// //

Карантин учурундагы кош бойлуулук жана төрөт. Гинеколог айтып берет

2020.04.09, 09:48
2027

Карантин учурунда өзүңө кандай кам көрүү керек? Төрөт үйүнө блокпосттон тоскоолдуксуз өткөрөбү? Сырттан тамак алып келүүгө уруксат берилеби? Бул суроолорго Ош областынын энеликти  коргоо боюнча координатору, Ош Мамлекеттик университенин доценти, гинеколог Гульбара Ташиева жооп берди.

Карантин учурунда кош бойлуу келиндер өздөрүнө кандай кам көрүшү керек?

Карантин учурунда жалпы элге коюлган талаптардын бардыгын аткаруу зарыл. Ал эрежелерди бардыгы эле билип калса керек. Бул колду улам-улам жууп туруу, үйдү желдетип, таза кармоо, үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары адамдар менен контактка барбоо.

Эгер коронавирус көп катталган мамлекеттен келген адам менен же анын жакындары менен контакта болсоңуз, жашырбай эле доктурга айтып, текшерүүдөн өтүп коюу зарыл.

Төрөт үйүнө барарда эмнелерди эске алуу керек?

Толгоосу менен келген келинди дарбазадан тосуп алып, алып кирип кетип жатабыз. Коштоп келген жакындарына төрөт үйүнө кирүүгө азырынча тыюу салынат.

Төрөткө керектүү өзүңүздүн жана баланын кийим-кечегин алдын ала даярдап, жууп, үтүктөп алуу керек. Андан тышкары баланын көзүнө коюла турган эритромицин мазын жана электрондук градусникти жаныңызга алып алыңыз. Бул буюмдар ар бир келинде индивидуалдуу болууга тийиш. Себеби бири-бириникин колдонууга тыюу салабыз.

Карантин учурунда төрөт үйүндө кандай чаралар көрүлуп жатат?

Жогоруда белгилегендей, төрөтканага кире тургандардын санын кескин түрдө чектедик. Медициналык кызматкерлер жана төрөй турган келиндер гана кире алышат. Андан тышкары төрөт үйүнүн короосу жана ичи толугу менен дезинфекцияланып турат. Медперсонал, жана бейтаптар бардыгы маска тагынышууда.

Ал эми коронавирусун жугузган адамдар менен контакт болгон келиндерди башка эшиктен киргизип, өзүнчө бөлүмдөн төрөтүн кабыл алып жатабыз.

Дүйнө жүзү боюнча алынган статистикага ылайык, кош бойлуулардын арасында ооруну жугузуп алгандардын пайызы төмөн, ошого карабастан биз тиешелүү чараларды көрүп, бардыгына тест тапшыртып, текшерүүдөн өткөрөбүз.

Төрөт үйүнө баратканда блокпосттордон тоскоолдуксуз өтө береби?

Ооба, албетте. Чындап толгоосу башталып, төрөт үйүнө жөнөп баратса, блокпосттон тоскоолдуксуз өтө берет. Тилекке каршы, биздин эл муну туура эмес түшүнүп, кош бойлуулугунан пайдаланып, башка эле иштерин бүтүрүп жатышат. Урматтуу айымдар, силерге кайрылам: ден соолугүңарга кам көрүп, коопсуздукту сактап, карантин учурунда үйдө эле болуп тургула.   

Төрөт үйүнө жетүүгө унаасы жоктор, тез жардам чакырта алышабы?

Ооба, тез жардам кызматы учурда күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Толгоо башталаары менен дароо телефон чалып, тез жардам кызматын чакырткыла. Айрымдар бышырып алып анан барам, деп ойлошот. Андай кылган болбойт, төрөт үйүнө жетпей, жолдо көз жарышыңар мүмкүн. Абалдын мындай болуп калышы эне үчүн да, бала үчүн да кооптуу.

Эгер кан кетсе, дене табыңыз же кан басымыңыз көтөрүлсө, муундарыңыз шишисе сөзсүз доктур чакыртып, же ооруканага барыңыз.

Урматту айымдар эч нерседен коркпоңуз, паникага алдырбаңыз. Учурда гинекологдордун бардыгы байланышта. Аларга ар дайым телефон чалып консультация алсаңар болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт