// //

ВИЧ менен жашаган адамдар ВИЧ жана COVID-19 тууралуу эмнелерди билиши керек?

2020.04.10, 13:56
2059

COVID-19 өтө кооптуу оору болуп саналат. Мындан улам ВИЧ менен жашаган адамдар коронавирустун адамдын организмине тийгизген таасирин азайтып, анын алдын алуу үчүн сунушталып жаткан бардык профилактикалык чараларды көрүүгө тийиш. “ВИЧ менен жашаган адамдарда COVID-19ду жуктуруп алуу тобокелдиги жогору же вирусту жуктуруп алган учурда мындай адамдар өтө катуу ооруйт” деген сөздөргө ынандырарлык далилдер жок экенин белгилейбиз.

Бирок бул ВИЧ менен жашаган адамдар COVID-19 вирусуна жеңил ойлуулук менен мамиле кылса болот дегенди билдирбейт. ВИЧ менен жашаган адамдар өзүн коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүшү керек. ВИЧ менен жашаган улгайган адамдарда, жүрөгү же өпкөсү ооруган ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адамдарда COVID-19 вирусун жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болушу мүмкүн жана оорунун белгилери курчураак билиниши ыктымал. COVID-19 дүйнө жүзүндө тез жайылып жатат. ВИЧ илдети да эл арасында жайылууда. Мына ушундай шарттарда ВИЧ менен жаңы коронавирустун ортосундагы биологиялык жана иммунологиялык өз ара байланышты түшүнүп алуу маанилүү.

COVID-19ду жуктуруп албоо үчүн ВИЧ менен жашаган адамдар жана калктын негизги топтору сакташы керек болгон негизги эрежелерди окуп чыгыңыз. Коопсуздук чараларын көрүңүз:

• Колуңузду самын менен тез-тез жууп туруңуз (40-60 секундадан кем эмес) же спирт кошулган дезинфекциялоочу каражат менен жууңуз (20-30 секунда).

• Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозуңузду жана мурдуңузду бет аарчы менен, же чыканагыңыз менен жабыңыз. Бет аарчыны колдоноор замат ыргытыңыз.

• Дене табы жогору болгон же жөтөлүп жаткан адамга жакындабаңыз.

• Ооруп жатсаңыз үйдө болуңуз.

• Эгерде чыйрыгып, жөтөлүп жатсаңыз же дем алганда кыйналсаңыз, жакында эле башка өлкөдө саякаттап келсеңиз, COVID-19 вирусу сиз жашаган райондо чыкса, чукул арада жергиликтүү медициналык кызматка, дарыгерге же жергиликтүү ооруканага жардам сурап кайрылыңыз. Дарыгерге же ооруканага бараардын алдында телефон чалып, эмнеңиз ооруп жатканын, жакында эле кайсы өлкөдөн кайтып келгениңизди айтып бериңиз.

• Эгерде ооруп жатсаңыз медициналык беткап кийип, башкалардын жанына жакын жолобоңуз. Соңку маалыматтардан артта калбаңыз.

• COVID-19 тууралуу маалыматтарга ээ болуу үчүн ишенимдүү булакты колдонуңуз.

Мисалы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтына кириңиз: https://www.who.int/emergencies/diseases/novel- coronavirus-2019. Даяр болуңуз!

• Сизде зарыл дары-дармектин запасы болушу керек. Эң жакшысы – 30 күнгө жана андан көбүрөөк убакытка камданып алыңыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ВИЧ менен жашаган адамдарга бери дегенде үч айга дары берүүнү сунуш кылууда. Бирок бул сунуш бардык өлкөлөрдө кеңири колдоого алынбай калды.

• Эгерде жамаатыңызда медициналык жана терапиялык жардам зарыл болуп калса, оорукана менен телефон аркылуу байланышуунун жолдорун аныктап алыңыз. Бул дарылоого антиретровирустук терапия, кургак учуктан дары-дармек (эгерде сиз кургак учуктан дарыланып жатсаңыз) жана сизде пайда болушу мүмкүн башка оорулардан дары-дармектер кириши ыктымал.

• Калктын өзөктүк топтору, анын ичинде маңзат колдонгон адамдар, секс-бизнес кызматкерлери, кумсалар жана башка эркектер менен жыныстык байланышта болгон эркектер, транссексуалдар жана абакта отургандар ВИЧ илдетин алдын алуу үчүн зарыл болгон каражаттар менен камсыз болушу зарыл. Мисалы, таза ийне жана/же орун алмаштыруучу опиоддик терапия, презервативдер жана байланышка чейин алдын алуучу каражаттар (PrEP). Ошондой эле бойдон болтурбоочу дары жана зарыл болгон гормоналдык терапия өңдүү башка дарыдармектердин запасы болууга тийиш.

• Айрым өлкөлөрдө узак мөөнөткө рецепт алууга жол берген саясат колдонулбайт. Ошол себептен дарыгериңиз менен мүмкүн болушунча тезирээк байланышыңыз. Медициналык кызматтарды көрсөткөндөр жана бул багытта чечим кабыл алган адамдар сизге бир нече айга негизги дары-дармектерди алуу үчүн рецепт бере алышы үчүн жамаатыңыздын башка мүчөлөрү менен кантип байланыша алаарыңызды ойлонуңуз.

• Социалдык карантин чаралары маалында бири-бириңерге кантип колдоо көрсөтөөрүңөрдү үй-бүлөңөр жана досторуңар менен талкуулап алгыла. Өз жамаатыңызда тамак-аш, дары-дармек, балдарга жана үй жаныбарларына кам көрүү өңдүү маселелерди чечип, альтерантивалык иш-чараларды талкуулаңыз.

• Жамаатыңыздагы башка адамдарга жардам бериңиз жана аларда негизги дарыдармектердин жетиштүү запасы болуп-болбогонун текшериңиз.

• ВИЧ менен жашаган адамдардын жергиликтүү түйүнү менен электрондук каражаттар аркылуу байланышуу жолдорун табыңыз. Коомдук саламаттык сактоо тармагы үйдөн чыкпоону талап кылса, же ооруп калсаңыз башкалар менен кантип байланыша аласыз – бул үчүн тиешелүү планды түзүп алыңыз. Өзүңүздү жана айланаңыздагы адамдарды колдоңуз

• COVID-19 вирусунун жайылуусу коркунуч жана тынчсыздануу сезимдерин жаратышы ыктымал. Ошол себептен ар бир адам өзүнө кам көрүп, жакындары менен байланышты үзбөшү керек. ВИЧ менен жашаган адамдар жана алардын жамааттары көп жылдардан бери бири-бирин колдоп, бул багытта мол тажрыйба топтой алышкан. Бул адамдар азыркы кризис маалында үй-бүлөлөрдү колдоо жаатында өзүнүн бай тарыхына таяна алышат.

Өзүңүздүн психикалык саламаттыгыңызга өзгөчө көңүл буруңуз:

► COVID-19 вирусуна байланышкан кабарларды тараткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын ашыкча таасиринен алыс болуңуз. Ишенимдүү булактардан гана маалымат алыңыз.

► Дене боюңузга кам көрүңүз. Терең дем алып, керилип, медитация жасаңыз. Туура тамактанып, спорт менен машыгып, уйкуңузду кандырыңыз. Мүмкүн болсо спирт ичимдиктерин жана маңзатты колдонбоңуз.

► Ачууга алдырбай, эс алууга убакыт табыңыз. “Терс эмоциялар да кетет” деп өзүңүзгө эскертип туруңуз. Эртеден кечке чейин жаңылыктарды окуп же угуп жата бергенден алыс болуңуз. Кризис тууралуу эч тыным албай уга берүү мээге күч келтирет. Кадыресе турмушка кайтуу үчүн өзүңүзгө жаккан башка иштер менен алектенгенге аракет кылыңыз.

► Башкалар менен баарлашып туруңуз. Ичинизде болуп жаткан сезимдерди досуңузга же үй-бүлөңүзгө айтсаңыз жеңилдеп каласыз.

Стигманы токтотуп, укуктарыңызды билиңиз

• Стигма жана басмырлоо COVID-19 вирусунун жайылуусун натыйжалуу токтотуу үчүн тоскоолдук жаратат. Расизм, стигма жана басмырлоо эпидемиянын очогунда калган топторго каршы багытталышы мүмкүн болгон учурда жашап жатабыз.

• COVID-19 вирусунун жайылуусунан улам сиздин жамаатта карантин жарыяланган учурда бул сиздин иш ордуңузга, медициналык тейлөөгө, сиздин жана балдарыңыздын билим алуусуна таасирин тийгизиши ыктымал. Өз укуктарыңызды билиңиз, сиз жана сиздин жамаат буга даяр болгонун текшериңиз. COVID-19 жана дарылоо

• COVID-19 вирусу жигердүү түрдө изилденип жатат. Ушул тапта ВИЧти дарылоо үчүн колдонулган антиретровирустук дарылар COVID-19ду дарылоо үчүн канчалык пайдалуу болорун аныктоо үчүн клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Дарылоонун башка көптөгөн ыктымал жолдору пландуу клиникалык сыноолордон дыкат өткөрүлүп жатат. Бул сыноолор аягына чыга элек. Ошол себептен антиретровирустук дарылар же башка дары-дармектер COVID19дан айыктырууда канчалык натыйжалуу болгонун айтууга азырынча эрте.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт