деп койчу деп айтты” деп коюпмун. Эртеси эже “ушинтипсиң” деп күлгөн. mull3.1602
Арты кыркылган көлөч
8-класста окуйт элем. Чачым узун болгондуктан, чыга бериш жердеги күзгүгө алдында кечке таранып анан мектепке кетем. Бир күнү дагы ошентип, ак кофта, жакет кийип, ак бантик тагынып жуманын биринчи күнү сабакка жөнөдүм. Мектепке жеткенде окуучулардын баары мени карайт. Чоң класстын балдары каткырып күлүштү. Класска кирип кеттим. Сабак башталды. Доскага чыкканда анан айтышты. Ал учурда жыртылган көлөчтүн артын кыркып кийип алчубуз. Бутка аябай ыңгайлуу болчу. Ошону менен келиптирмин. Айла жок, алты саат көлөч менен жүргөм. al.tynai5769
Сумкасы жок окуучу
Үйдөн мектепке жетишим бир азап эле. Бир нерсени унутуп калган жокмунбу деп улам-улам үйгө кирип-чыга берген адатым бар болчу. Бир күнү окууга жөнөдүм. Ичимден бир нерсемди унуткандай боло бердим. Жарым жолго жеткенде артымда сумкам жок экенин байкадым. Көрсө, сумкамды салыштырып коюп, кайра аны унутуп чыгып кетипмин. kubatbekova729
Бугунун мүйүзү
Мектепте окуп жүргөн убак. Класстан ачык сабак өтүп жатканбыз, сахнада оюн ойноп. Мен ар дайым алып баруучу болот элем. Бир кыз бугу болуп, бугунун мүйүзүн башына тагынмак. Мүйүз артынан резинка менен байланат экен. Ал болсо алдынан байлап алыптыр, резинка кысып, ымыркайларга окшоп бети чоң болуп чыгып калыптыр. Мен аны көрбөй тургам. Карап алып токтоно албай күлүп кирдим. Залдагы көрүүчүлөрдүн баары мени карап турат. Канча аракет кылып токтойун десем дагы болбойт. Дем жетпей баштады. Карасам, бизди даярдаган эже дагы мага кошулуп күлүп жатыптыр. Бирок кийин классташымдан кечирим сурагам. Байкуш жоош болчу, “мм” деп эле койгон. aykow98
Каны жок өлүм
Окуучулук кез. Аябай шок кыздар элек. Бир жолу 8-мартка карата конкурска катыштык. Мен Уркуя Салиеванын, чоң, бойлуу кызыбыз каракчынын ролунда, мени келип бычактамак. Окшоштурабыз деп мен аппак көйнөк кийдим, пакетке кан жасап даярдап алдык. Сахнага чыгып аткарып жатабыз. Пакеттеги канды сахнага алып чыккыча пакети менен кошо түшүп калыптыр. Аткарып жатабыз. Бир маалда тиги кыз мага бычак такап эле турат. “Өлтүрбөйсүңбү?” деп шыбырасам, “Кан кана? Жанатан бери мойнуңду сыйпалап таппай жатам” деди. “Өлтүрө берчи каны жок”,-деп, зорго чыдап аткарып кирип кеткенбиз. Ушул окуяны эстеген сайын күлөбүз. sez.im00
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары
Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар
Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын
Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады
Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат
Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды
Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн